Чын дилден ырдалгандыктан тим эле жандүйнөңдү аңтарып жиберет

Алмазбек Атамбаев.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Майдан” гезитине Шамил Карабала уулунун “Жакшыдан жаан, жамандан мөөн” деген макаласы жарык көрүп, автор эркиндик колубузга тийгенден бери эмне үчүн дагы эле бирөөлөрдүн, тагыраак айтканда, орустардын таасиринен чыгалбай жатканыбызды, ал өзүн кээде Кыргызстанда жашабай эле Орусиянын бир провинциясында жашап жаткансып сезерин, бүгүн Кыргызстанга болгон терс факторлорго каршы тура турган бир гана калканчыбыз–кыргыздыгыбыз гана калганын, эми буга да сокку уруп жатышканын кеп кылып, айрым жүрөк оорута турган маселелерге жооп издеп, ойлонто турган суроолорду койду.

Генерал Артур Медетбековдун маеги “Коррупцияга каршы күрөш бир беткей жүрүп, чоңдоруна кол сала албай, майдаларын аймап жеп жаткандай сезилет” деп аталды. Түркиядагы жардырууну эске алган генерал мыкаачылыкты жасагандардын арасында кыргызстандыктардын бар экендиги өтө кооптуу экендигин, мындайлар Түркияда жасаган жардырууну Кыргызстанда жасабайт деп, алардын бул жакта байланышы жок деп эч ким кепил боло албасын, ошондуктан күч органдары диний экстремизм менен системалык түрдө иш жүргүзүп, мыкты адистерди ишке тартышы зарылдыгын айтты.

Ушул эле “Майдан” гезити “КТРКдагы реалдуу абал Илим Карыпбеков сүрөттөгөндөй эмес” деп аталган Аэлита Сатындиеванын макаласын басты. Макалада жаңы жетекчинин келиши менен бай-манаптык башкаруунун нагыз үлгүсү күч алганын жана ага байланыштуу жагдайларды сөз кылды. Ушул эле автордун дагы бир макаласы “Зурдинов и Ко” согуш жарыялады!” деп аталды. Саясатчы Эдил Байсаловдун “Туура кишиге шоопур болсоңор, мамлекетти башкарасыңар” деген маегин тартуулады. Жазуучу Мурзапар Үсөндүн “Сейит” деп аталган даректүү повести жарыялана баштады.

“Азия ньюс” гезити өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин маеги “Адиль Турдукулов жумурткадан кыр издебей, кичине ойлонуп жазбайбы?” деген ат менен жарык көрүп, гезиттин бир катар суроолоруна жооп берди. Экс-депутат Муратбек Мукашев маегин “Чыныгы иш билги кадрлар мамлекетти башкарууга тартылбай, кодуланып сыртта калды” деп атап, мурдагы эки бийликти, Акаев менен Бакиевдин Айдары менен Максиминин рэкеттик жоруктарын, банк системасы, азыркы абал боюнча сөз кылды. Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев маек куруп, жеңил өнөр жай жана тоо кен тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калганын далилдер менен айтып кейиди. Тарыхчы Назарбек Сатар уулунун “Кыргыз жерлери казактарга кандай негизде өтүп кеткен?” деген макаласында бир кездеги кыргыздын жери болгон аймактардын тарыхына токтолду. Гезит “Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кожоюндары кимдер?” деген ат менен мүлк ээлеринин тизмелерин жарыя кылды. Сурат Жылкычиев кыргыз чапандарынын дүйнөлүк бренд катары бааланып жатканын “Чапан” студиясынын директору, дизайнер Жумагүл Сариева менен маегинде баяндады.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санын Таластын Кара-Буурасындагы Үч-Булак айылынын тургуну Бабашова Алимандын “Уулумду Россиядан негизсиз камап салышты” деген аталыштагы президент Алмазбек Атамбаевге жазган катын басып чыкты. Катта окуянын кандайча болгондугу баяндалып, өлкө башчысынан баласын абактан чыгарып берүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

“Жогорку Кеңеш кандай иштеди?” деген суроого бир катар адамдардын айткан ой-пикирлери жарык көрдү. Журналист Айгүл Бакеева макаласы аркылуу Ош базарында этти дүңүнөн сатуучу жайдын санитардык абалы начар экендигин талдоого алды. Журналист Акылбек Чынтемировдун макаласы “Коргоо кеңеши укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды жүргүзүүгө киришти” деп аталып, Бажы кызматындагы тергөө функциясы алынып салынганын, тергөө функциясынан Башкы прокуратура да ажыраганын, мындан ары бул иштер Улуттук коопсуздук комитети менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына берилгенин кеп кылды.

“Атамбаев өзү чыгарган ырды гитаранын коштоосунда ырдап баарынын оозун ачырды” деген макала жарык көрүп, макаланын аягында, өткөндө тарткан сүрөттөрү менен көпчүлүктү ыраазы кылган президенттин кызы Алия Шагиеванын атасына арнаган сөздөрүн басты. Алия анысында: “Жакшы көрөм, жакшы көрөм жана гитара менен ырдаган ырларынын чыгышы менен куттуктайм! Жан дүйнөсү каалаган, нервдерин дарылаган, жылмаюуну алып келген, өмүргө убакыт кошкон ишти жасаганын көргөнүмө абдан кубанычтамын. Мен аны дайыма чыгармачыл адам катары кабыл алып келгем жана бул да жөн жерден эмес, анткени ал өспүрүм кезден обон чыгарып, ырларды жазчу жана дагы сүрөт тартчу. Абдан көп сүрөттөрүн жакында альбомун барактап олтуруп көрдүм. Искусствого жакындык мага атамдан берилген. Ракмат! “ деп жазылган.

Ушунун катарына эле “Фейсбуктагы” окурмандардын жакшынакай каалоо-тилектери, ой-пикирлери жарыланды Бирин окуй кетели. Таланттуу жазуучу Бактияр Шаматов: ” Ушунчалык жылуулук менен чын дилден ырдалгандыктан тим эле жандүйнөңдү аңтарып жиберет. Баарыбызга берген эң сонун белеги үчүн президентибизге ыраазыбыз. Биз аны менен сыймыктанабыз!” деп жазылган.