Бекназаров: “Мен колдогон адам президент болот”

Азимбек Бекназаров.

Бүгүн “Майдан” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити Жаңы жылга арналган баш макаласында кыргыз элин куттуктап, келаткан жыл элибиз үчүн кут төккөн жылдардан болушун тилеп, бешинчи президентти шайлоо жылы да жаңырган жылга туш келип жатканын, ошондуктан биздин кийинки тагдырыбыз акчасына, арагына, куру убада, жел сөзүнө алданбаган позициябызга, туура тандообузга жараша болорун белгилеп: “Кыргызстанга татыктуу, таза, эл жүгүн көтөргөн, чыныгы мекенчил адамдын президенттикке келишин каалайлы!” деп жазды.

“Бешиликтин” бул жумадагы каармандары Аида Салянова, “Азия МИХ”, Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кулматов, Кайрат Пиримбердиев болду.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Бийлик аферист компанияны жалдап, бизге жалган доомат арткысы келгени ачыкка чыкты” деп аңгеме-дүкөн курса, саясатчы Азимбек Бекназаров “Мен колдогон адам президент болот” деп маек берди. Ушул эле бетте “Каганат” булагынан алынып басылган макала “Сарпашевдин амалы кырк эшекке жүкпү?” деп аталды.

“Майдан” гезити “ 2016-жыл эмнеси менен эсиңизде калды?” деп айрым жарандарга суроо салып, жообун басты. “Кыргыз Ата” элдик саясый партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев:-Элге үлгү боло турган эмес, эл жийиркенген адамдар бийликте көбөйдү,- деп,

Журналист Бекташ Шамшиев:- Маймыл жылы төрөлгөндөр 60ка чыктык,- деп,

Укук коргоочу Рита Карасартова:- Мыйзамсыз референдумду өткөргөнү менен эсте калды,- деп,

Генерал Кубатбек Кожоналиев:- Бири-бирин каралаган чыр-чатактар көп болду,- деп,

“Имарат Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев:- Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ийгиликтүү өттү,-деп,

Журналист Үмүт Мукамбетова:- Даңазалуу жыл болду,-деп,

Теледиктор Мирзат Муканов:- Сүйүктүү адамыма баш коштум,-деп,

Журналист Зайырбек Ажыматов:- Куудулдардын чатагы, жоголгон Баш мыйзам, анан референдум эсте калды,- деп жооп беришти.

“Майдан” гезити ошондой эле “Жыл жыйынтыгы: Саясаттагы салгылашуудан ажырашууга чейин” деген, Кудайберди Абди уулунун “Кыргыз эли кулдуктан качан кутулат?” деген, “Таластыктар кайсы “менттин” үй-бүлөсүн ташбараңга алышат?” деген макалаларды, жазуучулар Мурзапар Үсөндүн “Менин философиям” аттуу роман-эссесинен үзүндүнү, Нурайым Шаршенбаеванын “Казак” аттуу аңгеме баянын окурмандарга тартуулады. Мындан башка дагы бир катар кызыктуу маектер бар.

“Вечерний Бишкек” гезити Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаты, экс-башкы прокурор Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгогонун маалымдаган кабар менен бүгүнкү санын ачып, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун, ошол кезде издөөдө жүргөн Алесей Елисеевге берилген лицензиянын мөөнөтү мыйзамсыз узартылганын, ушул чатак аныгына чыкса Аида Саляновага айып пул салынарын же үй мүлкү конфискациялануу менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратыларын кабарлады.

Санкт-Петербургдагы саммит жөнүндө Александр Тузовдун, адамдарды соодалоо боюнча “Өзүңдү өзүң сатпа!” деген Айжан Мамбеталиеванын, “Жогорку Кеңештеги жер талаш” деген Бермет Маликованын, “Парламент баарын айыпка айдады” деген Азамат Касыбековдун, жер семирткич көйгөйү жана таза азык-түлүк өндүрүү боюнча академик Жамин Акималиевдин макалаларын окуйсуздар.