Бир мамлекетти эки киши калчайбы?

Бөдөш Мамырова.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Көк асаба” гезити бул санын жазуучу Абдымамбет Сариевдин “Мамлекетке кандай Конституция керек” деген макаласы менен ачты. Чолпонбек Капарбек уулу мындан ары жаштардын коомдогу орду кандай болот деген суроого жооп издеди.

Гезитте көзү өтүп кеткен карыя журналист Кенжалы Сарымсаковду эскерүү, комуз фестивалына арналган макала, Кымбат Жолдошеванын “Изги шөкөт” деп аталган туш кийиздердин көргөзмөсү болорун кеп кылган баяны, пайдасы тие турган кеңештер бар.

“Вечерний Бишкек” гезитинен “Сессияда жеңил маселе болбойт” деген, “Бийликти колдонууга мезгил жетти” деген, “Пособие көбөйдү” деген, журналист Бермет Маликованын парламенттеги талкуудан жазганы менен таанышасыздар. Басылма ошондойле жакында Москвада РСФСР Жазуучулар союзу орус жазуучусу Василий Шукшиндин 85 жылдыгына карата юбилейлик медаль чыгарып бир катар калемгерлерге тапшырганын, Шукшиндин медалы Кыргызстандан прозаик, балдар жазуучусу Аман Нааматовго тапшырылганын кабарлады.

“Майдан” гезитине коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова “Батукаев боюнча Атамбаевге күнөө тагыла турган болсо, билип туруп учурунда айтпай койгону үчүн Текебаев да жооп бериши керек!” деген ат менен маек курду. Мамырова Конституциянын оош-кыйышына пикирин билдирди. Албетте, оңдоп ала турган мүчүлүштүктөр барын, андайлар оңдолушу керектигин белгиледи.

Президенттин өткөндөгү сөзүнө токтолуп, өтө терең кетип, чоң талкууга "жем" таштаганын, 2010-жылы мародерчулук болгондугун, аны эч ким тарыхтан өчүрө албастыгын, жалгыз эле Бишкекте эмес, жер-жерлерде да болгонун белгилеген Бөдөш айым: “Эми мунун баарын катып, сактап, компромат катары кармабай, ошол кезде эле алып чыкса болбойт беле, президентте бул боюнча далилдер барбы, кимдер жасаганын билеби, анда колуна салып берсин. Мамлекет башчысы менен бакандай саясатчы абысын айтыш кылып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, улам бири маалыматтарды чубап чыга баштаганы бул жакшы көрүнүш эмес. Текебаев айтып атпайбы, “өкмөт башчы президентке жакпай калса мени чакырып, кетир десе кетирип берчүмүн” деп. Ушундай жобо кайсыл мыйзамда бар? Же “Атамбаев айтканды Текебаев барып чаап салсын деп” Башмыйзамда жазылыпбы? Бабанов президентке жакпаптыр, Текебаев айдаптыр. Сатыбалдиев да жакпаптыр, анын айласын да Текебаев тааптыр. Келдибеков “камалыш” керек десе камалыптыр. Көрсө биз Конституциясы жок эле, Текебаев деген түшүнүк менен жашап келипбиз да” деп айтты.

Бөдөш Мамырова андан ары эгер кримтөбөл Батукаевди чыгарууга Атамбаев күнөөлүү болсо, анда аны билип туруп айтпай жүргөн Текебаевге да күнөө коюулушу керектигин, анткени билип туруп убагында айтпагандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинде атайын жобо бар экендигин билдирди.

"Майдан” гезитинде ошондойле журналист Ырысбек Өмүрзаковдун “Атамбаев менен Текебаев бирин-бири жеп жоготсо Кыргызстан утат эле” деген, депутат Аида Салянованын “Бүгүн бийликтин калптан башка куралы жок” деген, Турсунбек Акундун “Азиза менен Төлөйкан кыргыз элинин кайгысынан акча жасайт” деген жана башка макалалар бар.

“Багыт” гезити эки күндөн кийин Кыргыз эл баатыры, академик Мамбет Мамакеев 89 жашка чыгарын кабарлады. Атактуу хирургду кутман курагы менен куттуктап, кадырман карыябыздын 100гө чыгышын тилейли.

Гезит Баратбай Аракеевдин кыргыздын жеп-ичкичтери тууралуу жазган “Абийирсиздик” аттуу макаласы жарык көрдү. Коомдук ишмер Дамира Ниязалиеванын маеги “Башмыйзамга саясатчылар кандай түс бербесин, аны акылман элибиз кабыл алат” деп аталды. Журналист Айбек Шамшыкеевдин “Матрезервдер фондундагы коррупция жана курттаган ун баяны” атуу макаласынын уландысы жарыяланды. Журналист Үсөн Касыбековдун Равшан Жээнбековдун саясаттагы ордун салмактаган макаласы “Жээнбеков желпиниш” деген ат менен жарык көрдү.

“Багыт” гезити булардан тышкары Баратбай Аракеевдин “Бүжүрөбөй жашабайбызбы!” деген, Жекшенбек Абдысатаровдун “Өмүрбек Текебаев Бакиевдин мүлкүн кантип ээлеп алган?” деген макалалары жана Азамат Кангелдиевдин “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыкты!” деген ат менен генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин кыймылсыз мүлктөрүнүн тизмеси, үйлөрү, жер тилкелери сүрөттөрү менен басылып чыкты.

“Багыт” гезити ошону менен бирге эле көрүнүктүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиевдин эмгегин баяндаган окумуштуу М. С. Мурзаевдин “Улуттун рухий дөөлөттөрүнүн жарчысы” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Айтылуу сынчы жана жазуучу Камбаралы Бобулов тууралуу макаланы акын жана журналист Назгүл Осмонова тартуулады.