Кыргыз «кет» дебей, «кел» деген калк

Урматтуу кыргыз калкым! Борбордук Азиядагы эң байыркылардан болуп эсептелинген кыргыз элимдин эгемендүүлүктү алганына 23 жыл толду. Кыргыз элим эркиндикти, акыйкаттыкты сүйгөн, кең пейил, «кет» дегенди билбеген, ар дайым «кел» деп турган меймандос калк. Дүйнөнү Чыңгызхан кылычы менен багындырса, биздин Чыңгыз атабыз калеми менен багындырган. «…Кыргызга кызмат кылбасак, Туулбай туна чөгөлү, Тирүү жүрбөй өлөлү!..», - деп Айкөл Манас айткандай, ар бирибиз мекенибиздин өнүгүшүнө салымыбызды кошолу.

«Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат» деген кеп бар эмеспи элибизде. Эгемендикке ээ болгон 23 жыл ичинде Кыргызстан эки революция жасап, Баш мыйзамыбызды бир канча жолу өзгөрттүк. Ошентсе да өлкөбүз эгемендүүлүк жылдары көп нерсеге жетишти. Коррупцияга каршы күрѳшүү, экономиканы өнүктүрүү, айлык акыны көбөйтүү, айыл чарба, өндүрүш тармактарын жандандыруу иштери алга жылгансыды. Эми минтип парламенттик өлкөгө айландык. Тыйындын экинчи бети да бар дегендей эле, паракорлук деген нерсе өлкөбүздө тамырын терең жайган. Бул илдеттин тамырын түп - тамырынан бери кыркуу керек. Башыбыздан ѳткѳн каргашалуу окуялар байлык, бийлик талашуу эч качан жакшылыкка алып келбесин көрсөттү. Тарыхыбызда кетирген кемчиликтерибизди кетирбей, туура жолду тандап, каталарыбызды кайталабаганга аракет кылалы. Биргелешип ынтымакта иш алып барсак, кыйынчылыктын баарын жеңебиз. Теңир берген касиеттүү Кыргыз жерибизди сактап калуу ар бир кыргыздын улуттук ыйык милдети, ар-намысы жана акыл-эси. Туулуп-өскөн жерибизди сактайлы, эне тилибизди сүйөлү, кыргыздын улуттук каада-салтын бийик, ыйык туталы. Анткени, Кыргызстандын келечеги өз колубузда!

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 31-август - Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдык майрамы менен куттуктайм. Жерибизде тынчтык, бейкутчулук өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болуп, мамлекетибизде эркиндиктин туусу желбирей берсин!

Айпери Асанбекова