Панфиловго үзөңгүлөш болгон кыргыз жоокер

Кыргызстан КП БКнын катчысы А.Рысмендеев (биринчи катарда солдон үчүнчү), Кыргызстан аскер комиссары, генерал И.Панфилов (оңдон үчүнчү). 1941-жыл. Куршаб.

Улуу Жеңишке 75 жыл болду. Кыргызстандык Асанакун Рысмендеев айтылуу генерал Иван Панфиловдун үзөңгүлөшү болгон. Атчандар полкунун комиссары, полковник чининдеги Рысмендеев 30 жаштын кырында баатырларча окко учкан.

Асанакун Рысмендеев тууралуу баяныбызды анын фронттон жубайына жазган таберик катынан баштоону туура көрдүк. 30 жашында кырчындай өмүрү кыйылган жоокер жубайын ошо бойдон көрбөй кете берген.

Ардагым Гүкөй! Сен экөөбүз бардык оордукту мойнубузга алып, сүйүшүп, өмүрлүк жолдоштукка кол кармашып, белгисиз убакка бөлүнүп отурабыз. Бул экөөбүз үчүн, айрыкча сен үчүн оор. Анткени сен жаңыдан эле турмуш көрүп, эл-журт менен таанышып келе жаткан кезиң болчу. Ал эми мен болсом анча-мынча кагылып калганыма бел байлайм. Биз экөөбүз жашагыбыз келет. Бизге өмүр өтө кымбат. Бирок эгерде бизди тарбиялаган, адам кылган, жөн гана адам эмес, мени мамлекеттик ишмер кылган элим үчүн, менин партиям үчүн жан берүүгө туура келсе, бир мүнөт да ойлонбостон бере салуум абзел”.

Асанакун Рысмендеев.

Рысмендеев согушка кетип жатканда алган жары Гүлүм кош бойлуу калат. Күйөөсүнүн “Кыз төрөлсө атын өзүң билип кой, ал эми уул төрөлсө атын Алмаз кой” деген керээзин аткарып, уулун Алмаз деп коёт.

Артында калган жалгыз тукуму Алмаз Рысмендеев да кийин эл ишенимине жараган инсандардан болгонун “Азаттыкка” берген маегинде Асанакун Рысмендеевдин агасы Мамбетакундун небереси, Кыргызстандын Майыптар ассоциациясынын төрагасы Калык Мамбетакунов айтып берди.

Асанакун Рысмендеев 1911-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында туулган. Бир жашка чыга элегинде атасынан, беш жашында энесинен ажырап, томолой жетим калат.

Ал заман, Мамбетакуновдун айтымында, 1916-жылдагы Үркүндөгү оор мезгилге, орус көпөстөрүнүн эзүү учуруна туш болот. Ошол кезде агасы Мамбетакун баланы колуна алып, жаш курагына жараша мектеп, окуу жайларда окутат. 1936-1938-жылдарда Асанакун Ташкент шаарында Аскердик саясий окуу жайында окуп, аскердик кесипке ээ болот.

Калык Мамбетакунов.

Ошол жылдары агасы Мамбетакун “эл душманы” деген жалган жалаа менен айыпталып, Караколдун түрмөсүнө түшкөн дейт Калык Мамбетакунов:

"Ал кезде “тоголок арызчылар”, “бакан ооздор” чыгып, “Асанакунду багып чоңойтуп, жол көрсөтүп келе жаткан агасы Мамбетакун эл душманы болуп түрмөдө жүрөт, буга эч жерде кызмат бербеш керек, коммунисттик партиянын катарынан чыгарыш керек” деген арыздар ар кайсы жерге түшкөн. 1939-жылдын башында Мамбетакун атам Караколдун түрмөсүнөн акталып чыкканда “агасында күнөө жок, акталып чыкты” деген иш кагазы менен иниси Асанакунду камсыз кылган. Ошол кагаздын негизинде кайра Фрунзеге келип, алган билиминин негизинде кызматка чакырылган. 1941-жылдын март айынан баштап Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин катчысы болуп иштеп турган. Ошол кезде Кыргыз ССРинин Аскер комиссары Иван Васильевич Панфилов болчу".

Ошентип, полковник Рысмендеев легендарлуу генерал-майор Иван Панфилов менен үзөңгүлөш, көңүлдөрү өтө жакын достордон болуп калышат. Экөөлөп Кыргызстандын, Казакстандын аймагынан 316-аткычтар дивизиясын түзүшөт.

Ошол кездердин элеси катары 1941-жылдын июнь айынын аягында Куршаб айылында тартылган тарыхый сүрөт дагы эле бар. Андан аскерге жөнөп жаткан жигиттер менен кошо түшкөн Рысмендеевди жана Панфиловду көрүүгө болот.

Анда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде катчы болуп иштеп турган Асанакун Рысмендеев болгону 29 жашта болчу. Ошол жылдын 8-июлунда ал фронтко кеткен.

Ага атчандар полкунун комиссары, улук саясий жетекчиси деген жооптуу аскердик иш жүктөлгөн дейт Калык Мамбетакунов:

"Москваны коргоо чараларына активдүү катышып, Смоленск облусунда Атчандар кавалериялык полкунун комиссары болгон. 1942-жылы Смоленск облусунда чоң салгылашууда баатырларча окко учкан. Сөөгү ошол жерде боордоштор көрүстөнүнө коюлган. Бул кишинин аты айылга да, көчөгө да берилген жок. Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылынын орто мектебинин жамаатына, акимчилигине айтаар ыраазычылыгым – 1991-жылы Асанакун атанын 80 жылдыгына арналып ысымы ушул мектепке берилген. Биз анын эмгегин, эрдигин эч качан унута албайбыз!".

Гүлүм Малабаева уулу Алмаз менен.

Мамбетакунов кошумчалагандай, 21 жашында жесир калган Гүлүм апанын эрдиги - андан кийин экинчи жолу турмушка чыкпай туруп, жалгыз уулу Алмазды атасына татыктуу адам болуп өсүшүнө болгон аракетин жумшап тарбия бергендигинде.

Кийин уулу Алмаз Смоленск облусуна, боордоштор көрүстөнүнө барып, атасынын бейитинен топурак алып келип, апасы Гүлүм Малабаеванын сөөгү жаткан Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө экөөнө чогуу эстелик орнотту.

Эстеликте кыска, орто жана узун жебелер тартылган. “Кыска жебе – ата өмүрү, орто жебе – эне өмүрү, ал эми узун жебе – балдарынын амандыгы, келечегинин кең болушун тилек кылган белги” деп эскерди Калык Мамбетакунов.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​