“Талон жана мыйзам, кыштын чилдеси, эмчектеги балдар, жолдо төрөгөн энелер...”

Журналисттер.

Бүгүн “Фабула”, “Де-факто”, “Жаңы ордо”, “Супер инфо”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезитинен “Төлөйкандын “Бир дүйнөсү” террорчулукка тиешеси барбы?” деген баштеманын алдында Азимжан Аскаров, Кадыржан Батыровдордун укугун коргоп келаткандарга байланыштуу суроолорго жооп берген адамдардын баарынын буларга карата караманча каршы ой-пикирлерин, Ренат Самудиновдун “Бакиевчилер бийлей баштады” деген, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азимжандын биротоло акталышына жол бербешибиз керек” деген маектерин, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин, ырчы Алибек уулу Мирландын, ди-жей Рахманалиев Акундун маектерин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеевдин таланттуу агартуучу Сабыр Иптаров тууралуу баянын, Темирлан Сейитбек уулунун ырларын окуйсуздар.

“Жаңы ордо” гезити Нурлан Токтоболотовдун “Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун болуп, Кремль кимге ставка коёт?” деген макаланы, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун “Жүк контрабанда болгон болсо, аны элден жашырбай ачыкка чыгаруу зарыл” деген маегин, журналист Бекен Назаралиевдин ”Сарттарды” мазактаган Сартбаев же “Карышкыр “ кантип чөөгө айланган” аттуу макаласын, журналист Дүйшөн Керимовдун “Кыргызды жүрөгүндө “кыргыз” деген жалыны бар, таза кыргыз, мекенчил инсан башкарыш керек” деген, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун “Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик мойнуна артылган жүктөрүн көтөрө албай калган деңгээлге жетип калды” деген, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин “Президент болом деген талапкерлердин шайлоо компаниясындагы башкы маселелеринин бири “Кумтөр” болот” деген маектерин, “Өмүрбек Бабанов капчыгы калың саясатчы” деген ой-пикирлер топтомун, профессор Сабырбек Жумабековдун “Америкадан окуп келген профессор “Мен мындайды уга, көрө элек элем, силер бул эмгекти Гиннеске киргизип койбойсуңарбы?” деген сунушун айтты” деген маегин жана башкаларды сунуш кылды.

"Де-факто” гезити Нариман Түлеевдин “Нарымбаев эл катары жаза өтөөчү жерге түшкөндө ажаткана жуумак” деген маегин, Нургазы Айтмырзаевдин “Атамбаев учак кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолукту” деген сүрөттүү баянын, журналист Амантур Мусагул уулунун “Тарыхта орчундуу өзгөрүүлөр менен калуучу 5 жыл же президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы ийгиликтер” деген макаласын, Кыркаяк Султанкулов аттуу автордун “Белизгейт” операциясынан: “Мегакомдун” таржымалы, Максим Бакиев менен “Атамекенчилердин” жылуу мамилеси” деген макаласын, Нурзада Ташбаеванын “Бекмамат Осмонов тарс эткизе бетке айтып, маселени шарт чеччү” деген эскерүүсүн жана башка материалдарды тартуулады.

“Вечерний Бишкек” гезити Марат Искаков аттуу автордун эки беттен турган “Мегакомдун тарыхы” деген баянын, журналист Азамат Касыбековдун генерал Курсан Асанов менен “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев жөнүндөгү макаласын, учак кырсыгына байланыштуу жана башка ар кыл темадагы материалдарды жарыялады.

“Супер инфо” гезити бул санын Бектур Токтоноевдин “Кандуу жүктүн ээси дале белгисиз” деген макаласы менен ачты. Мындан тышкары кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Адам болуп туруп айбанча иш кылганыбызга кайгырам” деген, Мирлан Өмүралиевдин “Ушакты өзүнө ишенбеген адам айтат” деген, “Окуучулардын мушташы 1 баланын өлүмү менен аяктады” деген макала, маектер бар.

“Кыргыз туусу” гезити президенттин кырсыктан курман болгондордун туугандары менен жолукканын, акын Эгемберди Эрматовдун жакындарына көңүл айтууну, акын Жыпар Исабаеванын эскерүүсүн, Болотбек Таштаналиевдин “Талон жана мыйзам, кыштын чилдеси, эмчектеги балдар, жолдо төрөгөн энелер...” аттуу макаласын жана башка ырасмий маалыматтарды басты.

“Эркин тоо” гезитинен журналист Айша Алиеванын “Улуттук университеттин уңгусу өзгөрүүдө” деген макаланы окуп, мындан ары коомдук жайда ичкилик ичип, сөгүнүп-сагынып жүргөндөр жазаланарын, 9 жылдан бери Германияда иштеп келаткан Дария Сакулова кыргыз тамак-ашын Европага кантип тааныткысы келип жатканын окуп билесиздер.