Карасартова: Парламент президентке кошомат кылгандай

Рита Карасартова.

Кыргызстанда “оппозицияны куугунтуктады” деген кызматкерлердин жоопкерчилигин аныктоо боюнча коомдук акция башталды. “Коомдук келишим” деген кыймыл президентке жана парламентке бул багытта кайрылуу жолдогонун "Азаттыкка" "Коомдук анализ институтунун" жетекчиси Рита Карасартова билдирди.

"Азаттык": Рита айым, 17-апрелде парламенттеги оппозиция өкмөттүн ишине “канааттандырарлык эмес” деген баасын берди.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мындай чечимди өлкөдө калыптанып жаткан жаңы саясий маданият деп атады. Бул чын эле саясатчылардын күчү, эркиби же азыркы саясий кырдаалдан улам пайда болгон гана кадамбы?

Саясий күч эмес, президент менен премьер-министрдин ортосундагы “жарака” деп эле билип жатам. Себеби, президент күчтүү болуп турган кезде эмне үчүн парламент өзүнүн ордун көрсөтө алган жок?

Карасартова: Биз деле парламентаризм өнүксө, жаңы маданият калыптанса дейбиз. Бирок, башкы прокурорду жумуштан кетирип жатканда себептерин, кандай туура эмес иш кылганын талдап берсе, “чын эле маданият калыптанып жатат, карагылачы, ишине жараша баа берип жатат” демекпиз.

Жөн эле чогулуп алып, “келгиле, көп талкуунун эмне кереги бар, добушка коелу” деп кетиргени жарабайт.

Мурдагыдай “хоп!” деп добуш берип же кайра алып келип жаткан кишилерди талдабай туруп колдоп берип жатканы кооптондурат.

Саясий күч эмес, президент менен премьер-министрдин ортосундагы “жарака” деп эле билип жатам. Себеби, президент күчтүү болуп турган кезде эмне үчүн парламент өзүнүн ордун көрсөтө алган жок?

Азыр жаңы келген президентке кошомат кылып жаткандай көрүнүп турат. Кооптонууну пайда кылып жатканы мына ушул.

Биз дайыма эле бир президентке баш ийип, анын орду эбегейсиз чоң болуп, парламент жана аткаруу бийлигинин баары өз ордун таппай, тең салмактуулук болбой жатканына кооптонуп жатабыз.

Биз дайыма эле бир президентке баш ийип, парламент жана аткаруу бийлигинин баары өз ордун таппай жатканына кооптонуп жатабыз.

Ооба, муну оппозициянын күчтөнгөнү деп көргүбүз келет, бирок президенттин “ырын ырдагандай” да көрүнүштөр бизди кооптондурууда.

"Азаттык": Сиздердин "оппозицияны куугунтуктады" деген аткаминерлерди аныктоо үчүн парламенттик комиссия түзүү тууралуу кайрылууңар интернетке жарыяланды. Аны колдогондор көппү жана эгер ишке ашса, комиссия качан түзүлүшү ыктымал?

Карасартова: Негизи биз аны демилгебизди канча киши колдоорун билиш үчүн эле жарыяладык. Ал эми парламент менен президентке бул ачык кайрылуу. Ага кол коюп, жибердик.

“Коомдук келишим” деген платформаны 20дан ашык уюм, анын арасында жөнөкөй жарандар жаздык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.