СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

1985-жылдын 1-сентябры. Чыңгыз Айтматов (1928-2008) ордо шаардагы үйүндө ойлонуп отурат. Деги, ошол мүнөттө залкар жазуучуну кайсы көйгөй терең ойго салды экен? Балким, сөздүн гүлүн издеп жаткандыр?

Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы. Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи. Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин мурасын, жомок-дастандарды, Юдахин жыйган сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары мурда “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана 21-кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.
Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы. Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи. Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Баса, өз атын же адабий атын жазбай, кайсы бир тараптын жана кишинин беделине шек келтирип же орой сөздөрдү камтып жазылган пикирлер чыпкадан өткөрүлбөйт.