“Элдик парламентти” эл колдогон жок

Кыргыз гезиттери.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезитиндеги Абдыжапар Нурдиновдун Таластан жазган каты “Согуш ардагерлерин өгөйлөбөйлү!” деп аталды. Макалада Таластын Бакыян айлында Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери калса ошонун бири Арстанбеков Араке карыя экенин, бирок Улуу Жеңиш күнүндө кашайып район жетекчилери ушул кишиге сый-урмат көрсөткөндү унутуп калышканын, Араке карыя азыр 90 жашта экенин, мындан кийин мындай карыялардын эмгегин баалай жүрүш парз экенин айтты.

Ушул эле “ПолитКлиника” гезити Акылбек Чынтемировдун “Бекболот Талгарбеков мынча байлыкты кантип топтогон?” деген макаласын басты. Анда Бишкектеги квартираларынын номурлары, жер аянттары, Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлары тууралуу сөз болот. Гезит укук коргоочулардын “Президентти сотко беребиз!” деген ызы-чуусу туурасында жазып, саясый эксперт Токтогул Какчекеевдин оюн басты.

Какчекеев:- Булар адепсиздик кылып, бет тырмап жатышат. Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова маал-маалы менен БУУнун адам укуктары комитетинин чакыруусу менен АКШга барып, ал жактан “сабак” алып келет. Кыргыздын илгертен келаткан асыл дөөлөттөрү бар. Эми булар аял баштары менен кечирим сурасын, сотко беребиз деп жатышат. Улуудан ийменет деген жок. Өзүнө окшогон ээликкендерди ээрчитип, Ак үйдүн алдына митинг өткөргөнү адепсиздик. Кыргыз эли мындайларды сыртка чыгарбайле тыйып койчу. Булар акчага мас болуп ушинтип жатат. Мындайлар Кыргызстанды талкалап жок кылат. Ошол эле Төлөйкан Исмаилова буга чейин “Мен гей, мен мусулман” деген ыплас тасманы пропагандалап, коомчулукту кандай дүрбөттү?-десе,

депутат Азамат Арапбаев:- Биздин укук коргоочулар саясатка аралашып кетишүүдө,-деп,

ал эми Азиза Абдрасулова:- Президент өзүнүн сөзүн жокко чыгарып кечирим сурасын. Биз Кыргызстандын сотторуна ишенбейбиз, анткени соттор Атамбаевдин колунда. Бирок сотко берип, өз укугубузду коргоого аракет кылабыз,-деп жооп беришти.

“ПолитКлиниканын” бүгүнкү санына маркум Табылды Эгембердиевдин эч жерде жарыяланбаган күндөлүгүн жарыялай баштады. Редакцияга аны журналист Бахтияр Шаматов алып келип берген.

“Азия ньюс” гезитине БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов маек куруп, кайсы бир саясатчы аны Бакиевге мандат тапшырып жатып ыйлап ийген деп карандай калпты бети кызарбай туруп айтканын, мандат тапшырбайле агезде Кореяда элчи болуп жүргөнүн, бизде айрым саясатчылардын башы же колу иштебей, жалаң тили гана сайрап калганын, эли эмгек кылган, саясатчысы аз сүйлөгөн өлкө гана алдыга жыларын, ал эми Кыргызстанда бир нерсе түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле бирөөлөрдү сындаганга маш болуп бүткөнүн, “Элдик парламенттин” ичинде психикалык жактан жабыркаган, оорулуу адамдар барын, муну так айталарын, беш киши көчөгө чыгып алып кетсин десе эле референдум кыла бергидей БШК эс кирелек баланын оюнчугу эместигин билдирди.

“Азия ньюс” Абдыгул Сакеновдун “Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу иш фальсификацияланганбы?” деген макала жарыялады.

Коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун маеги “Президентибиз чоң державаларга эмес, элге таянганы колдоого арзыды” деп аталды. Ал маегинде төңкөрүшсүз бийлик алмаштыруу биринчи кезекте элге керектигин, эки жолку төңкөрүштөн кийин элибиз тынчтыктын, туруктуулуктун барк-баасын билип калганын, элдин атынан ээликкендер четинен камалып жатканын, бул деген табалагандык эместигин, алар камалганга чейин эле “Эй, койгула, эл силерди колдобойт, эл деген баягы эл эмес” деп айтканын, бирок укпай коюшканын, эгер чындап эле алардын арты калың болсо, “лидерлерибизди бошоткула?” деп келет эле го, бирөө да келбей койду го деп жүйөө келтирип, орустар деле чаң-тополоң түшүрүп, төңкөрүш кылгылары жок экендигин ачык айтып жатышканын, Алмазбек Атамбаев ушундай кырдаалда Курманбек Бакиевге окшоп, бир Орусияга, бир АКШга чабылбай кыргыз элине таянганы эң туура болгонун, эми ал элге таянган соң орустар берген акчаны талап кеткен кыргыздарга да чара көрүшү керектигин, анткени Путин дал ошол ГЭСке берилген акчаны жегенге аралашканы үчүн ФСБнын генералы Сергей Беседаны кызматтан айдап, жоопко тартканын жазды.

“Асман плюс” гезити экс-депутат Жылдызкан Жолдошеванын эне-бала, үй-бүлө жөнүндө ойлонто турган ой толгоолорун, депутат Руслан Казакбаевдин саясий маданият жөнүндө маегин, Жаз-Айым Айдекованын Ысык-Көлдө өткөн “Жаш таланттар” сынагынан жазган репортажын, журналист Динара Бейшеналиева жазып алган Кожеке Мамбеталиевдин “Немиске кызмат кылып турганда далайларды бошотком” деп айтып бергендерин, “Ак илбирс” кино сыйлыгын алгандар тууралуу сүрөттүү баянды, академик, парапсихолог Лариса Асанбекованын “Азыркы бир туугандар - душмандар” жана “Америка сапары” деген макалаларын, жазуучу Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асман, Асман-Манас” эмгегин, жазуучу Чынара Калыбекованын “Рахманкул хан” жана “Таттыбүбү” деген романдарынан үзүндүнү жана сегиз жыл түрмөдө олтуруп чыккан акын Токтокан Тынаеванын таштандыда төрөлгөн баланын арманы тууралуу поэмасын окурмандарга тартуулады.