“Кана айткылачы, “кара жашикти” кимиңер агарта аласыңар?”

Коомдук телерадиокорпорация.

Бүгүн “Ачык сөз”, “ПолитКлиника”, “Де-факто”,“Азия нюс” гезиттери чыкты.

“Ачык сөз” гезитинде Жора Сулайманов “Референдум өткөрүүгө кимдер каршы?” суроосуна жооп издеген. Гезитте ошондой эле “Осмонакунду баалаган киши табылды, “Кана айткылачы, “кара жашикти” кимиңер агарта аласыңар?”, “Май жутар” Маматовдун жоруктары”, “Камчыкенин кадамынан майнап чыкса экен”, “Келдибековго он миллион сом кеп бекен?”, “Мырзакматовдун эмнесине ашык болушат?” деген аталыштагы пикирлер топтомуна орун берилген.

Басылмада окумуштуу Сыртбай Мусаевдин “Байыркы бабалардын изи менен же Монголийа кайрыктары” деген макаласы да жарыяланган. Быйыл күздө Монголияга барышкан кыргыз илимпоздору ал жерде жашаган он миңдей, өздөрүн Таластан келгенбиз деген кыргыздар менен жолугуп кайтышкан. Автордун ырасташынча, “ал жерде алар казактарга, монголдорго караганда оокаттуу, билимдүү жакшы турушат көрүнөт. Ошол Бейсембайдын айтканына караганда (бул киши ошол аймактын (облус) башкы врачы болуп 25 жыл иштептир, бир нече жолу депутаттыкка шайланыптыр, мыкты хирург экен), 1991-жылы Назарбаев казактарды чакырганда, булар Акаевге кат жазышыптыр, биз кыргызбыз, бизге да көңүл буруп, моралдык жардам көрсөтсөңүздөр деген кыязда. Жооп болбоптур, андан кийин да бир нече жолу кат жазышыптыр, жооп болбоптур. Менимче, Акаевди тегеректеп жүргөн айрым бир чөөлөрдүн үстөлүндө калган көрүнөт, алардын өтүнүч каттары. Акаевди ошолор сойбодубу”. Монголиянын Байан Улгий аймагында жашаган кыргыздар бул жактагы улутташтары менен катташып, аралашып, балдарын Кыргызстанда окутуп, кыргыз мамлекетинин аларга моралдык колдоо көрсөтүшүнө кызыкдар экен.

Гезитте жазуучу Самсак Станалиевдин Аалы Токомбаевдин өмүр жолуна арналган “Улуу акындын тек-жайы”, Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенованын “Мен жетекчи эле эмес, врач экенимди дагы унутпашым керек” деген маеги жарыяланды.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке импичмент жарыялоого негиз барбы?” деген суроо менен биртоп саясатчыларга кайрылган. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Эки айдын ичинде укуктук база даяр болот” деп, президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов: “Бул саясий шоу” деп, саясатчы Эдил Байсалов: “Эң туура кадам болду” деп, академик Жамин Акималиев: “Импичмент деген бир паста чечиле турган маселе эмес” деп, серепчи Бакыт Бакетаев: “Импичменттин аркасында Атамбаевдин аброю көтөрүлөт” деп, серепчи Марс Сариев: “Импичментсиз деле Атамбаев кийинки жылы кызматынан кеткен атпайбы” деп, депутат Исхак Масалиев: “Импичмент жарыялоонун негизи да, келечеги да жок” деп, мурдагы депутат Жылдыз Жолдошева: “Соодалашуу жолуна өтүү тактикасы катары кабыл алса болот” деп, жарандык активист Адил Турдукулов “Азыр болуп жаткан көйгөйлөргө биринчиден, Атамбаев жоопкер” деп жооп беришкен.

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркуловдун “Менин чет мамлекетте эмес, Бишкекте да бизнесим жок” деген маеги да ушул санда. Жогорку Кеңеш депутаттары Кожобек Рыспаевдин “Мен эч качан касапчы болуп иштеген эмесмин. Бирок малды жакшы соём”, Экмат Байпакбаевдин “Бизнести навайканадан баштагам”, Кымбат Турдубекованын “Куран окутканды үйрөткөн бала бакчалар көзөмөлгө алындыбы?” деген макаласында диний жагдай жайында кеп болот.

“Де-факто” гезитинде парламент депутаты Улукбек Ормоновдун “Бизге азыр биримдик керек”, Нургазы Айтмырзаевдин “Өзгөртүүгө багытталган Башмыйзам тууралуу”, Жыпар Жекшеевдин “Текебаев куугунтукка кабылган адамдын образын жаратууда”, жазуучу Олжобай Шакирдин Кубатбек Жусубалиев менен маеги жарыяланды. Кубатбек Жусубалиев “Бүгүнкү коомго бир карасаң түкүргүң келет, бир карасаң өтө ойлондурар кырдаалдабыз” деген маегинде “Өзүн-өзү тааныган жанды адам дешибиз керек. Адам өзүн таанууга аракет кылышы керек. Бул күнү да, түнү да бүтпөй улана берген иш экен. Тынымы жок изденүү бул. Адам өзүн-өзү тааныганда барып кудайды билет экен. Ошондо барып адамдын эмне үчүн жаралганын, кайдан келгенин, кайда барарын, азыркы абалы эмне менен бүтөрүн аңдайт” дейт.

“Азия нюс” гезитинде Сурат Жылкычиевдин коомдук ишмер Эдил Байсалов менен маеги жарыяланган. Маек “Атамбаев улуу Путинден үлгү алса болбойт беле?!” деп аталат. Саясый илимдер доктору Жолборс Жоробековдун “Табышалиев кашыктап чогултканды азыркылар чөмүчтөп чачышты” деген макаласында ушу таптагы Кыргыз улуттук университетинин абалы тууралуу кеп болот. Гезитте “Фарид Ниязовдун кубулма жүзү”, “ИИМдеги “крысалардан” кутулууга мезгил келди”, “Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?”, “Кошёлок” Малабаев келин алып дүңгүрөтө той берди”, “Социалдык түйүндөрдө Адахан Мадумаровдун рейтинги алдыда”, Таалайбек Сарыбашевдин “Ош облусунда референдум колдоого алынууда” деген маектери да жарыяланган.