Баш мыйзам өзгөртүүсүнүн айланасындагы талаш

Баш мыйзам өзгөртүүсүнө каршылар пикети.

Апта соңундагы кыргыз басылмаларына саресеп.

“Ачык саясат” гезити “Президенттикке “Челюстту” эмес Салянованы көрсөтүшү керек” деген баштема менен ачты. Ага улай “Текебаевге караганда Илмиянов эркек экен”, “Тынч тургула, Сариев ойгонду”, “Атамбаев пенсияга чыкса кандай үйдө жашайт?”, “Жеңиш кечке эле Жеңишбектики боло бербейт” деген материалдарга орун берилген. Басылмада Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков кызматка келгенден баштаган иши тууралуу да материал жарыяланган. Анда жалалабаддык кызматкерлер курал атууну үйрөнүп жатышканы, мылтыгын асынып тоо-ташта жүргөн аткаминерлер жетекчинин мындай жоругуна нааразы экени айтылат.

Гезитте Мамбетжунус Абыловдун “Текебаевдей бийликти бир дагы киши элдин кыжыры келе тургандай узурпациялай алган жок”, деген маеги, Байтүгөл Абайдын “Президент Атамбаевдин карама-каршылыктуу жүрүштөрү” деген макаласы, “Люстрация” коомдук бирикмесинин кеңешчиси Талгат Кожогуловдун “Коммерциялык банк, акимчилик, айыл өкмөт жана мамлекеттик каттоо тармактарындагы коррупция” деген көлөмдүү маегине орун берилген.

Басылмада Аксы районундагы Падыша-Ата мамлекеттик коругунун зыярат кылуучу жайын Эркин Бегимкулов мыйзамсыз менчиктештирип, ал жерге эс алуу жайын салып алганына нааразы болгон Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдарынын башкы прокурорго кайрылуусу жарыяланган. Анда талаштуу маселе соттон-сотко өтүп чечилбей келатканы айтылат. Жугуштуу оорулуулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орунбасары Айнура Узакбаеванын маеги "Оорулуулардын 90%ын наристелер түзөт” деген ат менен жарыяланган.

“Кабар” гезитинде эркин журналист Чолпон Мамытованын “Колу канга малынганын унутуп, бийлик эми Баш мыйзамга асыла баштады”, партиялык тизме боюнча парламентке талапкер болуп өтпөй калган Алимберди Бегматовдун “Чек арачы элди чыркыраткан Ө. Бабанов менен К. Ташиев” деген көлөмдүү маеги басылган.

Кыргызстан Баш мыйзамын өзгөртүү демилгеси тууралуу “Вечерний Бишкек” гезитинде социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркуловдун “Туруктуулук үчүн өзгөрүүлөр” деген түшүндүрмөсү жарыяланган. Анда өкмөт башчынын полномочиеси кеңейтилери, жогорку баалуулуктар так көрсөтүлөрү, сот бийлигинин жоопкерчилиги, өз алдынчалыгын камсыздоо механизми жакшыртылары, Конституциялык палатанын милдеттери такталары, партиялардын шайлоо тоскоолун 9 – 10% көтөрүү сунушталып жатканы айтылат. Өзгөртүүлөр боюнча президент Алмазбек Атамбаевди толугу менен колдорун ушу тапта Москвада жашап жаткан мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагулов да ушул гезит аркылуу билдирген.

Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөрдү колдорун Токтайым Үмөталиева “Конституция атасынын көз боёмочулуктары, мындайлар кимдин оюна келиптир?” деген маегинде ырастаган. Анын айтуусунда, 2010-жылкы Конституциянын макулдашылган тексти референдумда өзгөртүлүп калган.

Конституцияны өзгөртүү жарандык позициясына каршы келерин Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов “Супер инфо” гезитиндеги маегинде ырастады. Баш мыйзамдын 2020-жылды күтпөй өзгөртүшүнө каршы чыккан элчи Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тууралуу айта турган сөздөрү көптүгүн билдирип, “ТИМибиз президентибизди аңга жетелеп бараткан жокпу деген күдүк ой туулуп жатат”, деп билдирген. Ушул эле гезитте Өмүрбек Текебаевдин “Баш мыйзамды өзгөртүү – бул контрреволюция”, “Темир Сариев Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы” деген материалдарга да орун берилген. Гезитте үй куруп бермекчи болуп алдап кеткендер тууралуу Аскат Субанбековдун макаласы жарыяланган. Анда Бишкектин “Көк-Жар” конушундагы бир жылдан бери бүтпөй турган үй, акчасын алдаткандардын арызы, кийинки кездери үй куруп бермекчи болуп алдап кеткендер арбып баратканы тууралуу кеп болот.

“Эркин тоо” гезитинде коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин “Кумтөргө” карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү болбошу керек” маеги жарыяланды. Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөргө “В конце недели” апталыгы да токтолуп, “Бул Конституция менен жашайбыз” деген көлөмдүү макаланы жарыялады. Анда ушу тапта иштеп аткан Баш мыйзамдын кыргыз-орусча варианттары маани жагынан дал келбестиги айтылат. Мындайды “Конституция атасы” да билбейт экен. Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган негизги текст жоголуп, референдумга алынып чыккан вариант менен түпнусканын ортосундагы айырма кыйла жылдардан бери Токтайым Үмөталиеванын арызы менен соттордо каралып келатат. Ал эми киргизилип жаткан өзгөртүүлөр глобалдык масштабда деле эмес, деп белгилейт макала автору Татяна Попова.