“Пластмасса бадыраң жеп көрдүңүз беле?”

Бадыраң.

Бүгүн "Майдан", "Көк асаба", "Багыт", "Вечерний Бишкек гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезитиндеги макаласын “Манас” изилдөөчү Гүлсара Мамбеталиева “Жайсаңчылар” салган жол менен жүрсө болобу?” деп атаса, белгилүү окумуштуу педагог, профессор Советбек Байгазиев макаласын “Улуттук аң-сезим өзүнө кыйынчылык менен жол салып жатат” деп атады. Экс-депутат Исмаил Исаков маегин “Кадыржан Батыровго кишен салып, керек болсо уурдап, капка салып Кыргызстанга алып келүү керек” деп атап, Кадыржан Батыровдун “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын журналистине берген маегиндеги “Мени Кыргызстандан алдап чыгарышкан” деп айтканына тактоо киргизип, ал учурдагы окуя кандай болгонун сүрөттөп берди. Исмаил Исаков маегинин аягында анын оюнча бул ызы-чуунун акырына чыгуу үчүн кыска мөөнөттүн ичинде Батыровду Кыргызстанга кандай жол менен болсо да, керек болсо миллион доллар сайып туруп апкелиш керектигин, ошондо гана көптөгөн маселелерге чекит коюларын билдирди.

Саясый серепчи Табылды Акеров “Референдумга - жок” кыймылынын курултайы максатына жеткенин, кабыл алынган резолюцияда көп маселе камтылганын, сунушталып жаткан Конституциянын долбоору демократиялык мамлекеттүүлүк идеясына каршы экенин, бул долбоор боюнча Кыргызстан полицейлик өлкөгө айланарын, өлкөнү президент менен премьер-министр башкарып каларын, маселен, адам укуктарынын негизги принциптерине каршы нормалар киргизилип олтурганын, буга таянып бүгүн жазып жатышкандай укук коргоочуларды айыптап “саткын, өз өлкөсүнүн чыккынчылары” деп жарандыктан чыгарып салуу коркунучу барын, анткени жарандыгы жок адамды башка өлкөлөр албай коерун, бул норма кыргыздын табиятына да туура келбей тургандыгын айтты.

“Ак калпак” саясый партиясынын лидери, улуттук оппозициянын мүчөсү Улукбек Маматаев маегин “Кетсин!” деген сөз үчүн эле камай беришсе, өлкөнүн жарым калкы абакка түшөт” деп атады.

“Майдан” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Референдумга - жок!” кыймылынын курултайында сүйлөгөн сөзүн толугу менен тартуулады. Ал сөз “Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү кылмыш кодексинин алдындагы жоопкерчиликтен кутулуп кетүү амалында Конституцияны өзгөрткөнү жатышат” деген ат менен жарык көрдү. Ушунун эле жанына экс-депутат Асия Сасыкбаеванын “Атамбаев менен Текебаев тирешкен жок, бүгүн эки башка идеологиянын, ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат” деген маеги жарыяланды.

Бир кезде Бакиев бийлигинин запкысынан денеси 21 жеринен тамтыксыз бычакталып, кудайдын жардамы менен аман калып, азыр чет өлкөдө жүргөн журналист Сыргак Абдылдаевдин “Сенин өлүмүңдүн эч кимге кереги жок, Өмүке” деп Текебаевге багышталган катын “Багыт” гезити жарыялады. Катта: “Өмүке, сен бүгүн жалгыз калдың. Ал эми сени айланчыктап жүргөндөр буга чейин Атамбаевди саткан, жакында сени да сатат. Сен тарапта алаамат башталса өпкө-бооруңа чейин сатат. Чыныгы бааңды акыркы курултайда көрсөттүң. Өмүке, сен бүтүндөй өлкөгө таарыныпсың. Мен сага эски дос катары эскертем: эгер сенин өлүмүң кимдир бирөөгө керек болсо орус драмтеатрында эле жайлап салмак. Сенин өлүмүңдүн эч кимге кереги жок. Сен ансыз да азыр саясатта жарым өлүксүң. Сенин тегерегиңде жаш чөөлөр айланып жүрөт, убактысы келгенде сени кошуп жеп коет” деп жазылган.

“Багыт” гезитинен ошондой эле журналист Үсөн Касыбековдун “Бири билип айтат, бири билбей эле айта берет” деген жана “Курултайдын маңызы жоголуп, жеке амбициялардын куралына айландыбы?” деген макалаларын, Баратбай Аракеевдин “Жеп жуткуң келсе, жол мына!” деген макалаларын, укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Кадыржан Батыровдун артында Борбор Азияны Сирияга айлантууну көздөгөн күчтөр турат” деген маегин окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити кош көңүл аткаминерлердин айынан өлкөнүн айыл чарбасы сапаты шектүү азык-түлүктөргө басылып жатканын, ал эми өзүбүз өстүргөн помидорлор менен бадыраңдар бат эле сатылып кетип жатканын, жашылчалардын жергиликтүү уругу дээрлик калбай калганын, эгер буга тез арада чара көрүлбөсө кыргызстандыктар жакында эч кандай даамы жок, “пластамасса” бадыраңдарды жеп калышарын Вячеслав Аникиндин “Пластмасса бадыраң жеп көрдүңүз беле?” деген макаласында кенен кеп кылды.

Шаардык гезит эртеңден баштап аба ырайында өзгөрүү болорун, күндүн табы кайтып, тоолуу райондордо 7 градуска чейин суук болсо, 15-октябрдан тартып Чүйдү да суук басарын, камсыз жаткан кыргыздар кыймылдап, бала-чакасы үшүп калбас үчүн отун-суу камдап алышы керектигин эстерине салды.

Журналист Евгений Денисенко “Орусиядагы кичинекей кыргыздын чоң көйгөйлөрү” деген макаласында эмгек мигранттарынын балдарынын мектепке барбай калганынын себептерин баяндады. Кыргыздын биринчи композитор кызы, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Жылдыз Малдыбаеванын юбилейлик концерти зор ийгилик менен өткөнүн, 70 жылдыгын белгилеген композитордун 28 чыгармасы аткарылганын "Вечерний Бишкек" гезити жазып чыкты.

Бүгүн “Көк асаба” гезити да жарык көрдү.