"Гүл кучактап, гүл балтырга чалынып..."

Гүл.

Бүгүн "Фабула", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Фабула" гезити "Парламентти таркатуу демилгесин колдойм" деген, "Текебаев Бабановго нени эскертти?" деген, "Шыкмаматов "Ата Мекенди" чөктүрүп жок кылабы?" деген, "Бекназаров президенттен "мойнуна камчы салып суранды" деген баштемалар менен бүгүнкү санын ачты. Гезитке ошондой эле "Партия съездин көмүскө өткөзгөн Шыкмаматов менен Сасыкбаеванын максаты эмне?" аттуу макала жарыяланды. Аялзатынын эртеңки майрамына карата гезит "Эсимде калган 8-март" деген теманын алдында кыргыздын кыйын жигиттеринин ойлоруна орун берди. Академик Сабырбек Жумабеков:-101 роза гүлүн келинчегим Розага белекке бергем,- деп, депутат Мирлан Бакиров:- Мектепте окуп жүргөн кезибизде райондун борборуна барып кыздарга атыр, упа сатып келчүбүз,- деп, "Аю холдингдин" вице-президенти Балбак Түлөбаев:- Түркияда окуп жүргөн кезимде биринчи жолу мектепте окуткан эжейиме кат жазгам. Ошондо тышында гүлү бар открытка таппай аябай кыйналгам,- деп, мамлекеттик кызматкер Болсунбек Казаков:- Мектепте окуп жүргөндө берген белегибиз арзан болуп калып кыздар кайра кайтарып берип салганы эсимде,- деп, депутат Уларбек Жылкыбаев:- 8-мартка карата атайылап белек жасап көрө элекмин. Даярларын эле сатып барып белек кылам,- деп, депутат Максат Сабиров:- Эсимде калган белегим идиште өстүрүлгөн гүлдү аялыма белек кылгам. Анткени идиштеги гүл өсүп-өнүп, көпкө жашайт,- деп, фонддун негиздөөчүсү Азамат Байматов:- Биринчи жолу өз мээнетим менен акча таап апама жоолук белек кылгам,- деп жооп беришти.

Чынында эле аялдар бардык жакшы нерселерге татыктуу. Биз эркектер, аялзатына жыргал жасап беребиз деп убада беребиз. Бирок убада кылган жыргалды бирибиз да эмдигиче жасап бере элекпиз. Бирок качандыр бир сөзсүз жасайбыз деп келатканыбыз келаткан. Эч качан ошол үмүттөр өчпөсүн! Ар дайым апалар болсун, балдар болсун, тынчтык болсун дейли.

Тилек Рыскуловдун "Фабуладагы" макаласы "Президент сыйлыктын баркы, парламенттин абалы, кулаган учактагы жүктөр тууралуу ыймандай сырын төктү". Макала "Сыноолор бизди сындырган жок, тескерисинче бизди чыйралтты" деген, "Кипрде акчам болсо депутаттар өздөрү бөлүп алышсын" деген, "Азаттык" Америкадан алган акчасын актап жатат, а мамлекеттин кызыкчылыгы кайда?" деген бөлүмдөрдөн турду. Президент Атамбаев өз сөзүндө: "Ушактарды, калптарды таратканга башка мамлекеттерден маяна алган, акча алган НПОлор жана маалымат каражаттары да чоң салым кошуп жатат! "Азаттык" деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио "Свободанын" өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып, Америкадан алган акчасын абдан актап жатат! Кеп, албетте, демократияда же чындыкта эмес. Кеп Атамбаев "Манас" аэропортундагы Американын аскердик базасын кетиргенинде. АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америкадагы саясаттагы эки жүздүүлүк жөнүндө абдан туура айтып жатат. Мен аны толугу менен колдойм!" деп айтты.

Чынайым Кутманалиева "Атамекенчилер" кыйраган учактагы жүктү Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык дегени боюнча айрым адамдардын ойлорун укту. Журналист Жолдошбек Токоев:- Жүк Атамбаев менен анын жубайына таандык деген жомок,- деп, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова:- Бул жөн гана Атамбаевге болгон Текебаевдин чабуулу,- деп, коомдук ишмер Алга Кылычев:- "Атамекенчилердин" тараткан маалыматынын баары карандай калп,- деп, генерал Кубатбек Кожоналиев:- Өз президентине жиберген жашыруун маалымат чоочун адамдын колуна тийиши мүмкүн эмес. Андай учурда күнөөлүү кызматкер соттолуп кетет,- деп, "Эл үнү" кыймылынын мүчөсү Руслан Бекназаров:- Жеке пикиримде Текебаев жарыялаган документ чындыкка жакындабайт,- деп жооп беришти.

"Вечерний Бишкек" гезити бул санын "Владислав Третьяк Орусия менен Кыргызстандын мелдешин каалайт" деген баштема менен ачып, президенттин сыйлык тапшыруу аземин, транспорттук салык жөнүндө, саламаттык сактоо министрлиги тууралуу макалаларды жарыялады. Шаардык басылмадан ошондой эле Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында "Биздин аялдардын күчү жана сулуулугу" деген фото сүрөт көргөзмөсү ачылганын жана башкаларды да окуйсуздар.