Кыргыз өкмөтү «Суу кодексин» жана «Суу жөнүндө» мыйзамды өзгөртүп, коммерциялык максатта суу пайдалануу үчүн төлөм киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда талкууланып, жактырылды.
Талкуу учурунда депутаттарды түйшөлткөн маселелер коңшу республикаларга кетип жаткан, «Кумтөр» ишканасы өндүрүштүк максатта пайдаланган жана карапайым дыйкандар колдонгон суулардын тегерегинде болду.
Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги суу үчүн акы кандай шартта жана өлчөмдө алынары тууралуу эрежелер кийин иштелип чыгарын, азыр негизги максат Кыргызстан эгемендик алгандан бери оозеки айтылып, бирок мыйзам түрүндө чечилбей келген маселенин башын чечип алуу экенин билдирүүдө.
Министрдин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, айрым мекемелерге жеңилдиктер берилет, түшкөн акчанын баары республикалык бюджетке которулат:
- Бул маселе 28 жылдан бери көтөрүлбөй келип эми соккуну биз алып жатабыз. Мыйзамды колдоп берип койсоңуздар, анан кийинки кадамдарыбыз да башкача болот. Эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөр жана саясий чечимдер менен болот. Капчыкты толтуруу эмес, суу товар катары пайдаланылсын, кээ бир чоң-чоң ишканалар бекер суу албай, акча төлөсүн деген мааниде киргизилип жатат. Ал эми бюджеттен каржылануучу уюмдардын кээ бирлеринин төлөм акысын азайтып же бошотуп, айрымдарына лимит коюп, андан ашса төлөйт деген идеяда жазылды.
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева бул мыйзамды тез арада кабыл алуу керек деп эсептейт:
- Биздин Баш мыйзамыбызда “Жер, суу жана башка жаратылыш ресурстары элдин, Кыргыз Республикасынын менчиги” деп жазылган. Эмне үчүн алтын кен казган жеке ишкана сууга төлөбөй, тонна-тонна алтынды, миллиарддаган доллар акчаны бекер алып чыгып кетти? Эмнеге сууга төлөбөйт? Бул мыйзамды тез арада ишке киргизишибиз керек.
Кыргызстандагы эң чоң алтын кени - Кумтөр. Аны канадалык “Центерра” компаниясы башкарат. "Центеррада" Кыргызстандын 26,6 пайыз үлүшү бар.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашованын суроосуна жооп берип жатып “Кыргызалтындын» жетекчисинин орун басары Жумадил уулу Мурадил өкмөт сунуштап жаткан мыйзам кабыл алынса, “Кумтөр Голд Компани” кендин жанындагы Петров көлүнөн алган суу үчүн акы төлөөгө милдеттүү болот деди:
- “Кумтөр” 1994-жылдагы келишим боюнча суу үчүн эч нерсе төлөбөйт. Чынбы?
- Туура айтасыз, 1996-жылдан тартып колдоно башташыптыр. Ошондон бери сууга бир да тыйын төлөнгөн эмес.
- Ушул мыйзам кабыл алынса “Кумтөр” суу үчүн төлөйбү же төлөбөйбү?
- Албетте төлөп баштайт.
- Ошондо Кумтөр боюнча ортодогу келишимге эч кандай өзгөртүү киргизбей, бул мыйзам боюнча өнөр жай ишканасы катары “Кумтөр” суу үчүн төлөйт, туурабы?
- Мыйзам алкагында төлөмдөрдү төлөп башташат.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылы, мисалы, “Кумтор Голд” өндүрүштүк жана башка муктаждыктарына Петров көлүнөн 5 миллион 542 миң куб метр суу алып, пайдаланган.
Бул 2016-жылдын 22-мартындагы “Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибине” ылайык, 1 куб метрди 2 сом 47 тыйын деп эсептегенде 13 миллион 689 миң сом акча болот.
“Кумтөр Голд” компаниясын суу үчүн акы төлөтүү аракети буга чейин да көрүлгөн. Мамлекеттик Экотехинспекция 2016-жылы сотко кайрылган. Мекеменин жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев соттук териштирүү аяктай элек дейт:
- Кабыл алынса тоо кен ишканаларынын баары төлөйт. Буга чейин келишимде көрсөтүлбөй калган. Комиссиянын жыйынтыгы менен биз сотко бергенбиз 188 миллион сом суу ресурстары үчүн деп. Азыр сотто каралууда.
“Азаттык” “Кумтөр Голдго” комментарий сурап кайрылды. Азырынча жооп боло элек.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда суу бекер. Суу үчүн төлөнүп жаткан акча кардарга жеткирүү кызматы үчүн гана алынат. Ал эми жаңы мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, сууну коммерциялык максатта пайдалангандар тейлөө акысын да, суунун өзү үчүн да акы төлөөгө милдеттүү болот.
Өкмөттүн сунушу менен “Суу кодексине” 2017-жылы да өзгөртүү киргизилген. Ал документте Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү "эрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү" каралган. Бул аракет жарандык коомдун нааразылыгы менен коштолуп, алар сотко чейин кайрылышкан, бирок ишти териштирүү ошол бойдон жабылып калган.