"Үсөн Сыдыковду айтсам эле элди бөлгөн болуп каламбы?"

Журналисттер.

Бүгүн “ПолитКлиника” жана “Азия ньюс” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити Максим Бакиевдин улутташтырылбай сатылып кеткен мүлктөрү менен Курманбек Бакиевдин айланасындагылардын объектилерин сатууга байланыштуу иштерди иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйыны тууралуу Кымбат Турдубекова макаласында кеп кылды. Депутат Акылбек Жапаровдун маеги “Экономикадагы кыйынчылыктар дагы алдыда” деген ат менен жарыяланды.

Саясатчы Эмилбек Каптагаевдин “Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө” деген макаласы жарык көрдү. Автор макаласынын аягында: “Ошентип “референдум” деген кезектеги саясый оюндун капшабы менен коомдогу Абийир, Ыйман деген адамдык касиеттер курмандыкка чабылды, карандай калптын, ушактын, карөзгөй жалаанын, кара күчкө салып коркутуп-үркүтүүнүн доору келгендей коомдук ырай түзүлө баштады. Мезгил сыноосунан дагы бир жолу мүдүрүлдүк, тагдырдын тамашасы ушул экен, кайра эле ошол эски сазга барып кептелдик, “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” деген ахвалга келдик”, деп жазды.

Кыргыздын саясый элитасындагы аксакал, мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиевдин гезит кабарчысы Акылбек Чынтемировго берген маеги “Бийликтин үч кылы... Аны ким күүгө келтирет?” деген ат менен тартууланды. Маегинде бүгүн өкмөт башчынын абалы абыдан кор болгонун, өкмөттөрдүн ичинен аз иштеп, бирок программасын ишке ашырууга жетишкен Темир Сариев гана болгонун, анын башкаруусундагы жетишкендиктин бири–инфраструктуралык долбоор болгонун, Темир Сариев эмдиги президенттикке реалдуу талапкер экендигин айтты.

Окумуштуу Ишенгүл Болжурова маегин “Орто билим көйгөйлөрү жана диний радикалдашуунун таасири” деп атап, жаштарга билим берүүдө ойлоно турган олуттуу маселелерди ортого салды. Академик Сабыр Жумабековдун адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүрүү боюнча эмгегин Гиннес китебине киргизүү демилгеси көтөрүлгөнүн сурап, профессордун өзүнөн алган чакан маек тартууланды. Белгилүү журналист Султан Жумагуловдун кезектеги макаласы “Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору” деп аталды.

“Азия ньюс” гезити коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин гезит кабарчысы Сурат Жылкычиев менен маеги “Бакиев менен Сыдыков бийликке келгенде галош эле эмес, кан да жыттанып калган...” деген ат менен жарыяланып, анда түндүк-түштүккө бөлүнүп-жарылуу карапайым элден эмес, иштин көзүн тааныбаган, эл менен иштешкенди билбеген жетекчилер башкарып турганда чыгарын, Үсөн Сыдыков аппарат башчысы болуп турганда кадр саясаты өтө туура эмес жүргөнүн, республикалык курултайда Бөдөш Мамырова Бакиевдин, Сыдыковдун өтө туура эмес кылган былык иштерин, кадр саясатын, ошончо элдин көзүнчө так, тайманбай туруп беттерине айтып салганын, Бөдөштүн баатыр аялзаты экенин ошондо көргөнүн, кокус бийлик дагы 3-4 ай турганда Мамырованын көзүн да тазалап салмагын, дал ошол бийликтин тушунда Жыргалбек Сурабалдиев, Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Тынчтык жана Рыспек Акматбаевдер, Санжар Кадыралиев, Медет Садыркуловдор атылып жок кылынганын дагы бир жолу эске салып: “Бакиев кетти эле андан бери бир саясатчы кандуу окуяга дуушар болдубу? Эгер ошол бийлик азыркыга чейин аман турганда дагы далайлардын башы кетет беле? Кетмек. Мен Үсөн Сыдыковду айтып койсом эле элди бөлгөн киши болуп каламбы?” деп суроо коюп, кабарчынын Атамбаев тууралуу суроосуна: “Атамбаев кээ бир убакта оюнан мурун оозу кетип калат. Бирок кээ бир сөздөрдү таамай, чекеге черткендей, чыкыйга ургандай айтат. Атамбаевдин бир сөзү мага жаккан. 2010-жылы Апрель революциясында 80ден ашык бала өлгөндө “Ушулардан көрө Баланчаев, Баланчаевалар өлсө болмок” деп 4-5 фамилияны таптак атаган. Алар чындап эле коррупционерлер, кошоматчылар, журт бузарлар болчу”, деп аяктады уландысы бар маегин.

“Азия ньюс” мындан тышкары Асланбек Малиевдин маегин, Алмазбек Жунушалиевдин “Темир Сариев элдин ишеничин актайт” деген макаласын, доцент Чолпонбек Сыдыкбаевдин “Нарындагы бычакташуулардын бир себеби же соцпедагог кантип музыкантка айланды?” деген макаласын, жазуучу Дүйшөн Керимовдун Кубат аке Жусубалиев жөнүндөгү “Акылманды алыстан издебе, ал жаныбызда эле жүрөт” деген баянын, Калыгул Бейшекеевдин “Бегалы Наргозуевди журналистикадан кууп жиберип, андан кийин гана биригүүнү Сабыр Муканбетов демилгелеп чыкты” аттуу маегин, акын Качкын Оторбаевдин калемдеш акындарга жазган каалоо-тамашаларын, белгилүү юрист Бекибай Мамытовдун суроолорго берген жоопторун, жазуучу Айсулуу Асыл кызынын “Акыркы сүйүү” аттуу аңгемесин жана башкаларды окуйсуздар.