Бокоев: айыл өкмөттү эл шайласын

Добуш берүү

Кыргызстанда айыл өкмөт башчыларын шайлоо укугун депутаттардан алып, кайра элдин өзүнө берүү сунушталууда. “Азаттык” радиосу мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңеш депутаты Кенжебек Бокоевди кепке тартты.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, чын эле маселе бар, эки ай мурда шайланып келген айылдык кеңештердин айрымдарында же төраганы, же айыл өкмөт башчысын шайлай албай ызы-чуу чыгып жатат. Буга эл да аралашып, чыңалуу жараткан учурлар бар. Бирок сиз сунуштагандай кылып айыл өкмөт башчысын депутаттар эмес, эл өзү шайлай турган болсо маселе ого бетер курчуйт деген да пикирлер чыгып жатат. Буга карата кандай аргументтерди келтире аласыз?

Бокоев: Бүгүнкү күндүн талабына жана эл аралык тажрыйбага таянсак, эң демократиялуу жол – президентти, Жогорку Кеңешти жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын эл түз шайлашы керек. Анткени көрүп жатасыздар, жергиликтүү кеңеш депутаттары айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин өздөрү кыйыр түрдө шайлап жатканда 40ка жакын айыл, шаарда кворум болбой, саясий оюндар жүрүп, 10-20дай шаар жана айылдык кеңештер кайра таркатылар алдында турат.

“Азаттык”: Бирок бизде кандай гана шайлоо өтпөсүн, нааразылык менен коштолуп жатпайбы. Кыргызстанда айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо таза, акыйкат өтүшүн камсыз кылчу мыйзамдык база жетиштүүбү?

Башчы болом деген талапкер жети-сегиз айылды кыдырбай эле кеңседе 10-11 депутат менен сүйлөшүп эле, айрым жерлерде сатып алуу, уруучулук же опузалоо жолу менен шайланып алган учурлар болууда.

Бокоев: Андай мыйзамдар иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө биометрикалык каттоо аркылуу шайлаганга, шайлоочулардын тизмесин аныктаганга көп жумуш жасалып бүтө элек, бирок алдыга жылуу бар.

Эмне үчүн түз шайлоо керек? Дагы бир негизги критерий – кээ бир айыл өкмөттөрү жети-сегиз айылдан турат. Бүгүнкү күндө 10-11 депутат шайлаганда эл ага ынабай жатат. Анткени башчы болом деген талапкер ошол жети-сегиз айылды кыдырбай, кеңседе 10-11 депутат менен сүйлөшүп эле, айрым жерлерде сатып алуу, уруучулук же опузалоо жолу менен шайланып алган учурлар болууда.

Ал эми эгер түз шайлоо болсо ар бир талапкер жанагы жети-сегиз айылдын баарын кыдырмак тургай көчөмө-көчө кыдырып, эл менен жолугуп үгүт иштерин жүргүзүп, программасын айтып берип, элди ынандырып, айылдын көйгөйлөрүн өзү барып көрүп, анан гана шайлоого чыкмак да. Демек айыл өкмөт башчысы болуп келер замат моюнунда толгон-токой жүк турмак.

Азыр 11 депутаттын алтоосунун добушун алган айыл өкмөт башчысы төрт жыл ичинде кээ бир алыскы айылдарга барбай да коюп жатат. Себеби депутаттарга гана отчет берип, аларды эле тегеренип жүрө бериши ыктымал.

Эл уруу-уруу, кокту-колотко бөлүнбөй, толук демократиялык түрдө иштей турган адамды гана шайлайбыз деген деңгээлге жетти. 2001-2005-жылдары айыл эли башчыны өзү шайлаган. Тажрыйбасы чоң. Ошондуктан шаарды коё туруп, биринчи этапта айыл өкмөт башчыларын эл өзү түз шайласын, экинчи этапта шаар мэрлерин киргизебиз деген ой бар.

“Азаттык”: Айыл депутаттарын “сатып алууга” жол бербеш үчүн алардын санын көбөйтүү тууралуу да айтылды эле. Бул сунуш кабыл алындыбы?

Бокоев: Мен иштеп чыккан мыйзам долбоорунда бул норма каралууда. 11 болгон жерде 15 депутат, 21 болгон жерде 25, ал эми 31 депутаты бар кеңештерде 35 кылсак деп жатабыз.

“Азаттык”: Бул бюджетке кошумча жүк болбойбу?

Бокоев: Жок, эч кандай оордук келбейт. Анткени айылдык кеңештердин депутаттары маяна албай иштейт.

Дагы бир маселе. Эгерде биздин мыйзам долбоору өтө турган болсо, аларды кийинки, 2020-жылкы шайлоодо беш жылга шайлоо каралууда. Жогорку Кеңеш беш жыл, жергиликтүү кеңеш да беш жыл деп.

Азыркыдай 2015-жылы Жогорку Кеңеш, 2016-жылы жергиликтүү кеңеш, андан кийин президент дебей, республикалык парламентти да, жергиликтүү кеңештерди да бир жылы, бир күндө шайлап койсок үнөмдүү да болмок.

“Азаттык”: Айыл өкмөт болом деген адам күрөөгө акча коюшу керек деп сунуштап жатасыздар. Бирок 30 миң сом көптүк кылат деген да ойлор айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөндө күрөө катары 30 миң сом койсун деген норма киргизип жатабыз. Эгер ал добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15% ала турган болсо, ал акча кайра кайтарылып берилет.

Бокоев: Ооба, биз талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөндө күрөө катары 30 миң сом койсун деген норма киргизип жатабыз. Эгер ал добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15% ала турган болсо, ал акча кайра кайтарылып берилет.

Эмне үчүн мындай сунушталууда? Себеби президенттикке ат салышканда 70-80 адамга чыгып кеткендей кылбай, бир аз болсо да олуттуу мамиле кылуусу керек деп эсептейм.

30 миң сом каяктан чыкты? Буга чейинки тарыхыбызга кайрылсак, 2001- 2005-жылдардагы шайлоодо (анда мен да талапкер болуп катышкам, шайлангам) беш миң сом болчу күрөө. Ошол акчаны азыркы бааларга салыштырсак, 30 миңдин тегерегинде акча чыгат экен.

Менимче, 30 миң сом айыл өкмөтүн башкарам деген талапкер үчүн табыла турган эле каражат. Күрөө жоопкерчилик катары киргизилиши туура эле деп эсептейм. Бирок маселе дагы талкууланат. Экинчи окууда колдоого алынса, сумманы карайбыз.

“Азаттык”: Мыйзам долбоору азыр кайсы стадияда?

Бокоев: Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Шаршемби-бейшемби күндөрү добушка коюлат.

Мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алына турган болсо, облустарды кыдырып, шашпай парламенттик, коомдук угууларды уюштуруп, жарандар менен дагы аябай талкуулайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.