Төркүлөп келген кыздар көйгөйү же чек арадан өтө албагандар

Чек арадан өтүү түйшүгү.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Атамбаевди колдогонубуз–бул туруктуулукту, мамлекеттин келечегин колдогонубуз”. Ушундай ат менен маек курган депутат Иса Өмүркулов президент жалгыз эместигин, аны эл колдоп турганын, эки революцияны тең башынан өткөргөн адам катары айтары, андагы кездегилерге караганда азыркы учурдагы элдин маанайы асман менен жердей экенин, бүгүн элибиз туруктуулук менен тынчтыктан өтөрү жоктугун беш колдой түшүнүп турганын, эң башкысы–түндүк-түштүк стратегиялык жолу менен Бишкек-Торугарт жолунун салынышы, Датка-Кеминдин иштеп жатканы, газ көйгөйүнүн чечилиши, электр энергиясы үчүн жалдырап бирөөлөрдүн көзүн карабай калганыбыз, коррупция менен жүрүп жаткан күрөш, мурдагы президенттер бөжүрөп сүйлөшкөн президенттер менен Атамбаевдин кыргыздын тизе бүкпөгөн ата салты менен теңата сүйлөшкөнү жалпы элдик колдоого ээ болуп жатканын, так ушундай касиеттер элдин тилегине төп келерин, мына ушундай ийгиликтүү иштер жасалып атса, анан жөн жерден жаманатты кылмай кыргыздын эзелтен келаткан каада-салтына такыр жат көрүнүш экендигин, кыргыз ачык айтып сындаганын, бирок адамдыгына асылган ыпластыктан, ушак айтып, жалган жалаа жапкан долулуктан алыс болгонун бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити аркылуу билдирди.

Иса Өмүркулов андан ары оппозициямын деген айрымдардын опсуз иштерин сынга алып, маселен ал өзү Кубанычбек Кадыровду жакшы билерин, 2007-жылы Кадыров СДПК партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенин, кийин ошол кездеги бийлик кылмыш ишин козгоп, депутаттык комиссияга салып, эртең камайт дегенде ага жашыруун жолугуп, “түнү менен кач, болбосо эртең камайт, кордук көрсөтөт” деп качырганын, анан Кадыров Түркияга барып, бир топ убакытка чейин Атамбаевдин каражатына ошол жакта жашап жүрүп, Швецияга кеткенин, анан 7-апрелден кийин Ички иштер министрлигинин орунбасары болуп дайындалганын, анан ал эмне үчүн бүгүн нааразы болуп жатканын түшүнбөстүгүн кошумчалады.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санында оппозициячы Мамбетжунус Абыловдун “Сариевдин күнөөсү далилденсе кылмыш иши козголушу зарыл” деген, коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун “Башкалар жанданууда, Мадумаровдун гана бар-жогу билинбейт” деген, Нурлан Мотуевдин “Менин пикиримден адамдар руханий азык алып, көңүлдөрү толот” деген, Равшан Жээнбековдун “Дастан Сарыгуловдун айткандарына терикпейм деле" деген маектери, журналисттер Кенжебек Арыкбаевдин “Мавр” өз ишин кылды, бирок...” деген, Сабыр Муканбетовдун “Кабылан” баш көтөрсө...” деген, Карыбай Турусбековдун “Моралсыз прогресс–өзүн өзү жок кылуу” деген орус тилиндеги макаласы жана башкалар бар.

“ПолитКлиника” гезити кыргыздын алгачкы кино операторлорунун бири Манасбек Мусаевдин китебинен “Эсимде калган кино тасмалар” деген, карыя журналист, белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловдун композитор Сардарбек Жумалиевдин 75 жылдыгына карата жазган “Кайталангыс обондорду жараткан таланттуу устат” деген, журналист Айгүл Бакееванын “Кичинекей Роза Отунбаева Таласта жашайт” деген, “Алмазбек Атамбаевдин кызы өзү тарткан сүрөттөрүн сатып, акчасын жардамга муктаждарга берди” деген, “№3 тез жардам балдар ооруканасынын дарыгерлери бейтаптардан мыйзамсыз акча сурашабы?” деген, “Ишке ашпай калган төңкөрүш же башка өлкөнүн кызыкчылыгына иштеген оппозиция” деген, “Төркүлөп келген кыздар көйгөйү же чек арадан өтө албай, Кыргызстандан Өзбекстандагы үйүнө кете албай жаткандар жөнүндө” деген макалаларды жарыялады. "ПолитКлиника” гезитине булардан тышкары “Ташиевдин бир тууганы мени эки күн кеңсесине камап, тапанча тагынган зөөкүрлөрүнө кайтартып, уруп-согуп, акча карыз деп тил кат жаздырган. Эми аны соттор актап жатат” деген кайрылуу кат менен Бишкектин тургуну Тыныбек Мырзабаев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

От менен ойногон оппозиция тууралуу Кимбайке да жазып, илгери Шеримкулов “Бүгүн эрте, эртең кеч” деп шилиге чапкандай айтканын эстеп, күнү кечээ өлкөнү көңтөрмөкчү болгондор же эрте эмес, же кеч эмес баштап койгонун, арасында "идеологу жоктугу дүрбү тургай, ачкиси жогеле көрүнүп калганын, жок дегенде арасына атак-даңкы Африкага чейин жеткен “быйыл кыш болбойт” деген апсуну мол Астролог быратанын кошуп алганда, ал “болот” же “болбойт” деп точно айтып бермегин, Дасты-Кен Саругулчулар жок дегенде 1-апрель күнү жасаганда, “калп айттым, калп айттым, карганын богун жалпайттым” деп кутулуп кетип, камалбай калмагын, жок дегенде Дасты-Кен өзүнүн Акаевдeн алган эски бетарчысындагы “Кыргызалтындын” ташынан чогулткан жеке менчик төлгөсүн салганда мындай болбой калмагына күйүп жатканын, ошенткенде балким чычкак улактын терисин бөлүштүргөнүсүп кызмат бөлүштүрүп убара чекпейт эле, чайын үйүндөгү түрмөдөн ичпей, каалаган жеринен ичет эле", деп жазды.