Алайдын ажайып куурчактары

Куурчактар секелек кыздардан баштап байбичелердин образына чейин жасалган. Коллекцияда жети куурчак бар. Ар биринин өзүнүн образы жана бир канча кийими бар. 

Турмушка узап бара жаткан кыздардын образын чагылдырган куурчактар.

Кыз турмушка чыгуу алдында шөкүлө кийген. Апасы жакшы ниет кылып шөкүлө жасап берген. Шөкүлөнүн эки кулагы бар, ал жаман кабардан сактайт дешкен, артына чачын жаап турган куйрук тигип койгон. Кооздоп саймалап аягына күмүш тагынчактарды жаман нерселер жабышпасын деп коргошкон. Маңдайына сайма сайып, күмүштөн кооздуктарды кадашкан, анын мааниси бешенеси ачык болсун деген, шуруларды илип кооздошкон, ал үй-бүлөсүнүн статусун билдирген. Ошол баш кийим муундан муунга өткөн. Конус түрүндөгү формасын асманга жакын баш кийим деп да аташкан, анын философиясы турмушка чыгарда кызга көп күч-кубат (энергия) керек, аны аял космостон алат дешкен.

 

Көчмөн кыргыз элинин кийими, анын ичинде аялдардын кийими жашоо-шартка, климатка жараша мезгил, доор алмашкан сайын өзгөрүп турган. 

Башына жолук салынып, чыптама менен белдемчи кийген балалуу келин (солдон оңго). Ак элечек оронгон байбиче жана шөкүлө кийген кыз. 

Куурчак оюнчук гана эмес, турмуштук тажрыйба топтоо боюнча көрсөтмө аспап катары да кызмат кылат. Кыздар энелик көндүмдөрүн, туура кийинип, коомдун каада-салтын, үрп-адаттарын сактоону үйрөнүшкөн.

Куурчактар сапаттуу кездеме, тери жана жүндөн жасалган.

Келиндин образын көрсөткөн куурчак.

Кызды турмушка узатып жатканда апасы тууган уругун чакырып кыз көчүрүү салтын жасашкан.  Кадырлуу байбичелер кыздын чачын экиге өрүп, башына ак жоолук салышкан. Андан кийин апасы атайын даярдаган кеп такыяны кийгизишкен. Анын сыртынан 20-30 метр болгон ак кездемеден «каляк» оромун орошкон. Сыртынан дүрүя жоолук салышкан. Көйнөктөрү узун болгон, сыртынан чапан кийгизишкен.
 

Бул сүрөттө балалуу келиндин образын жараткан куурчакты (солдон биринчи) көрүүгө болот. 
Келин биринчи балалуу болгондо бели бекем болсун деген мааниде белдемчи кийгизишкен  анын ичине пахта же жүн салынып шырышкан, ал жерге олтуруп калса буттарын жылуу кармаган. Көйнөгүнүн жакасы төштүн (көкүрөктүн) алдына чейин ачык болчу, ал бала эмизүүгө ыңгайлуу болгон, четине саймаланган кыргак салышкан, бир жагынан кооз катары болсо, экинчиден келиндин канчалык даражада уз экенин көрсөтчү. Сыртынан кемсел (чыптама) кийген, жумуш жасоого ыңгайлуу болгон үчүн жендери болгон эмес.
 

Көчмөн кыргыз элинде аялдын жашын, статусун анын кийиминен карап билишкен. Эгерде аялдын кийими кооз, татаал жана кооз саймаланган болсо, бул анын жогорку абалынан жана үй-бүлөнүн бакубат турмушунан кабар берет. 

​Куурчак ар кандай маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Эң байыркы куурчактар - Байыркы Египетте табылган. Көчмөндөр маданиятынын да өз куурчактары болгон.

Көчмөн кыргыз эли жайыттан жайытка жыл бою малын айдап көчкөн сайын кожолуктун аялдары эң жакшы кийимдерин жана эң кооз баш кийимдерин кийишкен.  

Кыргыз аялдарынын образын чагылдырган бул куурчактардын “Аял – аалам ажары” аталышындагы каталогу жакында жарык көрдү.

Куурчактар - баланы тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн мыкты ыкмасы.

Куурчак жасаган кыздар. 

Байбиче менен келин.

Байбиченин кийими шырылган атластан же парчадан, кымбат матадан кенен кылып, чекесине кундуз жака тигишкен. Башына каляк кийип жүрүшкөн, анын оролушу боюнча кайсы уруга таандык экенини билишкен.
 

Байбиче менен секелек кыздын образын көрсөткөн куурчактар. 

Жаш кыздын ойноок мезгили. Баштарына топу кийишкен, анын төбөсүнө үкүнүн канаттарын тагылган, үкүнүн канаттары көз тийүдөн, терс энергиядан сактайт деп ишенишкен. Топунун маңдайына топчу, сайма же тумар тагып койчу, кыздардын чачын майда өрүп аягына кызыл жип тагып койушкан. Көйнөктөрү – чыттан тигилген өтө узун эмес, ал эми чыптамаларды кыска, кышкысын ичине жүн салынган чапандарды кийишкен. Кыздар кызыл кездемеден ккйнөк кийишкен, кызыл жаштыктын түсү деп аталган.
 

Алай районунун Сары-Могол айылындагы "Ууз-Даткалар" коомдук бирикмеси кыргыз куурчактарынын коллекциясын чыгарды. Улуттук кийимдер куурчактар үчүн атайын тигилген. Коллекцияда жети куурчак бар.