Кара сөз акынынын уруш күйүтүн тарткан карыя тууралуу аңгемеси

Чүйдөгү Кант районунун “Боз бармак” колхозунун сокочусу. 1943-жыл.

Кара сөз чебери, кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун аңгемеси тууралуу адабият таануучунун сереби.

Кыргыз прозасынын көйкашкаларынын бири, эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун (1930—1998) аңгемелеринде айыл турмушу, согуш кезине туш келген балалык таасын чагылдырылат.

Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов (1930—1998).

Кан майдан алыста болгону менен оорукта калган карылар менен балдардын кыйын турмушу жазуучунун аңгемелеринде абдан элестүү сүрөттөлгөн. Алардын бир тобу кыргыз аңгемесинин көркөм жетишкендиги катары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

"Орозбай келсе үй салабыз"

Аңгемеде согуш учурундагы алыскы кыргыз айылындагы оор турмуш баяндалат. Турмушка жаңыдан аралаша баштаган өспүрүмдүн дүйнө кабылдоосу аркылуу эрки күчтүү улуу адамдын эрдикке тете эмгеги көрсөтүлөт. Чыгармадан оор сыноого кабылган адамдардын өз ара мамилелерин, алардын кыйын кезеңдеги адеп-ыймандык дүйнөсүн баамдоого болот.

Жумакадыр абанын эмгеги аркылуу автор кайраттуу кыргыз адамынын образын түзгөн. Аңгемеде баяндалган окуялар 7 жылдык мектепти жаңы бүткөн өспүрүм менен Жумакадыр абанын колхоздогу иштерине байланышкан. Жазуучу кан майданда өмүрүн тобокелге салып жоокерлер душман менен бетме-бет согушуп жатышса, оорукта деле андан кем эмес күрөш жүргөнүн, каржалган калк баарына чыдаганын бир адамдын иши аркылуу баяндап берет. Кан кечип согушта жүргөн баласы менен тынымы жок атанын ортосундагы көркөм параллелдин маани-жайы өлүм аркылуу чечмеленет.

Баласы согушта курман болгонун атасы ансыз деле кайгыга баткан жакындарына, айылдаштарына айтпай, күйүтүн өзүнчө басып, колхоздун жумуштарын аткарып жүрүп, жедеп чыдамы бүткөндө бу жарыкчылык менен коштошот.

Жумакадыр абасынын кандай киши экенин жакындан билген Сапарбек - жети жылдык мектепти аяктап, окуусун уланта албай айылда калган өспүрүм.

Бул жагынан Шабданбай Абдырамановдун каарманы окурман журтуна жакшы тааныш Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласындагы” Сейитке кайсы бир деңгээлде окшошуп кетет.

Сапарбек - өгүз менен эшектерге эгин артып алып айылдан поюз жол пунктуна эгин ташыган, Жумакадыр абасынын жанында жүрчү жардамчысы. Айылда эр жигиттер аз, түйшүктүн баары келин-кыздарга, чал-кемпирлерге, балдарга жүктөлгөн.

Автор айтмакчы, “турмуштун туткасы ошолордун колунда. Алардын таянычы кажырдай каржайган чал-кемпир, мен сыяктуу кабыргасы ката элек жаш балдар. Ырас, турмуштун баасы аябай арткан кез”.

Сапарбек Жумакадыр абасы менен ар кыл турмуштук кырдаалдарда чогуу болот. Кичинекей бала менен кары адам аштыкты тегирменге алып барып тарттырып келишет. Баарынан да баланы бригадирден таяк жеген чалдын унчукпай тим болушу, а бирок үйү күйүп кеткенден кийинки маанайы баланы чындап эле таң калтырат.

“Мен таң калдым. Тамынын күйүп кетиши буга кайгы эмеспи? Бир жагынан кыш түшүп отурса, билеги жоон уулу үйүндө эмес. Эч болбосо өрттөнгөнүнүн себебин билгиси келбейби?

— Атасынын көрү, баары бир бузат элем. Орозбай аскерден келери менен дароо жаңы үй салдырам,— дейт карды аралап басып, күрөгү менен сузуп, азыр эле куруп жаткандай чын дити менен берилип сүйлөп,— оозун тиги жагынан чыгарабыз. Эки бөлмө болот, ортосу далис.

— Жумаке, кандай болуп өрт кетти? — дейт келгендер.

— Мору жаман эле, от кетиптир.

— Ким билет, капырай...

— А,— дейт Жумакадыр абам камырабай кол шилтеп,— антпегенде бирөө өрт коймок беле?

