“Демилгечилер мыйзам долбоорун окушкандарынан шегим бар”

Кыргызстан Конституциясы.

Бүгүн “ПолитКлиника”, “Азия ньюс”, “Асман плюс”, “Де-факто” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санын депутат Өмүрбек Текебаевдин “Муну саясый террор деп коет” деген маеги менен ачты. Күч органдарында реформа жүрбөй жатканына токтолгон Текебаев бул тармакты президент Атамбаев өзү жетектерин, демек реформа жүрбөй жатканына, жыл сайын Ички иштер министри алмашып келатканына өзү жооп бериши керектигин, анан дагы “Ким Конституцияга каршы болсо–ал элдин душманы” деп айтып каршы болгондорду кызматынан бошотуп, куугунтукка алып жатканын “саясый террор” деп атады.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин маеги “Коалицияга кирүү сунушу түшө элек” деп аталып, “Бакиевдин кызыкчылыгын колдойт” деген ушак, жалган жалаалардын баары калп экендигин, ал жеке адамдын эмес, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин гана кызыкчылыгын ойлорун билдирди. Токмоктук Мария Рахманбердиеванын президент Алмазбек Атамбаевге жазган каты “Уулумду машина менен сүзүп өлтүргөн киши жазасын алабы?” деген суроо менен жарыяланды.

“Азия ньюс” гезити депутат Канат Исаевдин “Менин артымдан Башкы прокуратура текшерүү жүргүзө баштады” деген маеги менен бул санын ачты. Журналист Сабыр Муканбетов гезит кабарчысы Сурат Жылкычиевге берген маегин “Коалициянын “үч буттуу” болушу опурталдуу” деп атап, коалиция маселесин талдоого алды. “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупованын чакан маеги “Демилгечилер мыйзам долбоорун окушкандарынан шегим бар” деген ат менен жарыяланды.

Доцент Чолпонбек Сыдыкбаев макаласын “Билим берүү системасындагы диверсия...” деп атаса, Бүбү Мариям Муса кызы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусун “Мага жалган жалаа жаап, абийиримди тебелеп жатышат” деп атап, анын аян же транс аркылуу жазылган “Айкөл Манас” он томдугуна каршы тараптын жасагандары, Нарындагы сот жүрүшү, Бишкектеги студенттерди чогултуп өткөргөн талкуу тууралуу кеп кылып келип: “Күндү көргөн тоңуп өлбөйт, ханды көргөн ачтан өлбөйт” деген кеп барын белгилеп: “Мен сизден аш сурабайм, акыйкат сөзүңүздү гана сурайм!” деп өтүндү. Республиканын эмгек сиңирген артисти Тамара Исабекованын маеги “Илгери “артистти аялым дебе, шоопурду күйөөм дебе” деген ылакап бар эле” деген аталыш менен жарык көрдү.

“Асман плюс” гезитине белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева “Дагы багынтчу бийиктиктер алдыда” экендигин чыгармачылыгы аркылуу кеп кылды. Коомдук ишмер Абылай Тегин макаласын “Кудай берген адамга кудай урган асылат” деп атап, ушул “Асман плюска” жарыяланган Назира Кулболдиеванын “Идеологиялык согуш” же кыргыздын 7 кемчилиги” аттуу макаласын окугандан кийин колуна калем алып ушул макаласын жазганын, ошондогу Байас Турал туура айткандай, Манас аркылуу кыргызды экиге бөлгөндөрдүн артында чет элдик күчтөр тургандай туюларын, айрыкча Бүбү Мариямдын 10 томдук “Айкөл Манасын” бир беткей каралоо саясаты жүрүп жатканын, ар бир коомдо жаңы жана прогрессивдүү нерселер ар дайым карама-каршылык аркылуу, түшүнбөстүк аркылуу кабыл алынып келгенин мисалга тартып, ”Айкөл Манас” баяны окулабы, окулбайбы, аны төрт адамдан турган уюшулган топ чечпестигин, “Манас” ааламы алар ойлоп тапкан эрежеге баш ийбей тургандыгын, “Манас” деген чалкып жаткан деңиз экендигин, демек деңиздин толкуну ар кандай ыплас, кир-кокту жээкке сүрүп таштап, өзүн өзү тазалап турарын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити жаңы санын “Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө жол ачты” деген макала менен ачты. Депутат Аида Салянова маегин “Президент менен жолугушуу издеген адамдардын тизмесине кирбейм” десе, депутат Дастан Бекешов маегин “Бишкектиктер “Ата Мекенди” шайлоодо колдошпойт” деп атады.

“Де-факто” гезити эки беттен турган сүрөттүү баянды “Алматы шаарына–1000 жыл” деп атап, гезиттин дагы бир бетин Алматы шаарында жашап, иштеп жүргөн жердештерибиздин жашоо-турмушун чагылдырган ой-пикирлерге орун берди. “Дордой” базарынын башкы директору Эркин Салымбековдун маеги “Соодагерлерге мыкты шарттарды түзүп беребиз” деген аталыш менен тартууланды.

Кинорежиссер Темир Бирназаров маеги аркылуу “Биз кинону товарга айлантып салдык” деп кейиди. Акындардын күз тууралуу ырлары да ушул санда. Ырчы Жаңылай Кубатбекова келечекте чет тилдеринде да ырдай турган тилеги бар экенин билдирди. “Де-факто” гезити “Трамп–Клинтон. АКШ тагдыры кимдин колуна өтөт?” деген макаласын да окурмандарга тартуу кылды.