Түштүк Кореяда кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти

Түштүк Кореядагы өзбек мигранттарынын Ош окуяларына байланыштуу нааразылык акциясы, 14-июнь, 2010-жыл.

11-сентябрда кечинде Түштүк Кореядагы Суоң районунун Паран шаарында Кыргызстандан барган мигранттар кыргыз-өзбек болуп мушташа кетишкен. Кагылышуу эмнеден чыкканы азырынча так аныктала элек. Натыйжада кыргыз улутундагы эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийин чет өлкөлөрдөгү кыргыз-өзбек мигранттарынын ушул өңдүү урушу июлда Москвада да болгон эле.

Түштүк Кореяда кыргыз-өзбек болуп Кыргызстандын жарандары мушташа кетишиптир деген кабарды бизге өзүнүн атын атабоону суранган ал жактагы кыргызстандык мигранттардын бири кабарлады.

Анын айтымында, 30 чакты өзбек жана 8 кыргыз улутундагы жарандар бир эле заводдо иштешчү. Айрым маалыматтарга караганда, алар жумуш талашып урушкан болушу мүмкүн. Бирок алардын ортосундагы мамиле Кыргызстанда июндагы улуттар аралык кагылыштан кийин эле курчуй баштаган.

“Азаттыкка” сүйлөгөн мигранттын айтымында, июнь окуяларынан бери Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жана өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар экинчи жолу урушушту. Бирок биринчисинде андан эч ким жабыр тарткан эмес.

Бул кабарды Кыргызстандын Эмгек жана миграция министрлигинин Түштүк Кореядагы расмий өкүлү Бакыт Исаев да “Азаттыкка” тастыктады.

“Биз окуя болгон жерге барганда, ал жерге элүүдөй кыргыз улутундагы жарандарыбыз чогулуп калышыптыр. Өзбектер болсо өздөрүнүн кафесинде чогулушканын айтышты. Анан биз баарын чогултуп, ынтымакта жашоого чакырдык, - деди Исаев. – Биз аларга: Кыргызстанда абал эми эле жакшырып келатса, силер бул жерде минтип мушташканыңар болбойт, деп түшүндүрдүк”.

Бакыт Исаевдин айтымында, азыр окуянын чоо-жайын жергиликтүү полиция териштирип жатат.

“Биз ал жакта таңкы 5:30дарга чейин жүрдүк. Андан кийин полиция менен кабарлашсак, ар кайсыл шаарларда элдер чогулуп жатышканын айтышты. Биз кыргыз да, өзбек да мигранттардын лидерлери менен жолугушуп, тынчтанууга чакырдык. Эки жакты кол алыштырдык. Алар бүт тааныштарына телефон чалып, баары тынч экенин тастыкташты. Бизде аларды катуу жазалайлы деген деле ниет жок. Бул жакта мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен келген жарандарыбыз бар. Алардын баарын эми өлкөгө депортация кылганга мүмкүнчүлүгүбүз да, ниетибиз да жок”, - деди Эмгек жана миграция министрлигинин Түштүк Кореядагы расмий өкүлү Бакыт Исаев.

Кыргызстандагы июнь окуяларынан бери чет мамлекеттерде кыргыз-өзбек улутундагылар ортосунда мушташ алгачкы жолу болуп жаткан жок. 26-июлда Москвада да Өзбекстандын кырктай жараны менен Кыргызстандын жыйырмадай жараны уруша кетишкен эле. Натыйжада кыргыз улутундагы бир мигрант бычак жеп, оорууканага жаткырылган.