Түндөтөн бери көңүлүмдөн кейип, чын пейилимден жан тартып турган мен, алда негедир, ыраазы болбогондой абалда калдым. Же кейише албайм, же чалды ичтен тилдеп кете албайм.

Ошондон кийин Жумакадыр абамы барып турган түнт адам элестетчүмүн.”

Түн караңгы, жол алыс

"Мектепти бүттү" дегени менен Сапарбек деле жаш бала. Ошон үчүн ал түн ортосунда узак, ээн жолго чыгуудан чочулайт.

“Унду унааларга жаймалап жолго түштүк. Түн караңгы. Токой аралап, бирде капталдап, артуу-мартуу келатабыз. Чөп аябай өскөн кез. Ар бир кадам сайын денем жыйрылып коркунучтамын. Бир балакет чыгып баса кала тургансыйт. Кээ бир унаалар үйгө караганда ылдамдайт, кээси оорлоп жүрө албай бириндейт. "Караңгыда жоготуп ийбейли, сен алдына түш, чогуу алып кетели" дейт Жумакадыр абам. Балээни мен алдына түшөмбү? Же артында болушум керек, бирок анысы андан жаман эмеспи. Жумакадыр абам камырабайт. Өр тарта жай басып келатып кадимкидей уктайт. "Басып келатып уктайт" десе эч качан ишенбес элем. Кээде кадимкидей коңурук тартканга чейин жетип, чайпалып токтоп калат.

— Жумакадыр аба, баспайсызбы, унаалар бириндеп баратат го,— дейм ыйлактап.

— Мейли, барса туура үйгө барат да.

— Ит-куш учурабайбы жолдо?

— Ит-куштан корксо шашпай бассын, ах-ах-ах... деп салмактуу карсылдап күлүп алат. Анан илгерки бир эски овонду кыңылдап ырдайт.

Баркырак сары жылдыздын

Батар жери кайсы жер!..”

Чал менен жаш баланын түйшүгү жалаң эгин ташуу менен эле чектелбейт. Согуш адамдардын кимдигин, кандайлыгын кашкайта ачып койчу сыноо да экен. Маселен, урушка барбай калган бригадир Абдыкар үйүнө кетип, эртеси кечирээк келген Жумакадыр абаны токмоктоп да коёт. Бригадирге унчуга албаган кары менен бала бригадир жумшаган иштен калышпайт.

“Таразалап, каптап-тигип, күймөнүп улуу шашкеде, кээде түшкө жакын жолго түшөбүз. Кара жол борпулдап тизеден чаң, унаалардын артынан уюлгуп көтөрүлөт. Пунктка жакындай берген учурда Жумакадыр абамы таанууга болбой калат. Үксүйгөн кылкандай кашына, ак чачына чаң отуруп, демейки кызыл көзү нымдашып, ого бетер чычала болуп канталап кетет. Ал ошол бопбоз бойдон аарчынбайт да, күүнбөйт да. Пунктта араба, төө, дагы түрдүү унаалар толуп турат. Аны айдагандар торбодай балдар, катындар, чалдар...”

"Көңүлүм бир түрдүү кусалыкка жык толуп"

Кара жумушка келгенде Жумакадыр аба эч качан жок деген эмес. Оор каптарды пунктта бийикке алып чыгып төгүп келиш да анын милдети, жаш бала - унааларды карап турчу гана жардамчысы.

“Жумакадыр абам өгүзгө жапма салынган каптарды отура калып жонуна коюп, жермөлөй калып кайра-кайра күчөнүп араң турат да, эки-үч жолу ыкшап дал далысына чыгарып, анан тамтаңдап араң басып, күч менен тээ өйдө көтөрүлүп, дубал кырдап барып түшөт. Катуу күчөнүүдөн уламбы, анын муундары калчылдап, ийин кагып демигип калат. Белиндеги курунун бир учун чыгарып, ылайланган маңдай терин сүртүп алып, кайра экинчи капты көтөрөт. Антпегенде кимди күтмөк, менин бир капка алым кайдан жетсин?

Бир күнү кырманда кызыл даяр болбой бир топко кечиге турган болуп калдык. Жон жакка жайылган өгүздөрдүн артынан кеткен Жумакадыр абам кечикти. Ана келет, мына келет, жок. Кырманчылар эгинди каптап коюшту. "Жөнөгүлө!" деп шаштырышат.

