Гезиттер: эрте талпынган талапкерлер

Бүгүн "Фабула", "Вечерний Бишкек", "Жаңы ордо", "Де-Факто", "Супер инфо" гезиттери жарык көрдү.

"Де-Факто" гезити "Саясый интрига менен амбициядан алыс Сооронбай Жээнбеков” деген макала менен жаңы санын ачты. Басылма "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго "Жоболорго туура келбей калган акчаны бизнес борборго кантип, кандай жол менен алдыңыз?" деп, коомдук ишмер Акматбек Келдибековго "Ажолукка аттанууну үчөөңөр тең бири-бириңерге ыраа көрбөй жатасыңарбы?" деп суроо узаткан.

Ушуга улай Руслан Байдылдаев "Президент болом деп төш каккандар эмитеден мыйзам бузса эмне болот?" деп суроо коюп, шайлоо үгүтү баштала электе эле айрым талапкерлер эл менен жолугуша баштаганын жазды. Автордун ырасташынча, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев "жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугуп, бирин-экин көчөт тиге коюп өзүн пиарлоодо. "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев болсо ары жагы Орусияга чейин барып үгүт иштерин жүргүзүүдө. Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов айрым согуш ардагерлерине арзыбаган белектерин берип, жеке менчик "НТС" телеканалы аркылуу өзүн байдын кызындай мактатып баштады. Кыскасы, бул саясатчылар мыйзамды көзгө илбей туруп, оюна келгенди жасоодо",- дейт макала автору.

Гезитте Алимбай Акималиевдин "Коррупционер, паракорлор үчүн митингге чыгуучу батышчыл партиялар Жеңиш күнүн неге белгилеген жок?”, Нургазы Айтмырзаевдин "Карыганда калжаңдаган Касыбековдон жаш журналисттер кандай үлгү алат?" деген макалаларына да орун берилген.

"Жаңы ордо" гезити президент Алмазбек Атамбаев эмне үчүн табигый кырсык болуп, адам өмүрү кыйылган жерге, кайгыга баткан элдин абалын сурап барбайт, деген суроону бир топ ишмерлерге берип, алардын жообун жарыялаган.

Өмүрбек Абдырахманов: "Өкмөт башчы баргандан кийин Атамбаевге эмне бар?", Жусупжан Жээнбеков: "Элинин башына оорчулук түшүп турган мезгилде барып койсо кыйналып турган эл үчүн колдоо болмок", Равшан Жээнбеков: "Президенттин элден коркуу сезими абдан кучтүү", Семетей Талас уулу: "Дача СУ, түштүк жергесиндеги кырсыктар бүгүнкү бийликтин эл менен болгон муздак, теңсинбеген текебер мамилесинин бетин ачып койду", Кыяс Молдокасымов: "Кырсык болгондо бара албай калышына дагы кандайдыр бир жүйөлүү себептери бардыр", Болот Дыйканбаев: "Президент кырсык болгон жерге жетип барып, керек болсо ыйлашы керек болчу", Эдил Байсалов: "Биз жакшы эле үмүт эттик, анан 2 - 3 жыл мурун көзүбүз жетип, түңүлгөндө, "Атамбаев - президент заочник" деп айтканым бар",- деп жооп беришкен.

Ушул эле гезитте Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаровдун "Мурда кен байлыгыңа ээ болбосоң, эми өзүңдүн кыргызмын деп айта турган паспортуңа да жаздырбай жокко чыгарып салды", деген маеги жарыяланды.

Басылмада Баян Кулова көңүл сыртында калган Аюу айылына барып ал жердеги тургундардын көйгөйүн угуп кайтканын баяндаган макаласы чыкты. Парламент депутаты Улукбек Ормоновдун ушул эле гезиттеги маегинде кырсыкка кабылган айылдыктар үй салууга берилчү жер айылга жакын болушун суранып жатышканын, жалгыз эле Аюу-Сай айылы эмес, Ничке-Сай айылын да толугу менен көчүрүш керектигин билдирген. Ушул эле тема "Ата Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин "Кырсык болгон жерде мамлекет башчысы эмес, жөнөкөй акимдин орун басары болбогондон кийин карапайым эл кимге таянат" деген маеги да жарыяланган.

Президенттикке талапкерлер мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштап алыштыбы суроосуна "Фабула" гезити да жооп издеген. Бул суроого парламент депутаты Таабалды Тиллаев: "Мен негизинен бул нерсеге туура эле карайм", депутат Талант Мамытов: "Бул мыйзамдуу эле көрүнүш", коомдук ишмер Мелис Айдаркулов: "Эртең мамлекет башчысы болгусу келгендердин бул кылыгы туура эмес", укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Бирок азырынча андай үгүт болгон жок. Ал эми маалымат кампанияны, пиар болгусу келгендерге каалаган убакытта жүргүзгөнгө тыюу жок", коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев: "Бул жерде эч бир мыйзам бузуулар жок деп эсептейм", - деген жоопторун узатышкан.

Басылмада белгилүү журналист, акын Жолдошбек Зарлыкбековду эскерген Төлөгөн Сулаймановдун "Жокемдин жазганы да, окуяны айтканы да чоң жомок эле", Мирлан Алымбаевдин "Бөкөнбай Боркеев акка моюн сунду" деген эскерүү макалалары да чыкты.

"Вечерний Бишкек" гезитинде тарых илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Александр Зеличенко "Марихуанага эркиндик дейби?" деген маегинде маңзаттын оор, коркунучтуу синтетикалык түрлөрү көбөйүп баратканын, баңгилик менен шугулдангандар он - он беш жылда маңзатты таратуунун жаңы жолдорун таап турушарын маалымдады. Басылмада кыймылсыз мүлк баасы баштагы калыбында калганы, бирок да батирлерди сатып алуу көбөйгөнү маалымадалат.

"Супер инфо" гезити Аюу-Сай айылындагы кырсык болгон жерден репортаж жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.