“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын “Декабрь тезистери” деген ат менен президенттин журналисттердин суроолоруна берген жооптору менен ачты. Басылмада Кирилл Степанюктун макаласы “Сулуулук салонун рейдердик жол менен басып алуу. Коркутуу, зордук-зомбулук, баягы эле бакиевдер” деген, Ольга Дядюченконун “Карагылачы Жогорку Сотко кимдер келатат, беш кара мантий өз каармандарын күтүүдө” деген, Нина Ничипорованын “Галя эне эмнеге ыйлайт?” деген, Кыргызстандын Улуу Британиядагы экс-элчиси Кубан Мамбеталиевдин “Кыргызстан–Америка, 25 жыл мурда” деген, профессор Ишенгүл Болжурова менен кызы Жаңыл Бөкөнбаеванын “Мешхед–1925. Жаш Юсуптун жашыруун миссиясы” деген, Айжан Мамбеталиеванын “Күн жашаган жердеги үй-бүлө” деген макалалары бар.
“Супер инфо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Ооруп калганымда элиме керек экенимди билдим” деген ат менен журналисттердин суроолоруна берген жообу басылды. Гезиттен ошондойле өлкөдө СПИДге чалдыккандар 8 эсеге көбөйгөнүн, депутаттар эми Темир Сариев ишинен адилетсиз кеткен деп айтып жатышканын, Улуттук илимдер aкадемиясы 40 пайызга кыскарганын, “Кыргызтелекомдун” төрагасы Эмил Эшеналиевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган кабарларды басты. Аскат Субанбековдун “Кыргызстан жасалма документтердин мекениби?” деген макаласын, "Каршы” үгүттүк тобу даярдаган “Биз Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршыбыз!” деген теманын алдында Башмыйзмадын өзгөрүшүнө каршы пикирин билдирген жарандар: генерал Исмаил Исаков, экс-судья Клара Сооронкулова, экс-депутат Садыр Жапаров, “Интербилимдин” Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошуракунова, Нурбек Токтакунов, коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков, журналисттер Бермет Букашева, Эрнис Кыязов, эксперттер Эрик Ирискулбеков, Тамерлан Ибраимов, саясат таануучу Жыргалбек Касаболотов, тарыхчы Элери Битикчи, саясатчы Мавлян Аскарбековдун ойлору басылып чыкты.
“Фабула” гезити Келдибеков, Мадумаров, Ташиевдин биригип чоң саясый жүрүшкө аттанганын баяндап, алдына айрым адамдардын алар тууралуу ойлоруна орун берди. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Ажого асылгандар” аттуу макаласы жарык көрдү. Гүлмира Шаршеева тарабынан даярдалган бет “Кыргыз адабияты сабагын кыскартуунун зарылчылыгы барбы?” деп аталды. Анда Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 2017-жылдан баштап жаңы окуу планын ишке киргизүүнү сунуштап жатканын, бул долбоордо кыргыз адабияты сабагы өз алдынча сабак статусунан ажыратылып “Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты” деген сабакка бириктирилерин билгенден кийин буга нааразы болгон жазуучулардын ойлору жарыяланды. Батыштан таңууланган мандемдүү далай программалар Кыргызстандын адегенде эл чарбасын, анан айыл чарбасын, андан кийин медицинасын талкалаганы белгилүү. Талкалоонун эмки кезеги аз да болсо кыргыздын жандүйнөсүн кармап турган кыргыз адабиятын талкалай турган программага келди дешүүдө. Коңшу Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия менен Беларус бул өңдүү өз элинин өзөгүн өрттөп жей турган программаны чет элдин акчасына сатылып, окуу жайларына киргизүүгө жанталашкан өз саткындарын кан буугандай токтотконун эске албасак, биз да токтотпосок, эртең кыргыздын балдар-кыздарын таптакыр маңкурт кылып аларыбызды Билим берүү министрлигинин эсине дагы бир жолу сала кетели.
“Эркин тоо” гезити Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын даярдоо зарыл” деген сөзү менен ачып, анын журналисттердин суроолоруна берген жообун жарыялады.
“Кыргыз туусу” гезитинен майда маалыматтарды, макалаларды, Башмыйзамга каршы жана жактаган пикирлерди, “Беш жылдык жакшылыкка, жаңылыкка бай болду” деген теманын алдында президенттин 5 жылдык ишмердигине берген айрым адамдардын баасын окуйсуздар.