Жарандык коом сөз эркиндигин сактоого үндөдү

Коллаж

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү "Zanoza.kg" cайтына чыгарылган Жогорку Соттун чечими боюнча өлкө жетекчилигине кайрылды. Анда маалымат каражатына карата ашыкча айыппул салынып, аны өндүрүү аракеттери башталганына көңүл бурулган.

"Кыргызстан Сорос" фонду, Интерньюстун Бишкектеги өкүлчүлүгү баш болгон 30дан ашуун уюмдар менен кыймылдардын өкүлдөрү кол койгон кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана премьер-министр Сапар Исаковго жиберилди.

Анда Жогорку Сот "Zanoza.kg" сайтына жана бир катар журналисттерге карата мыйзамсыз чечим чыгарганы жана бул чечимди дароо аткаруу боюнча иш-аракеттер башталганы жазылган.

Кайрылууда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенине карабай сот аткаруучулар "Zanoza.kg" сайтын негиздеген "ПроМедиа" фондунан жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Масловадан 27 миллион сом, мурдагы депутат Чолпон Жакуповадан 3 миллион сом өндүрүүгө киришкени белгиленет.

Жарандык коом өкүлдөрү соттун мындай чечими өлкөдөгү эркин басма сөздү туңгуюкка кептеп, сөз эркиндигине шек келтирерин билдиришкен.

“Моралдык кенемте пропорционалдуу болушу керек. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары сот аныктаган кенемтени сөз эркиндигин мыйзамсыз чектөө катары сыпаттады” - деп айтылат кайрылууда.

Ошондуктан жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөнүн жаңы жетекчилерине кайрылып, сот реформасын ишке ашырууга, мындан ары журналисттердин кесиптик ишмердигин чектебөөгө үндөгөн.

Кайрылууга кол койгон "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаевдин айтымында, бийлик өлкөдөгү эркин басма сөзгө сот аркылуу басым көрсөтүүнү токтотушу керек:

Азамат Тынаев.

- Кайрылуунун эң негизги мааниси: "Занозага" карата сот салган айыппулдун көлөмү - өтө эле эбегейсиз сумма. Кыргызстандын шартында долларга айландырсак 500 миң долларга жакын акча эмне деген каражат экенин түшүнүп жатабыз да. Бул каражатты төлөтө турган болсо, редакция болгон мүлкүн, журналисттер отурган стулуна чейин сатса да бир бөлүгүн жаба албайт. Экинчиден, анын айынан редакция жабылып калса, ал таптакыр башка маселеге айланат. Анда сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө кеп болот.

Ошол эле кезде Тынаев эми журналисттер сот салган айыппулду төлөй албаса, аларга кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин белгилеп, бул маселенин дагы чиеленишине алып келерин эскертүүдө.

Жарандык коомдун бул кайрылуусуна бийлик өкүлдөрү расмий түрдө жооп кайтарган жок.

Өткөн айда ишке кирген президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге карата доолор боюнча ачык позициясын билдире элек.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков өткөн аптада журналисттер менен жолугушууда "Занозага" карата доо боюнча суроого жооп берген эле. Анда ал адамды каралоо менен сөз эркиндигин айырмалоого чакырган болчу:

Сапар Исаков.

- Сөз эркиндиги менен адамды каралагандын ортосунда бир чек болушу керек. Ар бир журналист ошол нерсеге чек кое баштаганда биз Кыргызстанда демократия өнүгүп жатат деген жыйынтыкка келебиз.

Ал ортодо сот аткаруучулар маалымат каражатына карата сот чечимин аткарууга киришкени белгилүү болду.

"Zanoza.kg" сайтын негиздөөчүлөрдүн бири Дина Маслованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сот чечимин күч менен аткартуу аракети болуп жатат:

"Мисалы, мурдагы депутат Чолпон Жакупованын айлыгын камакка алышты".

- Сот аткаруучулар октябрда эле ишке киришкен. Мыйзам боюнча биз сот чечимин 10 күн ичинде өз эркибиз менен аткарышыбыз керек болчу. Бул мөөнөт ноябрдын орто ченинде аягына чыккан. Мындан соң чечимди мажбурлап аткартуу башталган. Анын алкагында жеке эсептерди жана мүлктү камакка алуу сыяктуу чара көрүлөт экен. Мисалы, мурдагы депутат Чолпон Жакупованын айлыгын камакка алышты. Бул мөөнөт эки айга созулат, анын жарымы бүтүп калды. Андан соң сот аткаруучулар ишти сотко өткөрүп берет. Анда бизге кошумча айыппул салынат. Анда да биз сот чечимин аткара албасак, анда бизге карата кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Дина Маслова учурда адвокаттары менен айпыппулду төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын билдирди.

Быйыл жазында Башкы прокуротура "Zanoza.kg" сайтына чыккан "айрым материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 30 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген.

Анын негизинде райондук жана шаардык сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Сот 30-ноябрда "Zanoza.kg" сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.