Кыргыздын душманы кыргызбы?

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине баяндама.

“Эркин тоо” гезити Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин маегин тартуулады. Атактуу сүрөтчү сулуулук дүйнөнү сактап калат деген сөздүн чындыгы бар экенин, согуш, ызы-чуу, чаң-тополоң болгон жерде мына ушул сулуулук да азап тартарын, дүйнөнүн көп жерин кыдырып жүрүп буга көзү жеткенин, азыр өзү “Үркүндүн” 100 жылдыгына карата долбоор менен иштеп жатканын баяндап, бир кезде өзү жетектеп турган музейден Айвазовскийдин “Крымдагы деңиз пейзажы” деген сүрөтү жоголуп, аны Кыргызстанда жашаган азербайжан улутундагы жигит уурдаганын жана Ички иштер министрлиги таап чыгып, ууру жигит жети жылга кесилгенин айтып берди.

Ушул эле гезит аркылуу жазуучу Канболот Бердикеев президент Алмазбек Атамбаев президент боло элек кезинен эле канча жылдан бери 60 жазуучунун ар бирине ай сайын 1000 сомдон жардам берип келатканын, мына ушул тарых жана маданият жылында президенттин бул өрнөктүү ишинен губернатор, аким дегендер деле үлгү алса жакшы болмок, деген оюн билдирди.

“Кыргыз туусу” гезити жазуучу Мурзапар Үсөндүн таланттуу ырчы, маркум Шамшыбек Өтөбаев тууралуу макаласын, тележурналист Сталбек Абдыраевдин жаңы ырларын, профессор Каныбек Исаковдун элибиздин руханий байлыгы тууралуу макаласын жана башка материалдарды тартуулады.

“Мезгил пресс” гезити акын Таңатар Кашеновдун “Догдур Кошойбек улуу манасчы Сагымбайдын урпагы” деген макаласын, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата бийчинин уулу Эркин Бейшеналиевдин маегин жарыялады.

“Параграф” гезитинен көңүлүңүздөрдү Кенже Өмүрбекованын “Кыргыздын душманы кыргыз болдубу?” деген макаласына бургубуз келди. Автор бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн кыргыздарга башкалар эмес, ошол эле кыргыздар күн көрсөтпөй талап-тоноп, уруп-согуп келатканын, жакында эле Назира аттуу кыз кыргыз кыздарын алдап барып Алматыдагы казактардын колуна салып берип акча жасап келатканы билингенин, аны дал ошол казактын зөөкүрлөрүнөн кордук көрүп качып келген кыздар айтып берип, алдамчы Назираны Свердлов райондук милийса кызматкерлери кармап, ишин сотко өткөрсө, сот акелер шумпайды түрмөгө тыккандын ордуна актап жибергенин, ал кыз эми кайрадан далайлардын шоруна каларын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезитинен журналист Келдибек Назировдун “Сурьма комбинатындагы супсак иштер”, “Өкмөттүн элден акча өндүрүү амалы” деген, журналист Адилет Темиралиевдин “Аракка уулангандардын саны арбыды” деген, журналист Анара Дүйшөналиеванын “Аары багуунун сырлары” деген макалаларын окуйсуздар.

“Де-факто” гезитине берген маегинде ички иштер министри Мелис Турганбаев жакында журналист Турат Акимовго кол салгандарды кармап ачыкка чыгарарын, аны жок жерден каралагандардын артында бирөө турганын, азырынча анын аты-жөнүн айтпай турарын, жакында баары белгилүү болорун айтты. Ушул эле гезиттен депутат Алтынай Өмүрбекованын “Бишкек шаарынын мэрин эл шайлай тургандай кылышыбыз керек” деген маегин, академик Абдылдажан Акматалиевдын окумуштуулугу, илим жолундагы ишмердиги тууралуу илимпоздор Лайли Үкүбаева, Советбек Байгазиев, Абдыкадыр Садыковдун жана жазуучу Өскөн Даникеевдин ойлору менен таанышасыздар.

“Фабула” гезити илимдин доктору Советбек Байгазиевдин “Орхон-Енисей жазууларынын осуяты же улут, мамлекет канткенде сакталат?”, деген эмгегин жарыялай баштады. Гезит ошондой эле Эрнист Нурматовдун “Чет элдик тыңчы” мыйзамы укурукпу?” деген макаласын, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин “Үркүндүн 100 жылдыгын улуттук деңгээлде белгилешибиз керек” деген, эксперт Базарбай Мамбетовдун “Восток-геолдобыча” менен өкмөттүн ортосунда чоң афера бар” деген маектерин тартуулады.

“Вечерний Бишкек” гезити эртең Бишкек шаарынын мэрлигин шайлоо болорун, шаар башчылыгына СДПК фракциясы сунуш кылып, “Замандаш”, “Ата Мекен” жана оппозициядагы “Республика” саясий партиялары колдогон жалгыз талапкер Албек Ибраимов экендигин, эгер эртең ал мэрлик кызматка отурса Бишкектин тогузунчу башчысы болуп каларын маалымдады. Буга улай эле Албек Ибраимовдун эмгек жолу менен тааныштырган макала жарык көрдү.