Гезитчилер кышкы эс алууга кете башташты

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы балаты.

Бүгүн “Эркин тоо” менен “Вечерний Бишкек” гезиттери гана жарык көрдү. Гезитчилер да жаңы жылды эртелеп тосуп алыш үчүн эс алууга кете башташты көрүнөт.

“Эркин тоо” гезитинен президент Алмазбек Атамбаевдин “Бүгүн биз мамилелердин жаңы барагын ачып жатабыз” деген ат менен 24-декабрда иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самаркан шаарына баргандагы сүйлөгөн сөзүн, ага чейинки Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани менен болгон жолугушуу тууралуу баяндаган журналист Атай Алтымышевдин “Ала-Арчадагы жолугушуу он жылдык кызматташууга жол ачты” деген макаласын, быйылкы жылдын мыктылары ким болгондуктары тууралуу маалыматтарды окуп, сүрөттөрү менен таанышасыздар.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын “Бөтөн кайгы болбойт” деген баштема менен ачып, Россиянын кырсыктан кыйраган учагындагы курман болгондордун жакындарынын кайгысын кыргызстандыктар да тең бөлүшүп, көңүл айтып жаткандыгын билдирген фото менен ачты.

“Кыргызстандыктардын бизнесин жалган инвесторлор тартып алган” деген макалада 90-жылдан кийин жаңы доорго кадам таштаган Кыргызстан ишкерлик кылам, дүйнөдөгү башка өлкөлөр өңдүү жакшы жашайм деген тилек менен эл аралык чайкоочулуктун курмандыгына кантип айланганы жөнүндө журналист Кирилл Степанюк кенен кеп кылды.

Россиянын “Шайыр тапкычтар клубунун” жогорку лигасында чемпиондук титулду жеңип келген кыргызстандык “Азия МИХ” командасынын ийгилиги жана ошол эле Россиянын “Голос” деп аталган ырчылардын сынагында кыргыз ырчысы Кайрат Пиримбердиевдин финалга чыккандыгын, Кыргыз эл артисти Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын чыгармачыл труппасы “Жаңы жылдык күтүүсүз окуялар” аттуу жаңы спектаклин шаардыктарга тартуулап жатканын, белгилүү орус акыны Андрей Вознесенскийдин “Авось” аттуу поэмасынын негизинде жазылган “Юнона менен Авось” аттуу музыкалык-хореографиялык композицияны Кыргыз-орус славян университетинин студенттеринин жаштар театры коюп чыккандыгы жөнүндө окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле арак ичип атып бычакташа кеткен мушташтын айынан Сокулуктун 34 жаштагы жигити бөтөлкөлөшүн сайып өлтүрүп эми камакта олтурганын, Оштогу бир саунанын 42 жаштагы башчысы кечкисин жеңил ойлуу кыздарды сойкулукка тартып жүргөндүгү үчүн шектелип жатканын, ошол эле Ош-Бишкек жолундагы май куйгуч бекетке маскачан адам кол салып, тапанча менен аткылап кирип, акчасын тоноп кеткенин, кийин колго түшүрүлгөнүн, көрсө бул эргул Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында мурда иштеп кеткен эргул экенин, нашаадан тойгончо чегип алгандан кийин мээси чаңдап ушундай каракчылыкка барганын маалымдаган кабарларды жарыялады.