Өкүл ата коюу бизнеске айландыбы? 

Үйлөнүү тою.

Бейшембиде "Азия ньюс", "ПолитКлиника", "Де-факто", "Асман плюс" гезиттери жарыкка чыкты.

“Азия ньюс” гезити “Президенттик жарышка тапталган тыңчыкмалар” деген баштеманын алдында Сооронбай Жээнбеков, Туйгуналы Абдраимов, Канат Исаев, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Абдил Сегизбаев, Ахматбек Келдибеков өңдүү саясатчылардын жана мамлекеттик чиновниктердин сүрөттөрүн кыскача мүнөздөмөсү менен жарыялады. Ишкер Рустам Мамаев маегин “Кыргыз тарыхын жазганга 1 млн. доллар жумшадым” деп атаган.

Кыргызстанда жол курулуштары башталса эле коррупциялык амал менен акча өөнөп калууга ниеттенген бийлик башындагылар менен шыбагалаш шумпайлар айланчыктап калмайы адатка айланганын белгилеген “Азия ньюс” гезити эми Бишкек–Кара-Балта жолун реконструкциялоо үчүн Азия өнүктүрүү Банкы менен транспорт министрлиги өткөрүп жаткан 100 млн. долларлык тендер боюнча чатак чыгып, депутат Бакыт Төрөбаев транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровду кызматынан четтетүүнү талап кылып чыкканын кабарлады. “Эркин эл” саясый партиясынын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун маеги “Конституцияны өзгөрткөн менен элдин жашоосун өзгөртө албай калышты” деп маек курса, укук коргоочу Турсунбек Акун Атамбаевдин эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүн да, оппозиция өткөргөн курултайды да сындап маек курду.

“ПолитКлиника” гезитинен кыргыздын таланттуу акын кызы Айгүл Узакованын жылдыгы туулуп-өскөн айылы Бостериде өтүп, айылдын бир көчөсүнө аты берлигенин, аны эскерүүгө акындын жан курбусу Калбүбү Сариева, сүрөтчү Бек Жайчибеков барып катышып, айылдаштары, жакын туугандары чогулуп, Айгүлдүн ырларын окуп, Айгүл жөнүндө жакшы сөздөрдү сүйлөп келишкенин журналист Айгүл Бакееванын кабарынан окуйсуздар. Журналист Парахат Шүкүрова “Өкүл ата коюу бизнеске айландыбы?” деген суроого өкүл ата болгондордун өзүлөрүнүн ой-пикирлери менен жооп издеди. “Референдумга - жок!” кыймылынын курултайы тууралуу Айгүл Бакеева жазып чыкты. Аталган басылма гезиттердин катарын жакындан бери “Бишкек-Ош” аттуу жаңы гезит толуктаганын, бул гезит кадимки “Вечерний Бишкектин” кыргыз тилиндегиси, бирок аны туурабай өз алдынча чыга турган гезит экенин маалымдады.

Депутат Аида Салянова маеги аркылуу өкмөттү күчөтүү менен бийлик топтоо аракети көрүлүп жатканын, “Мегаком” боюнча ага тагылган күнөөлөрдүн баары жалгандыгын, анын 7 пайыз эмес, 07 пайыз да акциясы жоктугун, бүгүн бийликти үчөө Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов сындап жаткандан кийин, бийлик да аларга каршы жообун ушундай жол менен берип жатканын айтты. Бишкектин мэри Албек Ибраимов “Жер “Дастанга” тиешелүү экенин Алмаз Шаршеновичке айтпаганым үчүн өзүмдү күнөөлөп жатам” деп маек берсе, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кишини жок кылып, террористтерге шылтап коюшу мүмкүн” деп маек берип, анысын майда темаларга бөлүп, “Атамбаев менен Батыровдун жолугушуусу Асылбек Текебаевдин сүрөтү боюнча” деген, “Атамбаевдин жери тууралуу” деген, “Ибраимовдун дилбаяны” деген, “Кызматтык орун которуулары жөнүндө” деген, “Сапар Исаков “балакай” жөн турбай мага тийишип жатат” деген, “Мени эми террористерге жармаштыргысы келип жатат” деген аталыштар менен атады.

“Де-факто” гезити бул санын Бегимай Бакашеванын “Атамбаевди актайм дегендер аксатууда” деген макаласы менен ачты. Аталган гезит “Түз суроо” рубрикасы аркылуу депутат Аида Саляновага “Кылмышкер” деп айып таккан адамдар менен чогуу иштешүү кандай экен?” деп, депутат Игорь Чудиновго “Мамлекеттин жерлерин алдамчылык менен сатканыңызды моюнга аласызбы?” деп, депутат Феликс Куловго “Сиз бизнесиңизди башкаларды коркутуп-үркүтүү жолу менен гүлдөтөсүзбү?” деген суроолор менен кайрылды.

“Асман плюс” гезити жаңы эле иштен кеткен экс-министр Кудайберген Базарбаевдин маеги менен бүгүнкү санын ачты. Кудайберген Базарбаев маегин “Бала кезде жетип-жетпеген жашоону баштан өткөрдүм” деген, “Камыр жууруп, кесме кесчүмүн” деген, “Баламды гезит саттырып, машине жуудуруп иштеттим” деген, “Агам Чолпонбек Базарбаев мени аталык да, агалык да камкордукка алды” деген, “Бир үйдөн атактуу үч инсан чыктык” деген, “Апамдын мээнетин Жараткан дөөлөттүү карылык менен кайтарды” деген майда темалар менен атап, баскан жолун кыска, кызыктуу кылып айтып берди. Гезит адаттагыдай эле төлгөчүлөрдүн сясатчылар тууралуу төлгө салгандарын айттырып, академик Лариса Асанбекованын “Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар” деген макаласын тартуулады.