28 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин айыл чарба министринин кызматына көрсөтүүдө. «Айыл чарба тармагында кардиналдуу реформа жүргүзүш үчүн жоопкерчилик алууга даярмын» деп баштайт Тилек «Фейсбуктагы» постун.
2016-жылдын аягында айыл чарба министри болуп дайындалган Нурбек Мурашев 24-майда өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген. Анын алдында эле Мурашев ишкерлердин добушу менен өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан 2018-жылы эң начар иштеген жетекчи деп табылган. Анын белгиси катары «Кара көлөш» антирейтинг статуэткасы ыйгарылган.
Биз ошондон аз өтпөй Тилек Токтогазиев менен айыл чарба тармагындагы кыйынчылыктар, картөшкө кризисин чечүү жолдору, жаңы технологияларды колдонуу тууралуу маектешкенбиз.
(Маектин толук версиясын бул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Токтогазиев картөшкө кризисин чечиш үчүн дүйнөлүк ири компаниялар менен иштешүүнүн жолун сунуш кылып келет. Маселен, азык-түлүк өндүрүүчү «Nestle» корпорациясы менен түз иштешип, Кыргызстандагы картөшкөнү кайра иштетип, күлмайдага (порошокко) айлантып сатыш керек деп эсептейт.
«Так план мындай: «Nestle» менен келишим түзүш керек. «Заводдоруңарды Кыргызстанга салгыла, 3-5 жылдан кийин силерди картөшкөнүн порошогу менен камсыз кылабыз» деш керек. Алар ошол азыкты өзүнүн идишине салат, сыртына «Nestle» деген өзүнүн брендин чаптайт. Элестеткиле, биз «Пятерочка» сыяктуу түрдүү дүкөндөр түйүнү менен сүйлөшпөйбүз. Орустарга жалдырап «картөшкөнү алып койчу» дебейбиз. Компания өзү киргизип берет. «Nestle» Түндүк Кореядан башка дүйнөнүн бардык өлкөсүндө иш алып барат. Биздин дүкөндөрдө деле отуз пайыз товар ошолордуку. Иштегенге жараша дүйнөлүк лидер менен иштешсек, менимче биз эч кандай коркутуп-үркүтүүгө жол бербей калабыз. Казакстан чек араны улам-улам эле жаап коюп атпайбы».
Мурдагы министр Нурбек Мурашевди коомчулук өкүлдөрү эле эмес, өкмөт башчы өзү деле сынга алганы белгилүү. Анткен менен күнөө министрде эмес, жалпы системада деген пикирлер да кездешет. Атап айтканда, мурдагы министрдин талапкерлигин сунуш кылган «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыктагы» маегинде министрдин мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтканы бар:
- Жалгыз эле айыл чарба министри эмес, башка мекеме-департаменттерде жетекчилер, министрлер кадр маселесин өздөрү чече албайт, өз алдынча саясат, иш жүргүзө албайт, каржы маселеси толук чечилген эмес. Министрликтеги башкармалыктардын, департаменттин башчыларын министр өзү дайындай албагандан кийин албетте, аны укпайт, премьер-министрди угат. Кыскасы ушундай система түзүлүп калган. Бул азыркы өкмөт башчы менен азыркы айыл чарба министринин күнөөсү эмес. Жалпы системаны түп-тамырынан бери өзгөртүш керек. Мындай система менен эч бир тармак өнүкпөйт. Мисалы Мурашевди «картөшкө сатылбай калды» деп күнөөлөп жатат. Министрлик түшүмдүүлүктү көбөйткөнгө жардам берип жатат. Ал эми сатуу саясаты Экономика министрлигинде. Айыл чарба министрлиги сатуу саясатын жүргүзбөйт. Ушул суроону силер өкмөт башчы менен экономика министрине бергиле. Азыр эсепчиден юристтин милдетин талап кылгандай болуп жатат.
Жалпысынан Айыл чарба министрлиги азыркы турган турпатында тармактын маселелерин чечүүгө жөндөмсүз деп эсептегендер да арбын. Айыл чарба адиси, талдоочу Манас Саматов буга чейин «Азаттыктагы» маегинде жалпы эле бийликте айыл чарбасын терең түшүнгөн адистер жок калды деген оюн билдирген:
- Айыл чарбасы таптакыр жетекчиликсиз калды. Аны түшүнгөн адистер өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да, министрликте да жок. Бул азыркы эле министрдин күнөөсү эмес. Жалпы эле өлкө жетекчилеринин көп жылдан бери кетирген катасы. Муну оңдоонун бир гана жолу бар, ал – хирургиялык жол. Аны жоюп салып, кайра башкача түзбөсө болбойт. Жер семирткичтерди алып келип жаткандар – жеке фирмалар, үрөн алып келип жаткандар – менчик фирмалар, жаңы техника алып келип жаткандар – жеке фирмалар. Булар болсо бир гана нерсеге – уурдамайга, жула качмайга гана аралашат.
Ушул тапта сөз болуп жаткан министрликте 5 миңдей кызматкер эмгектенет.