Курманбек Бакиевдин режиминде Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары болгон Нурлан Темирбаевдин түрмөдөн бошотулушуна нааразы болгондор 28-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Алар Бакиевдин учурунда жооптуу кызматта иштегендердин айрымдарынын кайрадан жетекчилик орундарга келишин Садыр Жапаровдун «бакиевчилерге колдоосу» катары да баалашты. Жапаров адистер менен кызматташууда алардын кайсы режимде иштегенине карабай турганын билдирген.
«Апрелчилер» тынчсызданууда
«Таза коом», «Мекен шейиттери», «Айкөл Таза коом» сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар Нурлан Темирбаевдин түрмөдөн шарттуу бошотулушуна каршы.
«Бакиевдин кишисин эмнеге бошотушту? Бакиевдердин буйругу аткарылып жатат деп азыр далил менен айта албайбыз. Бирок бул жерде Беларустан шамал согуп жаткандай. Садыр Жапаров мындай «концертти» токтосун. Эгер бакиевчилер келчү болсо, биз болгон күчүбүз менен каршы чыгабыз», - деди «Таза коом» уюмунун өкүлү Усупбий Шеримбаев. Ал бийликтин эки чылбыр, бир тизгинин алган Садыр Жапаров «бакиевчилерди колдоп жатат» деп божомолдойт.
Мындай пикирге «Мекен шейиттери» уюмунун өкүлү Гүлмира Абдылдаева да кошулат:
«Садыр Нургожоевич, сизге суранычым бар. Биздин аталарыбыз, жолдошторубуз, балдарыбыз каза болду. Биз тарткан азапты сиз да тарттыңыз. Бизди түшүнүшүңүз керек. Нурлан Темирбаевдин эркиндикке чыгууга акысы жок».
Нурлан Темирбаев Кыргызстандын мурдагы президенти, 2010-жылдагы апрель төңкөрүлүшүнөн соң өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан Курманбек Бакиевдин режиминде Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары болгон. Ал кызматты Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев башкарган.
Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Нурлан Темирбаевдин өзүнүн жазган арызынын негизинде ишти карап, аны канааттандырган.
Темирбаевдин абактагы калган жаза мөөнөтү үч ай 20 күн деп эсептелген. Бул аралык сыноо мөөнөтү деп саналып, көзөмөл бекитилген. Ал пробация органдарын жашаган жери, жумушу тууралуу кабардар кылып, талап кылынган учурда келип, көрүнүп кетүүгө милдеттүү. Жашаган жеринен кыска убакытка башка жакка чыгуу үчүн уруксат алууга тийиш.
Мунун алдында басылмалар Темирбаевди бошотуу боюнча өтүнүчтү сотко ал жазасын өтөп жаткан №27 түрмөнүн жетекчилиги бергенин жазышкан. Соттун чечимине каршы эч ким даттанбаса, ал 10 күндүн ичинде күчүнө кирет жана соттолгон жаран түрмөдөн чыгышы керек. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул боюнча кенен түшүндүрмө бере элек.
Күмөн санаткан жаңы дайындоолор
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов мында Бакиевдердин түз эле катышы бар деген ойдо.
«Ал кишинин (Темирбаевдин) абактан чыгуу мөөнөтү жакындап калганы чын, аны мурдагы бийлик да бошотмок. Бирок коомдо нааразылык жаралышынан чочуп турушкан. Бүгүнкү бийликке Бакиевдин өнөктөштөрү келди», - деди ал.
Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда иштеген кишилердин айрымдарынын кайрадан жетекчилик орундарга келиши да ар кандай чечмеленүүдө.
Мисалы, 2007-2010-жылдары «Манас» эл аралык аэропортун жетектеген Бактыбек Сыдыков кайрадан ошол жерге директор болуп барды.
2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген Бектур Зулпуев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Бакиевдин тушунда Бишкектин мэри болгон Нариман Түлеев да кайрадан борбор шаарды башкарууга аракет кылып, бирок нааразылыктан кийин кетүүгө аргасыз болду.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Бакиевдин учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп, бирок кийин кызматтан кетип калган. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров болсо өзү 2010-жылга чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган.
Садыр Жапаров 27-октябрда КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналындагы маегинде адистер кайсы гана режимде иштебесин, мамлекеттин келечеги үчүн билими бар кишилер менен кызматташарын билдирген.
«Эскиби, жаңыбы, акаевчиби, бакиевчиби, атамбаевчиби, жээнбековчубу, ким болбосун, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн кеңеш сураганга акым бар», - деген Жапаров.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттык» уюштурган талкууда Бектур Зулпуевдин кызматка дайындалышына байланыштуу мындай деген эле:
«Акаевчил, бакиевчил, отунбаевачыл, атамбаевчил, жээнбековчил дегенди таштасак. Кесипкөй деңгээлине карайлы. Конкреттүү милдеттенме алсын, иштесин, аткара албаса кетет».
Бакиевчил деп камалгандар
2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Калгандарына сот өкүмү чыккан.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.
Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген.
Ушул тапта апрель окуялары боюнча Дунганов менен Темирбаев гана түрмөдө жазасын өтөп жатканы маалымдалган. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулган.
Бакиевдин режиминин тушунда киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчы Медет Садыркуловдун өлүмүнө Нурлан Темирбаевдин да катышы бар экени тергөө материалдарында айтылган.
Ал арада «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» төрагасы Сапар Аргынбаев Жапаров адегенде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын абалына кайрылып, аларды бошотууга аракет кылышы керек экенин айтып чыкты.