“Шырп” этелекте эле шыбашмай башталды

Шайлоо жарышына жол ачылды.

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, “Де-факто”, “Жаңы ордо”, “Супер инфо”, “Фабула” гезиттери жарык көрдү.

“Де-факто” гезити жаңы санын “Текебаев Бакиевдерден жардам алганы кеттиби?” деген макала жана “Алкымы чоң акылдуу эсептегичтер” деген чакан кабар менен ачты.

“Темир Сариев күздө өтө турган президенттик аламанга аттанды” деген теманын алдында Сариевдин “Ак шумкар” партиясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүн жана ага ак батасын бергендердин ойлорун, жыйындын жүрүшүн чагылдырган үч беттен турган сүрөттүү макаланы жарыялады. Андан кийинки макала “Мародерлуктун “Атамекенче” ыкмасыбы?” деп аталып, Текебаевге тиешелүү делген турак-жай имараттарынын сүрөттөрү басылды.

Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты Сагын Акматбекованын эки беттен турган жаңы ырлары да ушул “Де-факто” гезитинде.

“Жаңы ордо” гезитине мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Азыркы кыргыз бийлигинде кимди мамлекетчил адам деп айта алабыз?” деп маек куруп, мамлекеттик саясат, бийлик тууралуу кенен кеп кылды. Гезиттен “Карамушкина баарын айтып бүткөнсүп эми динге асылды” деген, “Бакир уулу Турсунбай да ажолукка ат салышат” деген, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылуу” деген маалыматтар, Салима Медерованын “Жалгы бой аялды кордой беришеби?” деген маеги басылды. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун макаласы “Чырга айланган “Мегакомдогу” коррупция” деген ат менен жарык көрдү.

“Жаңы ордо” гезити “Бизнестен бийиктикке секирген Бакыт Төрөбаев” деген теманын алдында Бакыттын ишмердигин жактырган 7 адамдын ойлоруна орун берди. Кечээ орустардын интернет сайты “Президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу кызматын таштап кете турганын билдирди” деген маалымат таратканын, ал кабарды Ак үй төгүнгө чыгарганын белгилеп, айрым адамдарга суроо салганда буларды айтышты.

Эдил Байсалов:- Эрте шайлоо өтөт деген жөн эле ушак,-деп, Кубанычбек Исабеков:-Тегерегиндегилер ал кишини жөн гана кетире койбойт, деп, Канышай Мамыркулова:-Президенттикке байланыштуу маалыматтар өлкөнүн имиджине дагы таасир этет, деп, Бакыт Орунбеков:-Президент өзү расмий түрдө кайрылмайынча мындай маалыматтарга ишенүүгө болбойт деп, Илим Карыпбеков:-Ар кандай маалыматтарды кыргыз бийлигине каршы чыгарып жатышат деп, Рита Карасартова:- Путин келээрдин алдында ушундай нерселер болуп кетиши мүмкүн деп, Мамбетжунус Абылов:-Алмазбек Атамбаев өзү расмий түрдө кетем деп билдирет, анан ишенгиле деп, Айылчы Сарыбаев:-Президентти көрө албагандардын сөзү,-деп жооп беришти.

“Фабула” гезити Алмаз Темир уулунун депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу “Эки сүйлөгөн хан болбойт” деген макаласын тартуулады. Журналисттер Мирлан Алымбаев менен Чынайым Кутманалиева биргелешип иликтөөгө алган макала жана ал боюнча ой-пикирлердин топтому “30 млн доллар салып инвестор болом деген эки кытай кантип баскынчыга айланды?” деп аталды. Акын Муратбек Рыскуловдун “Абдымамбет Сариев 60 жашта” деген макаласы басылып, анда эл аралык “Түгөлбай Ата” сыйлыгынын ээси, “Нурборбор” академиясынын академиги, белгилүү публицист жана жазуучу Абдымамбет Сариев тууралуу сөз болот.

“Супер инфо” гезити бул санын “Атанын кызга, эненин уулга тарбиясы кандай болушу керек?” деген кеңеш менен ачып, ырчылардын маектерин жарыя кылды. “Атамбаевдин Нарында сүйлөгөн сөзү кантип монтаждалган?” деген макалада президент Нарынга барып эл менен жолукканда сүйлөгөн “Нарындыктар малчысыңар жана “кой сарай” деген сөзүн атайылап аны элге атайылап жаман көрсөтүү үчүн бурмалап, “малсыңар” деп монтаждап, балит технологияны пайдаланганын ачыкка чыгарып, бул ишти Башкы прокуратура иликтөөгө алганын, Улуттук коопсуздук комитети бул кара өзгөйлүктү кимдер жасаганын тактагандан кийин буга сөзсүз укуктук баа бериле тургандыгын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити Бермет Маликованын “Старт бериле электе эле тытышмай башталды” деген, “Парламенттик дипломатиянын ийкемдүүлүгү” деген, Виктория Куреневанын “Салянова Түлеевдин тагдырын кайталайбы?” деген, Кирилл Степанюктун “Жалган инвесторлордун жанталашмайлары” деген макалаларды жана башка материалдарды сунуштады.