“ПолитКлиника” гезитинен сиздер “Бабановдон чыккан Ташиевге Мадумаров менен Келдибеков баш кошту, эми “ажырашпайбыз” дешти” деген Кымбат Турдубекова даярдаган материалды, Дилбар Алимованын “Гезиттин кожоюну ким?” деген, Айжан Айтышеванын “Темир Сариевди кызматтан кетирүүгө Балыкчы-Корумду жолу жөн эле шылтоо болгонбу?” деген жана “Елисеевдин лицензиясынын айланасындагы чатак” деген ат менен президентке кайрылган катты окуйсуздар. Ушул эле гезиттеги маегинде депутат Бакытбек Жетигенов кезинде "Дордой" базарында футболка сатканын, спорт менен машыгарын жана үй-бүлөсү тууралуу кеп кылды. Аскер Сакыбаеванын макаласы Бела Уитц аттуу сүрөтчүнүн чыгармачылык тагдыры тууралуу баяндады. “Биздин замандын кишилери” деген рубрикадан “Бир кездеги Социалдык өнүгүү министри Сүйүмкан Токторбаева эмнеге нааразы?” деген аталыштагы макала жарык көрдү.
“Асман плюс” гезити нарындык 4 окуучу роботту программалоо боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышмай болгонун кабарлады. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун “Атамбаев турганда КСДП бири-бири менен кармашпайт, чачылбайт” деп маек куруп, ушул жылдын 7-декабрында бийлик менен оппозиция тарапты бир үстөлгө олтургузуп ынтымакка чакырган форум өткөргөнү жатканын айтты. Асылкан кызы Перизаттын “Курманжан датка” ордени менен өз мекенин сүйүүгө тарбиялаган жарандар сыйланат” деген материалда бул орден 2011-жылы мурунку Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырованын демилгеси менен кабыл алынганын жазып чыкты. Гезиттен драматург Керез Зарлыкованын “Театрда гана эмес кинодо да актерлердун өмүрү узун болушун каалайм” деген маегин, академик Лариса Асанбекованын “Тазалануунун жолдору” деген кеңешин окуйсуздар.
“Азия ньюс” гезити Иманкадыр Рысалиевдин “Азыркы конституциялык реформа нукура парламенттик республикага алпарчу жолдун башталышы” деген маегин тартуулады. Калыгул Бейшекеев менен аңгемелешкен саясатчы Жусупжан Жээнбеков маегин “Ошондо Атамбаевдин көзү өтүп кетсе Бекназаров күнөөнү мага оодармак экен” деп атады. “Мага каршы соттук процесс жүрүп жатат”. Мына ушундай ат менен “Азия ньюстун” бүгүнкү санына белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин эки беттен турган көлөмдүү маеги жарык көрдү. Белгилүү адабиятчы, илим доктору, таланттуу жазуучу Абдыкерим Муратовдун “Кыргыз адабияты коркунучта!” деген макаласы да бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезитинде.
“Де-факто” гезитине маек берген депутат Рыскелди Момбеков импичмент Жогорку Кеңештин башын жутуп коюшу мүмкүн экендигин, саясаттагы өрт Баш мыйзамды өзгөртүүдөн башталганын, бирок бул жөн эле шылтоого шынаа болгонун, балакеттин баары келерки президенттик шайлоодо жатканын, азыркы саясый топторго биригүүлөр, бирин-бири жоктоп-боктомойлордун баарынын төркүнү президенттик так талашка барып такаларын кеп кылды. Маданият министри Түгөлбай Казаковдун “Аянтка чыккандар Академияны бүтүрүп келгендей болуп калды” деп гезит кабарчысы Зулпукар Сапановго берген маегинде, кайсыл мамлекет болбосун акчасын жөндөн жөн эле чача бербесин, акчасы менен кошо анын түпкү кызыкчылыгын ишке ашыруу аракети кошо келерин, мисалы орус тилинде окуган балдар өз бир тууганы болгон, бирок орус тилин билбеген кыргыз балдарды экинчи сорттогу элдин балдары катары санашарын, ошол эле убакта аларды чыныгы орустар орус тилин билет экен деп эле орус катары кабыл ала койбостугун, анан мындайлар оруска да, кыргызга да сиңбей ара жолдо кала берерин, өз эне тилинин өзөгүнөн өнүп-өспөгөн бала эч качан өз элинин тарыхын, ырын, сөзүн, барып-барып өз элин урматтагандан, сыйлагандан алыс, чоочун өсүп каларын айтты. Министр Түгөлбай Казаков сөзүнүн аягында Индиянын пайгамбары Саи Баба дүйнөдөгү адамзаттын тазаланышы кыргыздардан башталат деп жазганын, эгер анын жазганы чын болсо, тазалануу келерки жылдын апрелинен башталабы деген суроо турганын, эл толкуганда баш бербестигин, аны эки ирет тең көргөнүбүздү, бирок улут тагдыры коркунучта турганда төө кушчасынан башты кумга катып тура албастыгыңды, акыры башта бир өлүм болгон соң, ошого барыш керектигин айтты.
Кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын “Манас исламды алдым деп селде оронуп мечитте отуруп алган эмес” деген, ошондой эле Эрнис Асек уулунун маеги жана ал которгон “Конфуцийдин осуяттары” да ушул ”Де-факто” гезитинде.