Соңку кездери акыйкатчынын айланасындагы талаш-тартыштар күчөп, коомчулукта бул талаштын төркүнү кайда жатат деген суроолор туулууда.
Чырдын башы батирдеби?
Акыйкатчы Турсунбек Акун өз айланасындагы талаш-тартыштар мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна байланыштуу деп эсептейт. Акундун айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы болуп турган маалында, Бишкектин чок ортосундагы Акыйкатчы институтуна тиешелүү 4 бөлмөлүү батирди менчиктештирип алган. Чырдын баары ошол батирди кайра артка кайтарып алуу аракетинен кийин күч алууда:
- Бишкектеги Кара-Суу көчөсүндөгү 71-үйдө биздин 4 бөлмөлүү кызматтык батирибиз бар, жанагы "Океан" дүкөнүнүн жанында. Ошол батирде Турсунбай Бакир уулунун аялы жашап турат, балдары менен. Ошол батирди бизден менчиктештирип алып алган. Акыйкатчы институтунун балансында турган батир ал. Мен аны сотко берип, кайрадан жеңгени атам, кайрадан батирди алганы атам артка. Ошондуктан ал эптеп ошону алып калыш үчүн жан талашып атат. Ал батир 100 миң доллардын айланасында. Мени азыр жаманатты кылыш үчүн кызматтан кеткен кээ бир адамдарды айланасына топтоп, комитеттин мүчөлөрүнө бир жактуу маалыматтарды берип, аларды ишендиргенге аракет кылып атат.
Турсунбай Бакир уулу болсо буга чейин Турсунбек Акундун бардык айыптоолорун четке кагарын, кимдин күнөөкөр экенин сот гана аныктай турганын айтып келген. 4 бөлмөлүү батирдин менчикке чыгып кетүүсү, азыркы акыйкатчы менен болгон чырлашуулар тууралуу комментарий алуу максатында ага байланышуу аракетибиз азырынча оңунан чыкпай турат.
Бакир уулу учурда парламенттеги Адам укуктары комитетинин мүчөсү, “Ар-Намыс” партиясынан депутат болуп отурат. Ал кыйладан бери эле Турсунбек Акун менен каршылашып келет. Мурда ал акыйкатчы кезинде эле Турсунбек Акундан сын угуп жүрчү. Кийин экөөнүн орду алмашканда деле Акун мурдагы акыйкатчынын туура эмес иштери көп экенин айтып чыккан. Эми болсо Турсунбай Бакир уулу депутаттыкка жетип, чабуулга өткөндөй.
Акыйкатчыны күн карамага айлантуу аракетиби?
Турсунбек Акундун баамында, учурда Турсунбай Бакир уулу аны кызматтан кетирүүгө жан далбас кылып, ошол эле комитеттин төрагасы Дастан Бекешовду көндүрүп, “аны акыйкатчы болосуң” деп ынандырган болушу мүмкүн.
Ал эми Дастан Бекешов өз кезегинде Акыйкатчы институту тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыкты. Анда парламентке акыйкатчыны оңой-олтоң кызматтан алуу укугун берүү маселеси каралган. Бир катар укук коргоочулардын айтымында, бул мыйзам долбоору Акыйкатчы институтун күн карама, чөнтөк органга айлантуу аракети жана ал өлкөнүн демократиялык багытына толук каршы келүүдө.
Турсунбек Акун Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорун Дастан Бекешов менен Турсунбай Бакир уулу мүчө болуп турган “Ар-Намыс” партиясы сүрөөнгө алууда деп эсептейт. Белгилүү болгондой, бул партия “Кыргызстанда парламенттик система ишке ашпайт” деген Кремль төбөлдөрүнө өтө ыктаган саясий уюм катары таанымал.
Айрым арыздардын негизинде Акыйкатчынын ишин текшериш үчүн атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, Турсунбек Акун көптөгөн кызматкерлерин эч себепсиз кызматтан алып салган. Бул комиссиянын жетекчиси Шарапаткан Мажитованы угалы:
- Бизге бир нече арыздар келип түштү. Биз ошол арыздарды иликтөө боюнча барсак, чындап эле адамдардын эмгек укуктары абдан бузулган экен. Мурдагы жылдардыкын, кийинки жылдардыкын салыштырып көргөндө, борбордук аппаратында 55 адам иштейт экен. Алардын элүүсү бошотулуптур да.
Акыйкатчы институтунун кызматтан кеткен мурдагы үч кызматкери Турсунбек Акунга каршы парламентке арыз менен кайрылган. Кийин 20 адамдын колу коюлган дагы бир арыз келип түшкөн. Акыйкатчы болсо, алардын бардыгы мурдагы акыйкатчынын туугандары, дос-тааныштары болгонун, азыр болсо “Ар-Намыс” фракциясынын айрым мүчөлөрүнүн Акыйкатчы институтунда иштеген кыздар-балдарын да бул ыплас оюнга аралаштырып атышканын айтууда.