Аида Кадырбаева: Рингден ары кадимки кызмын

Аида Кадырбаева (оңдо) таймаштардын биринде. Сүрөт Аиданын жеке архивине таандык.

"Журтташтар" түрмөгүбүздүн бул жолку коногу - учурда Москвада жашаган 18 жаштагы Аида Кадырбаева.
Учурда Москва мамлекеттик башкаруу университетинин студенти Аида профессионалдык бокс менен машыгып келатат жана алдыда оор таймаштарга катышып жатканын айтат. Кыргызстандан мындан тогуз жыл мурда Москвага үй-бүлөсү менен көчүп кеткен Аида Кадырбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, кантип бокс менен машыгып калганын айтып берди.

Кадырбаева: Мен кичинемден эле эркек балдар менен мушташып жүргөнүмдү айтышат. Ата-энем негизи эркек баланы каалашкан экен. Бокстун мага түпкү философиясы, идеясы төп келет. Мен да бир нерсе колуман келбесе, акыр- аягына чейин үйрөнмөйүн аны таштап койбойм. Рингдеги атаандашым менден күчтүүрөөк болсо, мен андан да көп машыгып, аны жеңмейинче токтотпошум керек деп билем.

"Азаттык": Бокс менен машыга баштаганыңызга бир эле жыл болгон турбайбы? Кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

Кадырбаева: Чындап айтканда, адам канча жыл машыкканы анча деле мааниге ээ эмес. 5-6 жыл машыгып деле эч нерсеге жетпегендер бар, ошол элде маалда жарым жылда ийгиликти багындыргандар көп. Бокс менен машыгуу үчүн генетика, буга ылайыктуу мүнөз болушу керек. Келип, мүшөктү ургулап эле кетип калбайсың. Талыкпаган машыгуулар керек. Чыдамкай болушуң шарт. Мен азырынча түрдүү таймаштарга катышып жатам. Чоң таймаштардын бири келерки айда, мартта Москва үчүн күрөштө болот. Келерки жылы Орусиянын чемпиондугу үчүн таймашка катышам. Мен азырынча Москва үчүн таймашты утканга аракет кылышым керек деп даярданып жатам.


"Азаттык": Сиз азыр бокс менен профессионалдык деңгээлде машыгып жатканыңызга ата-энеңиз кандай карайт?

Кадырбаева: Үйдөгүлөр менин бокс менен машыкканыма жакшы эле карашат. Атам дайыма таймаштарыма келип, колдоп турат.

"Азаттык": Сүйлөшкөн жигитиңиз барбы?

Кадырбаева: Жок. Азырынча абал бир аз оорураак, убактым жок.

"Азаттык": Бирок жигиттер сиздин боксер кыз экениңизден коркушпайбы?

Кадырбаева: Жок, коркушпайт. Мен залда урушуп, кээде жигиттерди да оодара урушум мүмкүн, бирок сыртка чыгаарым менен мен кадимки эле кызмын. Аял киши эмне менен машыкпасын, баары бир назиктигин жоготпой, аял бойдон калганы жакшы. Мен эң оболу аялмын.

"Азаттык": Аида, бокс сиздин жашооңузда кандай орунда болот деп ойлойсуз? Бул хоббиби же сиз профессионалдык деңгээлде аны менен машыгууну улантам деп жатасызбы?

Кадырбаева: Албетте, мен бокс менен профессионалдык деңгээлде машыгууну уланткым келет. Ошол эле маалда кайрымдуулук ишимди да таштап койгум келбейт. Аны мен эми гана баштап, эми гана база түзө баштадым. Бир нече балдар үйүнүн ишине жардам бере турган болуп, кечээ келишимге кол коюп келдик. Биздин кайрымдуулук ишибиз көбүрөөк онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүүгө арналат. Аларга оюнчук, кийим-кечек топтойбуз. Азыр демөөрчүлөрдүн базасын түзүп жатабыз. Байлардын арасында бизге жардам берем деген, ак ниет адамдар жок эмес.

А.Кадырбаева: "Болочокто жаш балдар менен иштеген кайрымдуулук корумду түзгүм келет"



"Азаттык": Аида, 18 жашта экениңизге карабай, окууңуз менен кошо спорт менен да машыгып, анан кайрымдуулукка да аралашам деп жатыптырсыз. Азыр бааарына жетишип жатасызбы?

Кадырбаева: Мен өзүмдү ар тараптуу өнүккөндү каалаган адам деп билем. Бир эле иш мага жетишсиз. Үйдө болсо китеп окуганды жакшы көрөм, көп окуйм. Бирок азыр спорт, окуу, кайрымдуулук болуп, тилекке каршы, китепке убактым барган сайын азайып баратат. Бокс менен күнүнө 1,5 - 2 саат машыгам, таймашка даярданганда күнүнө 2 сааттан эки жолу машыгам.

"Азаттык": Эмнелерди кыялданасыз, кандай максатыңыз бар?

Кадырбаева: Менимче, ар бир эле спортчунун максаты - Олимпиадада жеңишке жетишүү болсо керек. Мен да ошону кыялданам. Өзүмдүн кайрымдуулук корумду түзүп, бактылуу жубай, эне болгум келет.

"Азаттык": Сиз Кыргызстандан кеткенде 3-класста окугам дедиңиз. Азыр деле кайра мекениме кайтам деп жүрүптүрсүз. Негизи сиздин бүт эс-тарткан учуруңуз Орусияда өтүп жатат да. Кыргызстан сизге эмнеси менен кымбат?

Кадырбаева: Мекенимди сагынам. Тогуз жыл мурда Оштон көчүп жатканыбызда менден “Кеткиң келеби?” деп эч ким сураган деле эмес. Бүгүн эми мен, маселен, кээде жөнөкөй эле тандырда жабылган нанды ушунчалык сагынып кетем. Дагы жакшы, Москвада азыр кыргыздар көп. Дээрлик ар бир подьездде бир үй-бүлө табылат. Манты жасагың келсе, тигил же бул подьездге кирип эле таап келсең болот. Кыргызстандагыдай эле.