Кумтөр кени боюнча кезектеги сүйлөшүү 31-июлда Бишкекте болуп өттү.
Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кенди иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрү менен жолукту.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен өкмөт тараткан маалыматта тараптар экологиялык төлөмдөрдү көтөрүү, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү талкууланганы айтылган.
Ошондой эле Кумтөр боюнча стратегиялык келишим жакын арада күчүнө кире турганы тууралуу сөз жүргөн.
Мындан улам Кумтөр боюнча стратегиялык келишимде эмне өзгөрдү, Кыргызстан үчүн экологиялык жана башка төлөмдөр канчага көбөйөт деген суроо кызыгуу туудурууда.
Себеби, Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган.
Анда "Центерра Голд" Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп ирети кыргыз өкмөтү "Центерра Голдго" карата берген экологиялык доодон баш тартмак.
Бирок Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишеним көрсөтпөй отставкага кеткен соң жаңы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган келишимди "өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт" деп атап, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган.
Ошондуктан, Абылгазиевдин өкмөтү Кумтөр боюнча эмне жыйынтыкка жетишет деген суроо актуалдуу болуп турган. Ошентип бир жылдан ашык жүргөн сүйлөшүү жакын арада жыйынтыкталып, стратегиялык келишим күчүнө кире турганы айтылууда.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жаңы келишимде бардык позициялар боюнча төлөмдөрдү көбөйтүү каралып жатканын билдирди:
"Дээрлик бардык позициялар боюнча төлөмдөрдү көбөйтүп жатабыз. Анын ичинде экологиялык жана башка төлөмдөр да бар. Алар канчага көбөйөрүн азырынча айтуу туура эмес. Себеби, жаңы келишимге кол коюла элек. Бирок азыркы биздин варианттагы келишимде мурдагы жетишкендиктерге кошумча каражаттар каралып жатат".
Боронов кошумчалагандай, "Центерра Голд" менен аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралууда. Ал фонд аймактарда социалдык долбоорлорду каржылоо жаатында иш алып барууга тийиш.
Ал эми кыргыз тараптан мурдагыдай эле "Центеррага" карата экологиялык доодон баш тартуу милдети турабы же жокпу буга өкмөт өкүлдөрү жооп бере элек.
Вице-премьер-министр Боронов жаңы келишимге кол коюлардан мурда өкмөт коомчулук жана парламент менен кеңеше турганын билдирди.
Бирок "Чубактын кунундай чубалган" Кумтөр боюнча кезектеги келишимди даярдоо ачык жүргөн жок деп нааразы болгондор да бар.
Маселен, кендеги көйгөйдү изилдеген жарандык активист Нарис Калчаев өкмөт менен "Центерранын" сүйлөшүүсү жашыруун жүрдү деп эсептейт:
"Сүйлөшүү ачык жүрүшү керек эле. Тилекке каршы, кайсы бир себептен улам жабык өттү. Өкмөт эми эмне өзгөрө турганын толук айтпай жатат. Экинчиден, буга чейин Кумтөргө карата коюлган экологиялык доо боюнча так маалымат жок. Мындан сырткары кендин иштөө шартында эмне өзгөрө турганын да жашырып жатышат. Кумтөргө келишимден сырткары 16 миң 300 гектар жер иштетүүгө берилип жатат деп айтылууда. Бул боюнча да расмий маалымат жок".
Нарис Калчаев келишим күчүнө кире электе өкмөт дал ушул суроого жооп бериши керектегин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жаңы келишимге кол коердон мурда жакшылып талдап чыгуу керек экенин билдирүүдө.
"Кумтөр ар дайым келишим түзөрдө элди ынандыруу үчүн бир нерсени айтып келет. Ал кандай сөздөр? Кыргызстандын пайдасына шарт оңолуп жатат, көбүрөөк каражат бөлүнөт деген эле убадаларды кайталайт. Азыр деле ошол эски пластинка ойнотулуп жаткандай. Болбосо элестүү айтканда, 10 кап түшүм алсак, анын жети кабын компания алып жатпайбы. Биз улам чырылдап үлүштү көбөйт дейбиз, алар аз-аздан каражат бөлүп, алдайт".
Ал ортодо Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги чалгындоо ишине быйыл көбүрөөк каражат бөлгөнү белгилүү болду.
Адистер бул кендеги ишти узартуу аракети экенин белгилешүүдө. Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү буга чейин Кумтөр кени 2026-жылы жабыларын жарыялаган.
Кумтөрдүн чоо-жайы..
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кумтөр өткөн кылымдын 70-жылдарынан баштап чалгындалып, өндүрүш 1996-жылы башталган.
Комиссиянын маалыматына караганда, Кумтөрдө 396 тонна алтын бар деп эсептелген. 2013-жылга чейин 304 тонна алтын иштетилген.
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда андан бери жыл сайын орто эсеп менен 17 тоннадан алтын казылып алынган.
Дагы караңыз «Центеррадагы» сыйлуу орундарНатыйжада азыркы күнгө чейин болжол менен 390 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Мындан сырткары, кендин аймагындагы Сары-Төр участогунда 90 тоннадан ашык алтын бары айтылган.
Кенди канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет.
2009-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, компаниядагы Кыргызстандын үлүшү 33 пайызды түзгөн. Бирок былтыр "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайган. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон. Жаңы операциядан кийин Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин төмөндөгөн.
Көп убакыттан бери "Кумтөр боюнча 2009-жылы бекитилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калган" деген нааразы пикирлер айтылып жүрөт.
Мындай жүйө менен 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин алгач парламенттик, кийин мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бул комиссиялар "учурдагы келишимдер өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген тыянакка келип, келишимди кайрадан карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизген. Ошондой эле кендеги экологиялык маселелер курчуп баратканы айтылган.
Андан бери өкмөт "Центерра Голд" компаниясы менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, абалды жөнгө салуунун бир нече ыкмасы айтылган. Алардын арасында үлүшү 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү, "Центерра Голддун" директор кеңешиндеги мүчөлөрдү алмаштыруу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок бул сунуш ишке ашпай, учурда 2009-жылдагы келишим иштеп жатат.
“Кумтөр” - Кыргызстандагы эң ири ишкана. Ал өлкөнүн ички дүң өңүмүнүн 10 пайызга жакынын жана өнөр жайынын 20 пайыздан ашуун бөлүгүн түзөт.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.