“Азия ньюс” гезити "Бишкектин эртеңки келечегине күйгөн Текебаев” деген, “Генерал Кашкар Жунушалиев аз сүйлөп, көп иштейт” деген, “Ысык-Көлдү эски кадрлар эмес, иш билги менеджер өнүктүрөт” деген жана журналист Сабыр Муканбетовдун “Атам кылмыш кылса, балдызым Башкы прокурор” дейби” деген аталыштарды биринчи бетке алып чыгуу менен жаңы санын ачты. Муканбетов макаласында президенттин аппарат жетекчисинин 1-орунбасары Аалы Карашевдин атасы Азим Карашев учурунда жол кырсыгына кабылып, эки кишини тепсетип алганын жана башка ызы-чуулары жабылып калып, эми кайра ачыкка чыкканы тууралуу жазды.
КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов “Атамбаевди алдап кеткен Илим Карыпбековду биз ойнотпойбуз” деп маек берип, телеканалдын башчысынын айланасындагы ызы-чуу акыры аны кызматтан алуу менен аяктай тургандыгы тууралуу айтты. Эсенбай Нурушевдин “Пропорционалдык система–өтө кооптуу, ал диктатурага алып келет” деген маеги жарык көрдү.
Саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробековдун “Азия ньюс” басылмасындагы маеги “Эркебаев коргоого муктаж эмес” деп аталды. Илим доктору Жоробеков дүйнөлүк саясат, Меркелдин келиши, жогорку окуу жайларынын азыркы абалы тууралуу айтып келип, кабарчынын Абдыганы Эркебаев жөнүндөгү суроосуна, Абдыганынын башкаларга окшоп менчиктеп алган бир дагы завод-фабрикасы, катар-катар салып алган хансарайлары жоктугун, ал кадимки эле эл жашаган үйдүн 5-кабатындагы үч бөлмө үйдө жашап келгенин, Эркебаев эч кимдин колдоосууна таянбастан өзү карандай мээнети менен өскөн кыргыз интеллигенциясынын бири катары академикке чейинки чоң жолду басканын, мамлекеттик жооптуу кызматтарда турганын, демек ушундай адамды карандай каралап жок жерден жаманатты кылуу менен жаман көрсөтүү мүмкүн эместигин жана ал коргоого да муктаж эместигин айтты.
Нуржан Акылбекова даярдаган “Конституциялык палатанын төрагасы президенттен 4 эсе көп айлык алат” деген ат менен айрым аткаминерлердин алган акчаларын санап чыкты. Өмүрбек Текебаевдин маеги “Биз өнүккөн Бишкектин пайдубалын түзүүгө жол ачабыз” деп аталды. Бегимай Бакашева макаласын “Президенттин чыгармачылыгын коомчулук жылуу кабыл алды” деп, Атамбаевдин “Судьбе назло” аттуу ыры бүгүн өтө популярдуу болуп, эстрада ырчылары Салтанат Аширова, Жийдеш, Омар, Ая Садырова, “Нон стоп” дуэти тарабынан ырдалып жатканын жазды.
“ПолитКлиника” гезити “Азимжан Аскаровдун коркунучтуу кылмышкер экенин эл аралык коомчулукка далилдөөгө жол ачылды” деген макала басты.
Айгүл Бакееванын макаласы “Диний коопсуздук кылдын учунда” деген ат менен жарык көрдү.
“Альфа” ардагерлер коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков диний экстремизм Кыргызстанда геометриялык прогрессия менен өсүп жатканын, тилекке каршы, өлкөнүн саясый элитасы буга анча маани бербей келатканын, бүгүн өлкөдө мыйзам тарабынан тыюу салынган 19 диний экстремисттик жана терордук уюм бар экенин, жихадчылар гана чыныгы мусулмандар деген радикалдык “саясый исламды” жактагандардын катары күн санап өсүп жатканын белгилеп, генерал акыркы жылдары Кыргызстанда жасалган террордук актыларды мисалга тартты.
Ал андан ары биз анча көңүл бурбай келаткан “Хизбут Тахрир аль ислами” жана салафиттер билимсиз жаштарды өзүнө тартып жатканын, айрыкча Кыргызстанда тыюу салынган “Таблиги жамаат” кыймылынын атынан чыгып, жең ичинен экстремисттер менен радикалдык маанайды жактаган инкарчылар жана якинчилер бутактары пайда болгонун, “Таблиги жамааттын” дагы бир бутагы болгон даабатчылар салттуу исламды колдойбуз деп көрүнгөн үйдүн эшигин кагып мечиттерге үгүттөп келатканын, андыктан бул боюнча терең иликтөөлөрдү жүргүзүп, конкреттүү иштерди жасабаса болбой тургандыгын, коомдо тынчтыктан өтөр кымбат эч нерсе жоктугун айтты.
Ушул эле ойду андан ары улантып, Өнүгүү боюнча Борбор Азия институтунун директору Алибек Жусупбеков экстремисттик идеяларды токтотуш үчүн эмне кылуу керектиги боюнча конкреттүү алты сунушун киргизди.
Диний эксперт Наргиза Алиева Кыргызстандагы имамдардын көбүнүн диний билими жоктугун, диний окуу жайларында иликтөө жүргүзгөндө,“Кыргызстанда мамлекеттин башчысы ким?” деген суроого алар “муфтий” деп жооп беришкенин, диний ишмерлер өлкөнүн саясый процесстерине дегеле катышпоосу керектигин, муну Башмыйзамга жазуу зарылдыгын, экстремисттик жана терордук уюмдар буга дейре катарына билимсиз жаштарды тартып келсе эми билимдүүлөрдү тарта баштаганын, буга каршы коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонуу зарылдыгын айтканын “ПолитКлиника” гезити жазып чыкты.
Гезиттен ошондойле адабиятчы Жолдош Турдубаевдин жакында “Куюн доор” деген роман жазып, кыргыз жазуучуларынын арасына куюн түшүрүп жаткан жазуучу Олжобай Шакирдин аталган романы тууралуу ойлорун ортого салды. Жазуучу Айсулуу Көкөеванын сандан санга жарык көрүп келаткан “Аялдын күндөлүгү” чыгармасы уланууда.
Таксист Шухрат Мамажанов машинесине түшкөн жүргүнчү кыз унутуп кете берген капчыгын же 38 миң сомун ошол кызды издеп таап кайтарып бергенин да ушул “ПолитКлиникадан” окуйсуздар.