"Ата-Түрк" кайрадан көздү кызартууда

"Ата-Түрк" багын кыйып, үй салууну каалагандар азая элек.

Бүгүн гезиттердин арасына өткөн жумадан баштап кошулган, башка гезиттердин аты жалаң чоочун тилде болсо, аты эне тилибизде коюлган “Багыт” гезитинин кезектеги саны жарык көрдү.

Басылма Улуттук университеттеги финансылык чуунун чоо-жайын кабарлады. Көрсө студенттердин контрактка деп төккөн акчасынан өөнөп калгысы келгендер каражатты “Росинбанк” дегенге салып, айлантуу жолу менен пайда көрүп келишкени ачыкка чыкканын жазды.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Багыт” гезитине маек берди. Ал мындай жалааларга көнүп бүткөнүн, журналист Турат Акимовду жакшы тааныбастыгын, Акимов аны күнөөлөөдөн мурда жакшылап ойлонсо болмогун, бир жолу телефон чалып ага келгенин: “Менде бир окуя боюнча маалымат бар, бир адам келиши керек эле, ал азыр Москвага кетип калыптыр” дегенин, эми болсо “жаздырып алганым бар, ал эле, бул эле” деген сөздөрдү айтып жатканын, калп болбосо жаздырып алганын алып чыгып, коомчулукка угузсун, ансыз деле аны буга дейре далай журналисттер жалган жалаа менен далай ирет жазганын, анын баары калп болгонун, Акимовду көпчүлүк түз жүргөн журналист деп жатышканын, анын оюнча, бул ишти уюштурган кимдир бирөөлөр бар экенин, бирок кандай болгон күндө да кылмыш иши ачыларын, бул иш президенттин көзөмөлүндө турганын, койгон тапшырмалардын баары аткарыларын журналист Айбек Шамшыкеевге курган маегинде айтып берди.

“Багыт” гезитине Мурат Мусакеевдин “Кыргыз оппозициясынын өңү Уран (Азия) Ботобековдун өңүндөйбү?” же Ботобековдун таржымалынан “сүйрүприз” же Түркияга качуунун сыры...” деген макаласын, алдына саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин комментарийин басты.

Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “Кара курсакты айбан да толтурат. Дил көйгөйүнчү?” деп аталды. Айбек Шамшыкеевдин “Багыттын” өткөн санында баштаган, сандан-санга жарыялануучу “черныйлар” жөнүндөгү макаласы бул ирет “Рыспек Акматбаев же “Робин Гуд баяны” деген ат менен жарык көрдү.

Экс-депутат Нарынбек Молдобаевдин маеги “Мен Бишкекке 15-20 ири машина токтоочу жайды куруп, шаардагы электр лампочкаларынын баарын алмаштырып берүүгө даярмын” деген ат менен жарыяланды.

Журналист Үсөн Касыбеков “Маалымат таштандысын ташыгычтар” деген макаласында “Кыргызстандын прессасы пресса эмес эле маалымат таштандысын ташып жеткирип, окурмандарга тараткан кадыресе арабага айланды” деп аныктама берип, бүгүнкү басма сөздүн бети журналисттердин сезгенип калган ой-жооруларынан пайда болгон кадимки эле примитивдүү учурма ушактардан турарын, журналистиканын кадыры да, сапаты да болуп көрбөгөндөй төмөн түшкөнүн, журналистика дегенге тиешеси жоктор гезит чыгарып ушактология менен жан багып калганын, ушак тараткандар, калп айткандар, күнөөсүз адамга жок жерден жалган жалаа жапкандар тиешелүү органдар тарабынан жоопко тартылбагандан кийин ушак ташыгычтар өзүн өзү билип, өтүгүн ого бетер төргө иле баштаганын, бир жагынан бийликтин өзү ушак таратууну кесип кылган журналисттерди алдыртан колдоп, шыкактап жаткандай да таасир калтырарын, ушакчы гезиттер коомду ичинен иритип бүлүк түшүрүп жатканын, муну токтотуу үчүн Улуттук маалымат коопсуздугу боюнча атайын программалык иш чара иштеп чыгуу талабы эбак эле бышып жетилгенин жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити борбор шаардагы парктардын маселесине кайрадан кайрылды. Шаардагы парктардын эмдигиче мыйзамдуу чек аралары жоктугун, ушуну шылтоо кылгандар ал жерлерге үй же башка бир имараттарды куруу үчүн ою келген жерди басып алмайды токтотпой, шаарда мэр, өлкөдө премьер-министр тез-тез алмашкан сайын бул маселе чечилбеген бойдон келатканын, жаз келери менен Фучик паркында жер басып алгычтар жандана баштаганын, Ахунбаев көчөсүндөгү "Ата-Түрк" паркына көзү кызаргандар да кыймылдай баштаганын, демек өкмөттүн башчысы Темир Сариев парк башчыларынын отчетун угуп, бир кездеги парктарга үй же башка курулуштарды курууга болбойт деген өзүнүн токтомун кайрадан бир карап койсо жакшы болор эле деп жазды.

Ушул эле гезит өлкөдө кургак учукту дарылоого башкача мамиле кылууга мезгил келгенин талдоого алган адис медиктердин катышуусундагы тегерек үстөл үстүндөгү талкуусу менен да таанышасыздар.

Гезиттеги “Аксакалдар милийсаларды колдошту” деген макалада Ички иштер министрлигинин демилгеси менен милийсалар аймак-аймактардагы жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрө баштаганы баяндалат.