14 жылга соттолгон экс-прокурор мунапыстын негизинде боштондукка чыгып кеткенин депутаттар айтып чыккан. Эл өкүлдөрү жазасы жеңилдегени үчүн ага жаңы мыйзам колдонулушу мүмкүн экенин кеп кылышууда. Бул коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сын-пикирлерди кайрадан күчөттү.
Чын-төгүнү аралаш иш
100 миң доллар пара алган деп айыпталып, соттолгон Кылычбек Арпачиевдин боштондукка чыкканы тууралуу тактоо маалыматын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 22-майда расмий таратты. Мекеме бир күн мурун парламентте айтылган кабарды төгүнгө чыгарып, Арпачиев жазасын өтөп жатканын кабарлады.
Аталган кызматтын басма сөз катчысы Самат Калыков «Азаттыкка» буларды билдирди:
«Жатак абакка которуудан баш тартууга мыйзамдык негиздер жок болгондуктан, К.И.Арпачиевдин адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде ЖАМКнын Атайын комиссиясынын 2019-жылдын 17-июлундагы чечими менен ал ЖАМКтын №45 жатак абагына (Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылы) которулган. Учурда К.И. Арпачиев ушул эле №45 жатак абагында жазасын өтөп жатат жана анын калган жаза мөөнөтү 3 жыл 29 күндү түзөт. Арпачиевге карата мунапыс актылары колдонулган эмес».
Прокуратуранын мурдагы кызматкери мунапыстын негизинде түрмөдөн чыгып кеткени туурасында Жогорку Кеңештин 21-майдагы жалпы жыйынында кеп болгон.
Башкы прокуратуранын отчётун угуу учурунда депутат Айнуру Алтыбаева алгач коррупция жана педофилия боюнча соттолгондорго мунапыс берүүгө тыюу салууну сунуш кылган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул беренелер жана кызматтык кылмыштар боюнча айыпталып соттолгондорго боштондукка чыгарууга азыркы мыйзам ансыз деле жол бербей турганын айткан.
Бирок Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, «Коррупция» боюнча соттолгон Кылычбек Арпачиевдин беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүлүп, мунапыс менен бошотулуп кеткенин билдирген. Башкы прокурор ал мурдагы мыйзамдар менен ишке ашканын билдирген.
«Ал буга чейинки мунапыс. Ал жерде беренелер квалификация болуп атат. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарып атат. Анан колдонуп атат», - деген ал күнү башкы көзөмөл мекемесинин башчысы Өткүрбек Жамшитов.
«Жаңы мыйзам менен чыгышы мүмкүн»…
22-майда «Азаттыкка» комментарий берген учурда депутат Айнуру Алтыбаева Кылычбек Арпачиевдин жатакка абакка которулганы мунапыс менен ишке ашканын белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле мурдагы прокуратура кызматкеринин жазасы жеңилдегени үчүн ушул айда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, абактан биротоло бошоп чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди:
«14 жылга соттолгон адамдын жатак абакка чыгарылганы - ошол мунапыс колдонулганы да. Кечээ, ошону тактоо иретинде сурасам, «соттун чечими менен анын беренеси мурдагы мыйзам менен алмаштырылган» деп айтты. Ал эми өзүнүн бир топ мөөнөтүн өтөп койду, практика жүзүндө эртең чыгат. Азыр жаңы мыйзам менен кабыл алынгандардын тизмесин биз ЖАМКтан алдырып, талдайбыз. Канча кишиге туура келет, ким чыгат... Аны атайын комиссиянын талдоосуна кандайдыр убакыт берилет. Ошонун жыйынтыгына карап, дагы көрөбүз».
Быйыл 8-майда президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга парламентте Айнуру Алтыбаева бир нече депутаттар менен кошо демилгечи болуп чыккан.
Бул мыйзамга ылайык, 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгары айтылган. Алар негизинен карылар, майыптар, жалгыз бой, көп балалуу энелер жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандар. Анын ичинде коркунучу азыраак кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын жарымы, оор кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын үчтөн бири, өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын төрттөн бири жоюлушу керек.
Башкача айтканда Кылычбек Арпачиев мына ушулардын арасында биротоло жазасынан кутулушу мүмкүн экен. Маселе көтөрүлгөнү да мына ушундан.
Кантсе да бул Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүрүп жатканын коомчулукта сынга алгандар көп. Анын ичинде камактагы саясат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов да бар.
«Коррупцияны жасаганы анык, анын пара алганы керек болсо видеого тартылып алынган. Сот күнөөсүн далилдеп, 14 жылга камалган. Макул, беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» кылып өзгөрттү дегенде деле азыркы мунапыс боюнча мыйзамдын 7-беренесинде «коррупция, кызматтык иштерге байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулбайт» деп жазылып турат. Анан кантип Арпачиевге мунапыс колдонулуп жатат? Ошол эле кезде Кумтөр маселесин көтөрүп жүрүп камалган Садыр Жапаровду, жабырлануучу өзү «акталсын» деп талап кылганына карабай мунапыс бербей келет. Өзү сураса да же ырайым берген жок. Саясий куугунтук менен камалгандарга мунапыс бергендин ордуна коррупцияга баргандарга мунапыс берип жатканы азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн анык жүзүн көрсөтөт. Демек, бийлик каалаган кишисин чыгарып алат экен», - деди ал.
Кылычбек Арпачиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара алганы боюнча айып менен 2015-жылы кармалган.
Кылычбек Арпачиевдин пара менен кармалган учуру. УКМКнын ыкчам видеосу.
Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен. Райондук соттун бул өкүмүн 2016-жылы Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
2019-жылы Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралып, жаза мөөнөтү кыскарганы кабарланган. Жазасынын үчтөн бирин өтөгөндүктөн сот аны жатак абакка которгон. Ошондон кийин ал жөнүндө маалымат айдыңында кабар эми гана чыгып жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.