Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев маек куруп, Жалал-Абаддагы талаштуу Сары-Булак чек ара тилкеси тактала элек аймак экендигин, кыргыз-өзбек чек арасында мындай аймактардан 58 чек ара тилкеси барын, мына ушул тактала элек аймактардын бирин дагы эч ким Өзбекстанга өткөрүп бербегендигин, бул боюнча сүйлөшүүлөр болуп келгенин, болуп жатканын, бирок Өзбекстандын чек арачылары ошол протоколдорду бузуп, такталбаган чек ара тилкесине кирип алганын, ушул туура эмес болгонун, азыр ал жер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынганын, кырдаал оңуна чечилмейин бул тартип күчүндө кала берерин айтты. Ушул эле сандагы “Кыргыз бийлигинин теңата саясаты коңшуну чычалаттыбы?” деген макаладан Өзбекстан 24 жылдан бери пайдаланып келаткан мамлекеттик мүлктөр Алмазбек Атамбаев президент болгондон тартып кайтарыла баштаганын, алардын кайсыл жерлер, кандай объектилер экенин толук окуйсуздар. Журналист Сабыр Муканбетов макаласын “Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деп атап, оппозициянын кадыр-баркы жана бийлик, президенттин оппозицияга мамилеси, аракети кандай болушу керектиги тууралуу кеп кылды. Кенжебек Арыкбаевдин “Боткону ким жейт?” деген, “Күч органдарындагы жаштар арка-бел боло алабы?” деген, Жолборс Жоробековдун “Кыргызстан качан оңолот? Ким оңдойт?” деген, саясый эксперт Бекбосун Бөрүбашевдин “Кыргызстандын саясий турмушундагы оппозициянын орду” деген жана башка макалалар бар. Булардын баары бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезитинде.
“ПолитКлиника” гезити кризис болуп атса Минфиндин кызматкерлери 230 миң сомго суу астында сүзгүлөрү келип жатканын, бул өңдүү ойлонулбай жасалган иштер мурда да болгонун, аталган министрлик 228 миң сомго планшет жана кресло сатып алмакчы болуп ызы-чуу салганын кабарлады. Кымбат Турдубекова макаласын “Оппозициялык кыймыл Ак үйдү кантип басып алгысы келет?” деп атап, соттун уруксаты менен Улуттук коопсуздук комитети жазып алган сүйлөшүүлөрдүн толук текстин жарыялады. Буга улай эле Акылбек Чынтемировдун “24-март: Эл жасаган революцияны Бакиевдердин үй-бүлөсү уурдап алган күн” деген, Акылай Байбосунова Кыргыз эл Баатыры Бексултан Жакиевдин “Чек арада кырдаал курчуп турганда оппозициянын митинг уюштуруп, элди тукуруусу акылсыздык!” деген сөзүн баштема кылган жана Эл жазуучусунун эч кимдин элдин тынчтыгын бузууга акысы жоктугун билдирген сөздөрүнө таянган макаласын жана айрым депутаттардын ой-пикирлерин ортого салды.
Экс-депутат Асия Сасыкбаева: -Кырдаал курчуп турганда митингдерди өткөргөн бул сабатсыздык, ар бир беш жылда революция жасай берсек мамлекетибизди жоготуп алабыз,-деп, депутат Жанар Акаев: -Өкмөткө, бийликке сын айтып турбаса кандай өкмөт болсо да көзүн май басып кетет. Бирок тышкы душман турганда оппозициянын ортодон чыга калып өкмөттү тепкилеп калганы туура эмес. Мындай учурда бир муштумга биригүү керек,-деп, саясатчы Равшан Жээнбеков: - Чатак чыгып жаткан аймакка барып элди козуткан туура эмес деген пикиримди айтып мен ал жакка баруудан баш тарттым. Оппозициянын ичинде ынтымак, бир пикир жок. Мадумаров өзүнчө, Ташиев өзүнчө, биз Адил Турдукулов, Замира Сыдыкова өзүнчөбүз - деп, депутат Исхак Масалиев:- Элибизге революциянын кереги жок-деп, депутат Автандил Кулбараков:-Оппозицияга кылмыш ишин козгош керек-деп, депутат Мээрбек Мискенбаев:- Азыр оппозицияны эл ээрчибейт. Себеби алар бийликке бир эмес, бир нече жолу келип кеткендер. Буларда ич ара биримдик да жок,-деген ойлорун айтышты. Буларды бүгүн жарык көргөн “ПолитКлиника” гезитинен окусаңыздар болот.
“Параграф” гезити “Алкымы чоң Аида айым же жоголгон миллиондор хикаясы” деген, “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Канат Исаев” деген макалаларды басты. Мына ушул “Параграф” гезитине акын Керимбаев Кадырбек Саяковскийдин Өмүрбек Текебаевге, Феликс Куловго, Камчыбек Ташиевге, Чыныбай Турсунбековго, Өмүрбек Бабановго жазган жаңы ырлары басылып чыкты.
“Асман плюс” гезити жаңы санын “Чек ара качан чечилет?” деген теманын алдында депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Айнуру Алтыбаеванын, саясатчы Өмүрбек Абдырахмановдун, генерал Кубатбек Кожоналиевдин ой-пикирлерин ортого салды. Өмүрбек Абдырахманов чек ара маселеси митинг менен чечилбестигин айтса, генерал Кубатбек Кожоналиев, коңшубуз мурда бизге колдоно калчу рычагынан айрылганын, анткени Датка-Кемин подстанциясы курулгандан тартып Өзбекстанга газ боюнча көз каранды болбой калганыбызды, дайыма өз маселесин үстөмдүк менен чечип көнгөн коңшу өлкөнүн ыксыз жоругуна байланыштуу ОДКБга кайрылганыбызды, маселе эми мындан ары дипломатиялык нук менен чечилерин айтты.