Сөзүңүзгө ишенебизби же көргөн көзүбүзгө ишенебизби?

Бишкек көчөсү.

Бүгүн “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити “Финансыда туруктуулук жана ишенимдүүлүк маанилүү” деген, “Айыл чарбасын насыялоо 6 пайыз үстөк менен бекитилди” деген, “110 миң мекендешибиздин 43 миңи “кара тизмеден” чыгарылмакчы” деген макалалар менен бүгүнкү санын ачты. Гезит “Апта жаңылыктары” аттуу майда маалыматтарынан кийин Нарынкүл Назаралиеванын “Бизнести колдоону спикер өзү колго алды” деген макаласын тартуулап, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун демилгеси менен бизнести колдоо боюнча кеңеш түзүлгөнүн, мындан ары Кыргызстан менен Индонезиянын алакасы артарын, төрага ошондой эле Жапониянын Саппоро шаарында өтө турган 8-кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасын узатып жатып ийгиликтерди каалап, өзүнүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлгөнүн жазып чыкты. Мындан тышкары журналист Козубек Иманкуловдун “Үмүттүн” “сюрпризи” же атаандаштык “сүт королдорунун апетиттерин” тыябы?” деген, профессор Абдурашит Низамиевдин “Жогорку билим берүү: реформалоонун күңгөй-тескейи” деген, Жыпар Исабаеванын “Уюлдук телефонго чай кайнаткан Дамирбек” деген, журналист Гүлжан Жумаеванын ”Каракол ат майданын ээлеп алгысы келгендер кимдер?” деген, академик Сабыр Жумабековдун “Бейтапты балаңдай сүйсөң, Кудай дагы колдойт” деген, санжырачы Азиз Мамбетмусаевдин “Тарыхка так мамиле керек” аттуу рубриканын алдында “Тилекмат–акылдын ээси, Сарт аке-сөздүн кенчи” деген макалалары, маектери басылды.

“Фабула” гезити майда маалыматтарынан кийин Алмаз Темирбек уулунун “Ийри таяктын көлөкөсү түз болбойт” деген, Гүлмира Шаршееванын “Коомдук жайда сөгүнүүнү мыйзам ооздуктай алабы?” деген, Азамат Эрматовдун “Ар бир улут–тили менен улут” деген макалаларын жарыялады. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Мирбек Эшалиев макаласын “Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары комитетинин чечимин башка өлкөлөр аткарабы?” деп атап, мисалы, АКШ менен Кытай Адам укуктары комитетинин сунуштарын эч качан кабыл албастыгын белгилеп, өткөн жылдын февралында БУУнун жумушчу тобу “Викиликс” сайтынын кожоюну Жулиан Ассанжды Улуу Британия жана Швеция өкмөтү мажбурлоо жолу менен кармаганын айтып, Ассанж бошотулууга жана компенсация алууга тийиш деген чечим чыгарганын, ал эми Улуу Британиянын тышкы иштер министри БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин бул чечимин сандырактык деп атаганын, ошондуктан Кыргызстанда адам укуктарын коргоо деген маселе улуттук кызыкчылыктардын алкагында гана чечилиши керектигин айтты. Саясый серепчи Марат Казакпаевдин маеги “Өкмөттү отставкага кетирсек эле маселе чечилип калбайт” деген ат менен жарык көрдү. Айсулуу Тыныбекованын “Машыктыруучумдун жакшылыгын эч унутпайм” деген маеги да бар.

“Эркин тоо” гезити бул санын “Кыргызстан үчүн Европа рыногунун эшиги ачык” деген макала менен ачты. Мындан тышкары Жаркынай Эргешбаеванын “Ислам жолу кандуунуку эмес” деген макаласын, журналист-психолог Сейил Калдыбаеванын “Дүйнөнү таанытуунун бири–жомок” деген маегин, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун “Өзбекстандык кыргыздарга керектүү шарттар түзүлгөн” деген маегин тартуулады.

“Вечерний Бишкек” гезити кар жаагандан кийин борбор шаардын көчөлөрү көк жылгаяк музга айланганын, бирок мэрия баары ойдогудай, баарын өз маалында тазалап жатабыз деп айтып келет, бирок биз кимге ишенебиз, аткаминерлергеби же көргөн көзүбүзгөбү, деген суроону койду. Сергей Швецтин макаласында ушул тууралуу кеп болот. Евгений Денисенконун “Жердешиң тууган эмес, душманга айланганда” аттуу макаласынан Орусиянын Москва деген шаарында жан багып жүрүп кыргызды тоногон кыргыз жигиттерин, маселен, Оштун Кара-Суу району менен Өзгөн районунун тургундарынан болгон жигиттер өздөрүнүн жердештерин токойго алып барып тоноп, уруп-согуп, ар бирине 200 миң рубль салык салган акмакчылыктарын окуп, кыргыздын кыргыз экендигине шек келтирмек турсун, бөтөн эл бөтөн жерде биздин улутту кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып келатканын окуйсуздар.