"Ишенген кожом сен болсоң..."

Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайдагы сапарын чагылдырган макаласын “Кыргызстан-Кытай эки тараптуу мамилелер стратегиялык деңгээлге чыкты” деп атап, жанына бир катар ырасмий маалыматтарды басты. “Ыйман, адеп, маданияттын орду чоң” деген теманын алдында президенттин жаңырган жылды ушинтип аташын колдоп Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, академик Миталип Мамытов, эл акыны Надырбек Алымбеков, академик Сабырбек Жумабековдор ойлорун ортого салышты.

Журналист Сымбат Максүтова невролог врач Нурлан Осмонов менен маектешкенде, ал инсульттун пайда болушу көп адамдар тамакты өтө ашыкча жегендиктен болорун айткан. Тамакты тоолтура жегенде кант диабети, гипертония илдеттери күчөп, кан басымы көтөрүлөрүн, айрыкча кийинки кездери кыргыздарда той-аш күчөгөндөн күчөп, кечки саат 6-7ден түнкү саат 12ге чейин үстөлдөн жылбай, оозу бир тынымга да бошобой жеп гана олтурганын, анан тамак-ашка нык шыкалган ашказандын азабы акыры онкологиялык ооруларга, инсультка же инфарктка алып келерин, айрыкча инсульт менен ооруканага түшкөндөрдүн саны азайбай эле көбөйүп баратканын кейиш менен кеп кылды.

Окутуучу Кыял Шаршееванын “Тулпардын туягы” деген макаласы Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунованын таланттуу уулдары менен неберелерине арналды.

“Кыргыз туусу” гезити да “Ыйман, адеп жана маданият жылы” тууралуу сураганда эл жазуучусу Асан Жакшылыков, илим доктору Садык Алахан, айыл чарба эксперти Өткүнбек Шералиев, жаш активист Бекбай Тыныбек уулу, журналист Бекташ Шамшиев, ырчы Дилшат Кангелдиева, дизайнер Нурлан Кыдыков, журналист Рая Нургазиева жылдын ушинтип аталышын колдой тургандыктарын, бирок атап койсо эле баары өзүнөн өзү жасалып кетпестигин, ар бир инсан колдон келген аракетти көргөндө гана идея алга жыларын айтышты. Ак таңдай акын, таланттуу төкмө ырчы Майра Керим кызынын уулу, өзү да төкмө болуп жүргөн Акжол Канатбек уулунун апасы тууралуу маеги жарык көрдү. Ибраим Кенжетаевдин “Манас ордонун” көпчүлүк биле бербеген тарыхы” деген, Темирбек Жолдубаевдин “Актоко” деген макалалары да ушул санда.

“Фабула” гезити экономист Айылчы Сарыбаевдин “Товарлар транзиттик жол менен ташылып жаткан соң казактар эшигин жаппаш керек” деп маек берди. Буга байланыштуу бир катар адамдардын ойлору басылып чыкты. Мирлан Дүйшөнбаев макаласын “СДПКнын рупору болчу потенциалы бар Абдыманап Кутушев” деп атаса, Чубак ажы Жалилов макаласын “Баса белгилеп айтам, менин бир эле аялым бар” деп атады. “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редактору, таланттуу акын Нуралы Капаровдун жаңы ырлары жарык көрдү. Акындын мигрант кыргыздар жөнүндөгү “Эстелик коёт элем” деген, “Галстук” жөнүндөгү жана “Сталинге ода” деген ырлары окуган окурмандардын бирин да кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Айдар уулу барымтага түшүп калганда атасы жандалбастап: “Бошотуп берсең болду Айдарымды, кааласаң бүт берейин мал-жанымды, кааласаң отуз берем, асты алтын, үстү күмүш Үзөңгү-Кууш дегенди кошуп берем” деп Кытай бийлигине жалынганын, ал эми Сталин баласы немистердин колуна туткунга түшүп калганда: “Кара башым үчүн мен кар баспайм деп, катардагы аскерди генералга, генералды аскерге алмашпайм” деп, айткан сөзүң түбөлүк өчпөс сөздүр! Сендей залкар чыкпаптыр сага чейин, сендей көсөм чыкпастыр эми эч бир!” деп суктанган мыкты саптары менен коштолгон.

Эмгек сиңирген артист, ырчы Бактияр Токторовдун маеги “Буй-буйду ырдаганда мени көптөр мас деп ойлошот” деген ат менен жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Ички иштер органы такыр эле ирип бүтүптүр” деген ат менен журналист Нина Ничипорованын макаласын басты. Макалада пара менен кармалган милиция кызматкерине тергөө жүргүзүү үчүн келген Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматынын адамдарына Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн 15-20 милийсасы түп көтөрө чабуул коюп, кабинеттерге жулунуп киришип, пара менен колго түшкөн кызматкерин кара күч менен кантип “бошотуп” алганы жөнүндө, мыйзамды сактайт, элди мыйзамсыздыктан коргойт деген милийса кызматкерлери өзүлөрү мыйзамга түкүрүп да койбогон укмуштуу зөөкүрдүк иштерди жасаганын, мындай милийсасы бар органды районуна карабай туруп түп-тамырынан бери тазалап салуу керектигин, антпесе милийсалар милийса болбойле криминал болуп баратканы тууралуу окуйсуздар.