Канторунда отурса Карадөө, камаларда эле Алымкан...

Сот залы.

Бүгүн “Фабула”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Мантыш”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити жаңы санын “Бажы кызматын бизнеске айланткан “Куба миллион” менен “Раим-миллиондун” таржымалы...” деген баштема менен ачып, “Коррупция буруксуйт” деген рубриканын алдындагы макаланы тартуулады. Асан Акматовдун “Кадыры кеткен кадр маселеси” деген, “Чагым жыттанган Текебаевдин чакырыгы” деген, “Жапаровго чара көрүңүз” деген макалалар, каттар жарыяланды. “Замандаш” партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдакматовдун “Демократия жана сөз эркиндиги деп адепсиз жана ыймансыз нерселерди жасоо туура эмес” деген, экс-министр Камила Талиеванын, ырчылар Айбек Касымов менен Саламат Токтосун уулунун маектери, профессор Назаркул Ишекеевдин Сабыр Иптаров тууралуу макаласынын соңку бөлүгү да ушул санда.

“Эркин тоо” гезити Михаил Фрунзе жана анын атындагы үй музейи тууралуу Асел Барыктабасованын макаласын жана Асан Жунусовдун “тогуз коргол” оюну тууралуу ой толгоосун жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Баш мыйзамыбыздын боосу бек болсун!” деген теманын алдында 27-январда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ырасмий текстин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койгонун кабарлап, ал тууралуу жазып чыкты. Журналист Мырзакат Тыналиев макаласын “Омуроологондо соо, жооп берерде оорулуу болуп калабы?” деп атап, биздин жарандардын канына укуктук нигилизм илдети ушунчалык сиңгендиктен айрымдар талаш маселелерди чечүүдө мыйзамды эмес, күчтү колдонууну артык көрүшөрүн белгилеп, айрым соттор канторунда отурганда Карадөөгө айланып, камаларда Алымкан болуп ооруп жыгыларын, иши кылып, укуктук маселелерди күч менен чечкиси келгендердин бетпардасын сыйырды.

Журналист Болотбек Таштаналиев “Мамлекеттик наамдар... өгөй бала, өз бала...” аттуу макаласында ардак наамдар, аларды ыйгаруудагы калыстык, унутта калгандар тууралуу сөз кылды. Бактыгүл Мундузованын “Компьютердин зыяндуу таасиринен көздү кантип коргой алабыз” деген, Бермет Маткеримованын “Азыркы замандын маңкурттары” деген, “Үмүтүбүз акталабы, жашыбыз кургайбы?” деген макалалар, жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Актоко” аттуу тарыхый повестинин уландысы басылды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Дайыма жапжаш” аттуу макаласында “Балдар менен өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борбору 80 жылдыгын белгилегенин, буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев улуттук борборго миллион сомдун сертификатын тапшырганын, Жогорку Кеңештин атынан келишкен депутаттар Ирина Карамушкина, Наталья Никитенко, Жанарбек Акаевдер куттукташканын, маданияттын борбору болгон бул жерде 3 миңден ашуун бала, 18 бий жана музыкалык коллективдер тарбияланып, иштеп, түрдүү иш-чараларга катышып турарын, “Сейтекте” ошондой эле таэквондо жана ушу мектептери, сүрөт, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча түрдүү студиялар, футбол жана шахмат секциялары, кыргыз жана англис тилдерин үйрөтүү класстары да иштеп келатканы жөнүндө кеп кылды.

Сергей Швецтин “Рулда жүргөндө сүйлөбө” деген макаласында машина айдап баратып телефон менен сүйлөшкөн айдоочулар, анын азабынан айрым учурда аварияга учураган кырсыктар болору тууралуу жазды. Бермет Маликованын макаласы “Евразиялык союз: биринчи таймын биз уттурдук” деп аталса, Ольга Дядюченконун макаласы “Жашыруун террор” деп аталып, Марат Кунакуновдун соттолгону тууралуу баяндады. Нина Ничипорованын макаласы “Таластагы өзүмбилемдик” деген ат менен жарык көрдү.

“Мантыш” гезитинде Нурзада Ташбаева “Кыргыз балетинин чолпон жылдызы” деген ат менен бийчи Рейна Чокоева тууралуу, ырчы Талант Кадыров атасы, обончу Алтымыш Кадыров тууралуу, Камчы Кадыров Сталин тууралуу макалаларын жарыялашты. Гезит булардан тышкары “Төбөлдөргө төрт собол” деген теманын алдында суроолорду, “Айлыкка жашаган Кеңешбек Дүйшөбаев мынча байлыкты кантип жыйнаган?” аттуу макаланы сунуш кылды.