Баатыр Алымкулов чыгыш таануу жана журналистика адистиги боюнча окуусун аяктап, учурда Германияда билим алып жатат. "Кагаздагы эгемендүүлүк" кайрылуусунун автору:
- Германиянын Эрфурт шаарында окуйм. Дайыма Кыргызстандагы өзгөрүүлөр, өнүгүүлөргө көз салып жүрөм. “Азаттык” сынак жарыялаганын окуп калып, катышууну эп көрдүм. Германиядагы окуум да мамлекеттердин өнүгүүсүнө байланыштуу болгондуктан сынак мага жакындай сезилди.
Мен айрыкча динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин тажрыйбаларына кызыгам. Ошондуктан макаламда кээ бир өлкөлөрдүн өнүгүү жолун мисал келтирдим. Сынакка келип түшкөн башка макалалар менен да таанышып чыктым. Мага айрыкча Марат Эдигеевдин “Кыргыздын элети өстү, элитасы өсө элек” деген макаласы жакты. Өзүм кыргыз, орус тилинен башка англис, немис жана жапон тилдерин билем. Быйыл окуумду аяктадым.
Нуралы Арзыматов, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2-курсунун студенти. “Бейиштей жерде жашап, абийир саткан уят” кайрылуусунун автору:
- Мен бул кайрылуум менен кыргыз элине кыргыз-тажик айылындагы элдин, жерибиздин коопсуздугун жеткирейин дедим эле.
Эмне үчүн ошол өлкөбүздүн кээ бир аймактары дайыма кандайдыр бир коопсуз жагдайда жашашы керек? Мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу биринчи орунда болушу керек да. Дал ошол себептен улам мен макаламда мамлекеттин коопсуздугуна басым жасадым. Мына Атамбаев да 31-августтагы кайрылуусунда жакшы ачык сүйлөдү. Өзү элдин алдында чын сүйлөгөн жакшы нерсе.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өндүрүш Токтонасыров, укук оргоочу, жарандык активист. “Баба дыйкандай мээнет кылалы” видео-кайрылуусу үчүн кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду:
- “Азаттыктын” бул сынагы аябай пайдалуу жана кызыктуу болду. Менин элге айтайын деген оюм, баба дыйкандай болуп баарыбыз маңдай терибизди агызып мээнет кылышыбыз керек.
Азыр баарыбыз саясат менен убара болуп калдык. Элди тер агызып, мээнет кылып иштегенге чакырып кеттим. Айрыкча айыл чарбасы бизди багарын видео аркылуу жеткиргим келди.
Нурлес Маматов, соода экспедитору. “Кыялымдагы ажонун кайрылуусу” макаласы үчүн кызыктыруучу сыйлыкты жеңип алды:
- Негизи макалаларды карап чыксам баары эле маанай чөгө тургандай кылып жазышкан экен. Кыргызстан жок болуп баратат, өлүп баратат, чөгүп баратат деп. Эгемендик күнү президентибиз да өтө көп негативдүү сөздөргө басым жасады. Бир эле газ маселесине он мүнөттөн ашык убакыт коротту. Мен макаламда кыялымдагы өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстандын элесин бергим келди. Бир мезгилде менин ушул сөздөрүм, жазгандарым орундалып, президент болгон адам өнүккөн Кыргызстан тууралуу ушинтип айтса экен деп тилек кылып жаздым.