"Кара-Кужур кайсыл өлкөгө карайт”?

Кара-Кужур.

Жума күнкү кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин Тоо” гезити Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга атайын иш сапары менен келери 13-14-июлга пландалганын, Меркель президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулашарын кабарлады. Мындан тышкары күч органдарында кардиналдуу реформалар башталганын, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баткен облусунун активи менен жолугушканын окуйсуздар. Журналист Айнура Шайлиеванын макаласы “Каада-салт менен дин айкалышканда гана тынчтык болот” деп аталды. Азизбек Чамашев макаласын “Коррупция жана "Кумтөр” деп атап, канча жылдан бери айтылып келаткан проблемаларды кайрадан кеп кылды. Бул боюнча депутаттар Өмүрбек Текебаев, Осмонбек Артыкбаев, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев, Айылчы Сарыбаевдин ойлору жарыяланды. Мээрим Бактыбек кызы дагы бир алтын кени болгон “Жерүйдүн” учурдагы абалы туурасында сөз кылды. Улуттук университеттеги көйгөйдүн кайдан келип чыккандыгын журналист Айша Алиева макаласында талдоого алды.

“Кыргыз туусу” гезити өмүр бою Сүрөт окуу жайынын жатаканасында жашап келген сүрөтчү Асан Турсункуловго айтылуу ишкер Аскар Салымбеков ак сөөктөр үчүн салынып жаткан үйдөн эки бөлмөлүү квартира сатып бергенин Жыпар Исабаева сүйүнчүлөдү. Академик Абдылдажан Акматалиевдин бул жолку макаласы “Куттуу билим” кыргыз адабиятынын башаты” деп аталды. Аталган гезит Курортология жана калыбына келтирип дарылоо Кыргыз илимий изилдөө институтунун атынан кайрылган институттун бөлүм башчысы Руслан Амираев менен институттун кызматкерлери Рыскүл Тойгонбаева менен Болот Куловдун президент А. Атамбаевге кайрылуу каты “Адилеттүү чечим күтөбүз” деген ат менен жарык көрдү.

“Фабула” гезити Эркин Асанбековдун “Үлүл баатыр” же Калиев Айбек Калиев Айдардын клонубу?” деген макаласын тартуулады. Анда энергетика тармагындагы коррупция, жеке кызыкчылыктар тууралуу сөз болду. Журналист Тынчтык Алтымышев күч органдарындагы реформалар кандай жүрүп жаткандыгына токтолду. Айтылуу обончу Асылбек Өзүбеков өзү туулуп-өскөн Тору-Айгырдан жер алып, ал жерге өрүк, алма бактарын өстүрүп, баарын жолго коюп салып эми баш оту менен кайрадан чыгармачылыкка кирип, жаңы ырларды жаздырып жатканын айтып берди. Чубак Ажы Жалиловдун “Аялдардын митингге чыкканы уят, аялдын орду үйдөгү очокто” аттуу маеги аркылуу дагы көп суроолордун жообун чечмеледи. Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Токтоналиев кыргыз тилинин эгемендикке ээ болгон 27 жылдын ичиндеги абалы тууралуу сөз кылды. Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков Кыргыз эл жазуучусу, Эл баатыры Бексултан Жакиев жөнүндөгү макаласын “Үмүт тагдырынын шам чырагы” деп атап, драматругдун “Атанын тагдыры” драмасы тууралуу кеп кылып, Жакиевдин чыгармачылыгын айтпаганда да , калыс сөзүн, чындыкты таамай айтып, эли ыйласа кошо ыйлап, күлсө кошо күлүп көч алдында келатканын кеп кылды.

“Де-факто” гезити академик Абдылдажан Акматалиевдин Тайлак баатыр жөнүндө макаласынын соңку бөлүгүн басты. Ырчы Сьездбек Искеналиевдин журналист Руслан Замирбек уулуна берген маеги да ушул санда.

“Супер инфо” гезити журналист Гүлжан Асанкожоеванын Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылында болуп, элдин жашоо-турмушу, мал-жандын, ит-куштун баары бир суудан ичерин, айылда боор оору менен ооругандар көптүгүн, телевизор тартпагандыктан маалыматтан эч кимдин кабары жоктугун, мутант кулундар туула баштаганын, этти кычыштырган тери оорулары кыйнап жатканын чагылдырган макаласын “Жеркөчкүлүктөр “жерилген калкпыз” дешет” деген ат менен жарыялады. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун маеги “Көчмөндөр оюндары”–кыргыз жеринин визиттик карточкасы” деген ат менен тартууланды. “Супер-инфо” гезитинин жаңы санынан ошондой эле белгилүү ырчы Самара Каримованын маегин, Бишкекте кыздай кийинген 3 сойку жигит кармалганын, Атамбаев гитара ырларынын жыйнагын чыгарарын, малайзиялык алдыңкы телеканалдар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырмакчы болушканын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстандын 1-айымы Раиса Атамбаева Москвадан медицина илимдеринин доктору деген илимий наамды алуу үчүн докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогонун, Токмоктун жанындагы трассада жалган милийсалар орусиялык туристтерди кантип тоноп алышканын, Ысык-Көлгө эс алганы келген орус туристи 100 евро, 20 миң рубль жана 45 миң сомунан айрылганын, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге милийсанын формасына жашынган кылмышкерлерди табуу үчүн катуу тапшырма бергенин жазып чыкты.