Мен жүгүрүп чыгып барсам Жумакадыр абам жондун түгөнүшүндөгү тумшукта экен. Тээ боз чалган төмөн жакты ээгин көтөрө чарчаңкы тиктеп ыйлап отурат. Сабдалдуу көк-ала сакалынан ылдый тунук жашы мөлт-мөлт кулап, кирдеп калган жегдесинин этегине тамчылайт. Аянычтуу... Мага кылчайып да койгон жок. Ылдый жактан жүз бурбайт. Бул тумшуктан өрөөн ичи тээ Жалал-Абадга чейин көрүнүп турат. Улам нарылаган сайын боз калыңдашып, мунарык тартып эч нерсе көрүнбөйт. Бир топко карап туруп, менин да көңүлүм бир түрдүү кусалыкка жык толо түшкөнсүп, алда кандай абалга келдим. Жумакадыр абамын жүзүнө улам аянычтуу тиктеп коюп, үнсүз отура бердим. Анын күрөө тамырлары чыгып, жаак сөөктөрү аштоо-аштоосунан билинет. Үксүйгөн өскүлөң кашы кылкан болуп, чөйчөгүнөн курчу качкан көздөрү чөлмөктөгү суудай жылтырайт.

Жумакадыр абам көптөн кийин ордунан турду. Чак түш кыңкая бергенде жолго чыгып пунктка жөнөп кеттик”.

Ошол күнү алыстан чарчап келишкен чал менен бала кырмандагы осол окуяга күбө болушат. Балдарына кууруп бергени азыраак буудай алышкан аялдарды Абдыкар бригадир кармап алып урушуп аткан экен. Демейде унчукпаган Жумакадыр аба аялдарга болушуп колхоз активин уруп коёт.

“- Ой Абдыкар, болду эми, койдум дебедиби.

- Сен буга эмне үчүн аралашасың! Бас тигиндей, өз ишиңди кыл!

Кагуу жеген Жумакадыр абамын калың кабагы жыйрылып, кандайдыр түнөрө түшкөндөй көрүндү мага.

— Ок, найсап,— деди Жумакадыр абам тиштенип араң айтып,— сентинерлеп сатып, пайдалансаң душман эмессиң. Ушу бечара кокустан алган эки кило неме үчүн айыптуу болобу? Ошо балдардын атасы кан кечип жүргөн жокпу?

— Сен эмне дейсиң куу сакал? — Бригадир кебелбей барк этти.

Жумакадыр абам байкоосуз бригадирди желкеден алып, тегеретип келип кырманга бир чапса болобу. Жумакадыр абамын чеңгелиндеги бригадир менин көзүмө мышыктай алсыз, байкуш болуп көрүндү. Тургандар Жумакадыр абамы жылдырбай кармап калышты. Тим эле мыжыгып жибергени жүрөт. Кишилердин кармаганына болбой, капастагы арстандай чамынып, буркан-шаркан түшүп жулунат. Коё берсе соо кыла турган эместей. Баягыда ушу бригадир орок менен төшкө чапканда бул күчү кайда экенин билбейм.”

“Бул – карапайым кыргыздын өлүмү”

Ушул окуядан көп өтпөй кажарлуу карыяны оор кайгы биротоло алып түшөт. Жумакадыр абасынын каза болгонун биринчи болуп Сапарбек көрөт.

“Бир далай жортуп барганымда Жумакадыр абамын жолдон бир аз четке чыгып кыңкайып жатканын көрдүм. «Түндө чарчап келип ушерде калган тура» деген ойдо жанына жүгүрүп барсам, уктабай эле, көгүлтүр ачык асманды көз ирмебей бир калыпта тиктеген бойдон...

— Жумакадыр аба,— деп колунан тартып ийсем, муундары бүгүлбөйт. Күтүүсүз ой башыман жылт этип, жүрөгүм укмуш бир туйлап кетти. «Эмне кылам? Анын кейпи алда кандай суз, зээнге тиер көрүндү. Дал бүгүн мен барбай ушинттиби? Мен ага кара санадымбы?». Мен эми коркууну түк унутуп калдым. Кайра анын жүзүнөн сыр күткөндөй тигиле карап тура бердим. Жумакадыр абам демейдегисинен такыр башкача: бир аз кылгырыңкы көзү күлүмсүрөгөнсүп, таңкы тунук асмандын түпкүрүнө түбөлүккө камырабай ишенимдүү тиктеп, кең көкүрөгүн ого бетер керип кыймылсыз суналып жатат. Болор-болбос жүргөн желге сабдалдуу ак сакалы сеңселген сайын улам жанданып келаткандай, жүзү эч нерседен камырабагансып бир калыптан өзгөрүлбөй сыймыктуу да. Ырас, дал ошондой... Бул — карапайым кыргыздын өлүмү!.. Өлүм дегендин зээнди кейитер айтып бергис жагы да, таптакыр эстен кетпестей кайталангыс жагы да бар экенин өмүрүмдө биринчи жолу өз көзүм менен көрдүм...”

