Бишкек шаардык соту 14-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган төрт кишиге карата чечим чыгарды. Ага ылайык, буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу үчүн Атамбаевди үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен 11 жылга кескен райондук соттун чечими күчүндө калды.
Сот органдары чечим тууралуу расмий маалымат тарата элек. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мындайча маалымат берди:
«Биринчи инстанциянын өкүмү толугу менен күчүндө калтырылды. Иш жүзүндө эч ким эч нерсени караган жок. Болгону биринчи чыккан өкүмдү формалдуу гана бекитип берип коюшту».
Адвокат мындан аркы иш-аракеттер шаардык соттун чечими колго тийгенден кийин аныкталарын кошумчалады.
Шаардык соттун соңку чечимине ылайык, Атамбаев менен бирге айыпталып жаткан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага райондук сот салган беш миллион сомдук айыппул да күчүндө калды. Экс-прокурор мамлекеттик чиндеринен жана наамдарынан ажыратылды.
Мындан сырткары райондук сот Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду күнөөлүү деп таап, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерген эмес.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, аны эки жылга эркинен ажыратууга өкүмү чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган эле. Шаардык сот Качкыналиевге карата буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.
Ошентип эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу абакта отурган мурдагы президентке карата сот чечими мурдагыдан да бекемделип, аны жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү азайды. Шаардык соттун чечимин Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери буга чейин айтып келгендей эле саясий буйрук катары сыпаттап жатышат.
Маселен, мурдагы президенттин адвокаттарынын бири Замир Жоошев бул иш боюнча Атамбаевдин гана камакка алынышынын өзү эле көп нерседен кабар берип турганын айтууда:
«Бул жерде «Алмазбек Атамбаевди камоо максатында эле жасалды» деп айтып атканыбыз далилденип отурат. Бул боюнча иш козголуп, тергөө менен келишим түзгөн адамдардын баары коррупция үчүн күнөөлүү деп табылганына карабай айыппул менен бошотулганы жатат».
Тергөө менен кызматташкандар айыпка жыгылды
Чынында эле Атамбаевге карата шаардык соттун өкүмү чыгардын алдында бул иш боюнча айыпталган жоон топ мурдагы жетекчилерге карата да сот чечими чыкканы белгилүү болду.
Алар Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча иште тергөө менен кызматташууга макул болгон. Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асановдун айтымында, тергөө менен кызматташкан 14 адамдын ичинен онуна акчалай айыппул салынды.
Тактап айтканда, Бишкектин Свердлов райондук соту гематология боюнча адис Ирина Цоповага, онколог-дарыгер Эмил Макимбетовго, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Канатбек Бектемировго, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекеновго, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган мурунку судья Жапар Эрматовго жана адвокат Али Касымовго 260 миң сомдон айыппул салган.
Ал эми ЖАМКтын кызматкери Акылбек Асановго, ЖАМКтын дарыгери Фархад Атаходжаевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атахановго, ЖАМКтын мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевге 300 миң сомдон айып салынды. Бул адамдардын баары журналисттерге байланышка чыгып, комментарий берүүдөн баш тартууда.
Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов мурдагы жетекчилерден турган дагы төрт адамга карата адамга учурда өкүм чыга элек экенин кабарлады:
«Мындан тышкары Динара Сагынбаеванын (мурдагы саламаттык сактоо министри), Кубатбек Жуматаевдин (Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйынына катышкан атайын прокуратуранын өкүлү), Майрамбек Акматалиевдин (атайын прокурор) жана Аида Салянованын (мурдагы башкы прокурор) иштери соттук кароодо».
Салянова тергөө менен кызматташуудан баш тартты
Бирок мурдагы башкы прокурор жана депутат Аида Салянова тергөө менен кызматташтык боюнча буга чейинки чечиминен баш тартканы белгилүү болду. Муну Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова «Азаттыкка» ырастап, экс-прокурордун эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрдү:
«Негизинен Аида Салянова башынан эле «бул иште күнөөм жок» деп келе жатат. Тергөө менен кызматташууга чейин, ага кол коюлганда да, келишим жокко чыгарылгандан кийин деле өз көрсөтмөлөрүн өзгөрткөн жок. Дайыма туруктуу позицияда келе жатат. Бирок келишим боюнча соттук жараянда күбөлөрдү чакырганга, керек болсо чечим чыккан соң ага каршы даттанууга болбойт экен. Ошондуктан Аида Салянова күнөөсүз экенин толук далилдеш үчүн келишимден баш тартты. Мындан тышкары Салянова бул иш боюнча «Атамбаев буйрук берди» деп айткан эмес. Бирок эгерде тергөөдө Атамбаевдин күнөөсү далилденген болсо - дал ушул медициналык анализдерди бурмоолоодо - ошондо гана Аида Салянованын көрсөтмөсү чоң ролду ойнойт».
Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча былтыр үч айдан ашык Бишкектеги №1 тергөө абагында камакка алынган эле. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгон соң гана үй камагына чыгарылган болчу.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.
Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштаган. Мекеме сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн аны Башкы прокуратурага жөнөткөн. Бул иш боюнча мурдагы президент баш болгон 19 адамга айып коюлган. Алардын арасынан учурда Алмазбек Атамбаев гана түрмөгө кесилди.
Дагы караңыз Атамбаевдин ишиндеги жашыруун жагдайларЮридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев бул иш маанилүү экенин белгилеп, саясий жана укуктук кесепети болбошу үчүн абдан кылдат каралашы керек болчу деген пикирин айтууда:
«Бул иште эч кандай шек калбагандай тергелип, соттук иш жүрүшү керек. Биздин саясатчылар «Ак үйдөн» чыгып эле түрмөгө түшүп калса «саясий иш болду» деп чыгышат. Ошондуктан бул жерде жөнөкөй тергөө абдан сапаттуу жүрүп, эмне себептен айыпталуучулардын бирине уюштуруучу деген макам берилди, экинчисине күбө же көмөкчү болду деп жеңил жазага тартылды деген суроолорго так жооп алышы керек. Болбосо абдан көп суроолор жарала берет».
Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Батукаевдин ишинен башка бир нече факт боюнча айып коюлган. Алардын арасынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча сот жараяны учурда Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.