Жемкорлордун пенсиясын кыркыш керек дейби?

Кыргыз гезиттери.

Бүгүн “Багыт” менен “Вечерний Бишкек” гезити жарык көрдү.

“Багыт” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Таза адамдар колдосо бир жөн” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, чакан мамлекетибиздеги элдин бир даары Өмүрбек Текебаевдин камалышын кеп кылып, Текебаевди колдогондор эки-үч күндөн бери үн күчөткүчтөр аркылуу үндөрүн күчөтүп, теледен дагы, митингден дагы бакылдап жатканын, ошолордун катарында Акаевдин маалында чоң бийликке аралашкан Равшан Жээнбеков баш болгон оппозициядагылар, Батукаевди качыргандардын “авторлору”, кайсы жерден чуу көрүнсө ошол жерден дуу көрүнгөн Турсунбек Акун, күйөөсү коррупционер, агасы кылмышка шектүү деп жүргөн Аида Салянова, эл-журтуна, көктөп келаткан кыз-жигиттерине накыл сөзүн, акыл сөзүн айта турган, пайгамбар жашынан эбак өтүп, Бакай менен Кошой жашына келген, 80ге таяп калган Медеткан Шеримкулов, кыргызда жакшы аты калган Султан Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимовалар жүрүшкөнүн Баратбай Аракеев жазды.

Кайсыл мекемеге алып барса да иши менен көрүнүп, барган жерин бир заматта гүлдөтүп жиберген, иштин көзүн билген мыкты жигиттерибиздин бири Орозбек Нусувалиевди өкмөт башчысы жакында жаңыдан түзүлүп жаткан “Мүлк" ишканасынын жетекчиси кылып дайындаганын, Орозбек Нусувалиев отуруп калган “Учкун” ишканасын бир жылдын ичинде 10-15 миллиондук кирешеге чыгарганын, мындайларга ийгилик, анан ден соолук гана каалоо жетиштүү экенин жазган гезит ушундай азаматтарыбыздын көп болушун тиледи.

Баратбай Аракеевдин андан кийинки макаласы “Коррупционерлердин пенсияларын кыркыш керек!” деп аталды. Макаланын аты эле айтып тургандай автор бул жагынан да ойлоно турган маселени козгоду. Аракеевдин дагы бир макаласы көмүскө өкмөт деген түзүлүп, анын башында учурунда кызматынан айдалган, Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Марат Иманкулов деген жигит экенин, ал теледен чыгып алып: “Эй, Абдил Сегизбаев, мен сенден коркпойм! Мага эч нерсе кылалбайсың!” деп сүйлөп турганын, саясатчы болом, эл-журтка баш болом деген киши ушинтип сөз сүйлөчү беле, өмүр бою аскердик буйрук менен жатып-туруп, чуркап көнгөн мындайлардан эл билги саясатчы чыкпастыгын белгилеген Аракеев, анын орунбасары болуп, кокус бийликке келип калса Кыргызстанды ислам дининин канондору менен жашаган мамлекетке айлантчу Турсунбай Бакир уулу жүргөнүн, Акаев заманында министр, губернатор, президенттик аппарат башчысы болгон Накен Касиев, элдин эсинде жаман-жакшысы менен эсте калган Феликс Кулов жана башкалар жүргөнүн, бир кызыгы алды 70ке барса, арты 60тан ашып калгандар бийлик деп көздөрү чычаладай кызарып “көмүскөдө” олтурганын, андан көрө булар акылдарын балдарына, эгер балдары укпаса өздөрүнө жумшаса болбойбу, булардын баары кел-кели келип турган кезде жакшы эле тайраңдашпады беле, сайрандашпады беле, эзели байлыкка тойбогон кишилер, бийликке да тойбойт турбайбы, деп жазды.

“Багыттын” жаңы санынан “Садыр Жапаров канкор Бакиевдер менен бириккенин кыйыр түрдө моюнга алдыбы?” деген, "Митинг-пикеттердин доору өттү, баары мыйзам чегинде чечилиши керек” деген, “Текебаевди “алкымдан илингендер” колдойбу?” деген, “Бакен Кыдыкеевадан сүрдөгөнүм дале эсимде” деген, “Кулай турган үйдө кишилер жашап жатышат” деген жана Айбек Шамшыкеевдин “Жүзүңдү ач, Гүлчөтай деген ушу, дагы ачылат...” деген макалалар бар.

“Вечерний Бишкек” гезити эки президенттин жолугушуусун Александр Тузовдун “Путиндин визити” деген макаласында баяндады. Александра Василькова Текебаевди колдогондордун митингдери тууралуу жазды. Вячеслав Аникиндин макаласы биогаз өндүрүүчү аппараттарды ойлоп тапкан адам тууралуу баяндаса, гезиттин кабарчылары даярдаган бетте Бишкектин өмүрү сапаттуу асфальтталбаган көчөлөрү кар кетери менен кайрадан аң-чөнөккө айлана баштаганын баяндады.