Цианид уусунун чуусу

Барскоондогу "Кумтөр" алтын кенине каршы нааразылык, 29-май,2013-жыл.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити бүгүнкү санын “Моралдык дообуз “Кумтөр Оперейтинг Компани” тарабынан төлөнүп берилиши керек” деген кат менен ачты. Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган катты Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон, Тамга, Тосор, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын 1998-жылы май айында цианид уу затынан жабыр тарткан тургундар жазып жарыялаган. Ошол 20 тонналык контейнер тарткан автомашина авария болуп сууга, андан көлгө төгүлгөн уудан улам үч миңден ашуун адам ар кайсы ооруканаларга жаткырылып, жүздөгөн адамдар оор абалда врачтардын кароосуна алынып, дарыланып чыкканы, бул окуяны Акаев жана анын чиновниктери ар кандай айла-амалдар менен жашырып-жаап келгени, бүгүн эми алардын баары жооп бериши керектиги айтылган.

“ПолитКлиника” гезити Акматбек Келдибековдун Болгарияда бизнеси бар экени аныкталганын, КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков Байкоочу кеңеш тарабынан сөгүш алганын, КТРКнын дарегине бийликти мактап, оппозицияны каралайт деген сындар, финансылык мыйзам бузуулар тууралуу айтылганы, бул жана башка көп кемчиликтерди чечүү үчүн Карыпбековго 30-июнга чейин мөөнөт берилгенин, бирок Карыпбеков ага макул эместигин билдиргенин, бийчи Атай Өмүрзаков бий тобу менен дүйнөлүк турнеге чыгып келүүнү көздөп жатканын кабарлады. Ушул эле гезитке журналист Акылбек Чынтемировдун “Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү “ойгонгон” доордун башталышы, айласы куруган “Центерра” аттуу макаласын тартуулады. Гезит жакында акын Нурсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” аттуу ыр китебине арналган адабий кече болуп өткөнүн, анда журналист Бейшенбек Бекешов жакшы пикирин айтып, обончулар Түмөнбай Колдошев менен Элмирбек Иманалиевдин акындын ырларына чыгарган обондору ырдалганын жазды. Жазуучу Айсулууу Көкөеванын “Аялдын күндөлүгү" аттуу чыгармасынан үзүндү ушул гезитке басылууда.

Гезит журналист Кенжебек Арыкбаевдин “От менен ойнобогула!” деген макаласын тартуулады. Автор бир талкууда депутат Мирлан Жээнчороев “Биз талапкерлер эне тилден экзамен тапшыруусу керек” деген норманы алып салууну сунуштайбыз” деп айтканын мисалга тартып, бул деген Кыргыз мамлекетинин бийлик башына келген адамдын кыргыз тилин билбей деле койсо болот дегенди түшүндүрөрүн, бул деген анык нигилисттик көз караш болорун белгилеп, кыргыз жигитинин депутат болуп алгандан кийин ушунтип айтууга кантип дити барды, деген суроону койду. Журналист андан ары мамлекеттик тилге кедергисин тийгизип келаткан жагдайларды талдоого алды.

Генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин маеги “Биз президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди сүрөйбүз” деп аталып, анда өлкөнүн коргонуу, коопсуздук, укук жагдайындагы маселелерди кеп кылды.

Карыбай Турусбековдун макаласы “Президентибиздин күйүмдүү сөздөрү күнү бүгүнкүдөй дирилдеп турат” деп аталып, өз өлкөсүнүн ыйык туз-нанын, суусун татып жүрүп, өз өлкөсүнө өчү бардай дөөгүрсүгөн, адам тургай Кудайдан да коркпогон айрым бир карөзгөй “айымдар” менен “мырзалар” көз көрүнөө эле эл-жерине чыккынчылык кылып, кылым карыткан кыргыз элинин кадыр-баркына доо кетирип, абийирлери менен ар-намыстарын сатып келатканы жөнүндө ой толгоолорун ортого салды. Ал ошондой эле эл-жер үчүн кыянаттык кылган адамдарды жайына кое берсе күчөп олтуруп төбөгө чыгып алып, оюна келгендей булгай берерин белгилеп, ошондуктан кылмыш жазаланмайын коом тазаланбай тургандыгын айтты. Эки беттен турган бул көлөмдүүү макаласынын аягын Карыбай Турусбеков: “Биринчи кезекте кыргыз элинин келечеги элдин чыныгы намыскөй, патриот жана адилеттүүлүктү, жоопкерчиликти туу туткан уул-кыздарынын колунда” деп аяктайт.

Жазуучу жана журналист Мамат Сабыров улуу адамдардын айткандары жүрүп-жүрүп олтуруп акыры учкул сөзгө айланарын,“Азия-Ньюстун" жаңы санындагы ушундай сөздөрдүн топтому “Эч качан чочко менен күрөшкө түшпө, күрөшкө түшсөң сен чалчыкка батасың, чочко болсо ырахат алат" деген баштеманын алдында жарык көрдү.

Жазуучу Мелис Арып-Бектин “Уанис” аттуу китебинен үзүндү жарыяланууда. Айтылуу тамада, тилинен бал тамган чечен Эшенкул Барпиевдин бүгүнкү маеги “Той бергенден Мелис Турганбаевдей март адамды көрө элекмин” деген ат менен окурмандарга тартууланды.