Чогулган эл карынын чөнтөгүнөн эки-үч ай мурда келген “кара кагазды” табат. Анын ишенген жалгыз уулу Орозбай согушта курман болгон экен. Карыя оор кайгысын өзү гана көтөрүп, мүшкүлүн башкалардан жашырып койгон экен.

“Мен ошондо гана ыраматылык Жумакадыр абамын кийинки кездерде эмне үчүн таптакыр өзгөрүп кеткенин билдим”,- дейт автор.

Аңгеменин соңунда автордук бүтүм чыгат.

“Сен согуш майданында болдуң беле? Чабуулда учкун алдыда баратып, дал жүрөгүнө ок жаңыла кулап түшүп, эл тагдыры үчүн көкүрөк керип жан берген баатыр солдатты кердүң беле? А мен... Мен кергөнмүн! Ал — Жумакадыр абам! Ал — солдат...”

Кандуу согуштан Шабданбай Абдырамановдун жакындарынын көбү кайтпай калды. Бапыраган айылды мостойтуп кеткен ошол оор кайгы, бүтүндөй бир муунду жалмап кеткен оор турмуш кийин жазуучунун аңгеме, повесттеринде бийик көркөмдүктө чагылдырылды.

Автор өзү аралашкан, бала кезинен тааныш айыл турмушун, согуш учуруна туш келген балалыгын кийин чыгармаларында кемелине келтирип жазганын бала кезден чогуу өскөн айылдашы, ардагер мугалим Талипбай Салиев агай да айтып отурат.

- Аңгемеге Абдыкай акенин “Аскерге кетсем ким калат, Артымда жалгыз Бекмамат” деген ыры кирген. Баары эле ушул айылдан. Жумакадыр, Жумабай дегендер, Анар эже сельсовет болчу. Жумакадыр акенин жалгыз уулу бар эле, ал согушка кетип келбей калган. Аңгемедеги каармандардын прототиптери айылда жашачу. “Айдана” аңгемесинин прототиби деле айылдагы мектепте иштеп, анан Алайга кеткен келин болчу. "Кандуу согуш болбосун" деп “кара кагаз” келгендеги кыздын ыйлаганын жазат. Бул айылда болгон окуя. Шабданбайдын бир тууган агасы согуштан кайтпай калды, андан “кара кагаз” келген.

Шабданбай өзү мектепте иштеп жүргөндө эле жазып, адабий чыгармачылыкка кызыгып жүргөн.

Жазуучунун чыгармаларынан “тааныш адамдарды” таап, адабий каармандын прототиптерин кеп кылып, уруш учурундагы оор турмушту эстегендер азайып баратат. Сүрөткердин кыйла жылдар бою өз айылында мугалим болуп иштеши, айылдыктардын башына түшкөн мүшкүлдү өзү башынан өткөрүшү кийин чыгармаларына түгөнгүс “гүлазык” болуп берген.

Белгилүү жазуучу Касым Сулайманов - Шабданбай агайынан билим алган, анын жазгандарын калтырбай окуган ыкластуу шакирттеринин бири.

- Шабданбай агайдын чыгармаларын талашып жүрүп окудук. Кийин “Айдана” деген аңгемесинде жакшы кыздын татаал тагдырын келиштирип жазды. Агайдын аңгемелеринде биз көрүп, катышып жүргөн айыл турмушун баяндачу. Ар бир каарманынын турмуштук негизи ким болгонун билип алчубуз. “Тааныш адамдар” деп атпайбызбы. Агай өзү поэзияга караганда кара сөздүн мүмкүндүгү кенен экен, "ырдан кара сөзгө өттүм" деп койчу эле. Анан Шабданбай агайым сүрөттү мыкты тартчу. Кийин акындыгынан да, сүрөтчүлүгүнөн да баш тартып, жалаң кара сөзгө кирип кетти. Кара сөздүн акыны эле.

Убакыт билинбей колдон суурулуп, Улуу Атамекендик согуштун оор күндөрү тарых бүктөмүндө калып, анын трагедиясы көркөм адабиятта калды. Ошондой убакыт өтсө да сыры өчпөс көркөм шедеврлердин бири - мына ушул “Солдат” аңгемеси. Аны согушка кеткен агаларын күтүп, балакезинен кайгы даамын сезген таланттуу сүрөткер жараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.