"Ортомчу аялдарга" тийбей эле койгулачы"

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз туусу”, “Эркин Тоо”, “Фабула” гезиттери гана жарык көрдү.

Шаардык гезит жаңы санын Бишкектин Ленин райондук акимчиликтин башчысы 9 жаштагы баланы сууга чөгүп бараткан жеринен сактап калган Жумагазы Арыковду сыйлап жаткан сүрөтү менен ачып, окуя кандай болгонун, аягы минтип жакшылык менен аяктаганын жазып чыкты.

Журналист Бермет Маликова “Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” өткөн жумада болгон коомдук угуу курч талаш-тартыштарды туудурганын, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, Коомдук анализ институтунун башчысы Рита Карасартова мыйзам долбоорунун процедурасы боюнча кемчиликтерге токтолушканын, “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Конституциядагы 30 өзгөртүүнүн баарына “макул” же “жок” деген бир гана жооп берүү туура эмес экендигине нааразылыгын билдиргенин, референдумга каршы болгондор сүйлөгөндөн кийин чыккан депутат Иса Өмүркулов өзгөртүлгөнү жаткан Башмыйзамда президенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу кымындай сөз жоктугуна карабастан, укук коргоочулар Токтакунов менен Карасартова Атамбаев бийликти узурпациялап жатат деп элди алдагандары туура эместигин, чын-чынына келгенде президент өкмөт менен Жогорку Кеңештин тең салмагын сактоону көздөп жатканын эстерине салганын, Токтайым Үмөталиева Конституциянын текстин алты жолу алмаштырганы үчүн Текебаевди күнөөлөп, бул фактыларды иликтөө үчүн комиссия түзүү сунушун кийиргенин, депутат Рыскелди Момбеков адатынча катуу сүйлөп: -Баласы кыйын абалда калган кезде атасы жардам бериши керек. Андайле өлкөнүн тагдыры үчүн азап тартат экен, анда эмне үчүн “Конституциянын атасы” “баласын” таштай салып залдан чыга качат? Анан да “бомба” таштайм деп коркутат, Текебаевде бомба тургай петарда да жок,- деп айтканын мисал кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити шаарга жылуулук эреже боюнча 1-ноябрда берилерин, бирок ага чейин суук болуп кетсе жылытуу эрте башталарын, өткөн жылы 20-октябрда башталганын, Бишкек кышка даяр экендигин Зинаида Сорокинананын макаласынан окуп алсаңыздар болот.

“Фабула” гезитин ачарыңыз менен “Дастан” заводун улуткан Улукбек Ормонов экенин окуп, Нурбек Токтакунов, Аида Салянова, Рита Карасартова, Эльвира Сариева тууралуу чакан кабарлар менен таанышасыздар. Булардын катарында “Атамбаев менен Текебаевди ынтымакка чакырды” деген маалымат жарык көрдү. Анда көп жылдардан бери саясатта үзөнгүлөш жүргөн Атамбаев менен Текебаевдин акыркы кездеги пикир келишпестиги айрым саясый күчтөрдүн чырагына май тамызып, ортодогу жараканы ого бетер тереңдетүү үчүн чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, экөөнү бириктирбөө саясатын жүргүзүп жатышканын, мына ушундай жагдайда “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов эки саясатчыны ынтымакка келүүгө чакырып, эки таасирдүү саясатчынын тиреши өлкөгө жакшылык алып келбестигин айтканын жазып чыкты.

“Фабула” басылмасы андан ары “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы транспорт министри Замирбек Айдаровду убактылуу кызматтан четтетүүнү өкмөт башчыга сунуш кылганын, Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжесариевдин шоопуру мыйзамсыз курал сатып жүргөндүгү боюнча ишти Ички иштер министрлиги иликтеп жатканын, демек Кенжесариев кызматынан кетиши керектигин, кечээ НТС телеканалынын “ТВ Кайгуул” көрсөтүүсүнөн кеткен тасмада Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринин начальниги кол алдындагыларга катуу эскертип: “Эй, болгону 35 эле сутенерша бар, мага өчөшкөнсүп кайра-кайра кармайсыңар. Эй, мен канча айтам, ошолорго тийбей эле койгула!” деп опурулганын маалымдап, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып: ”Урматтуу министр! Бишкекти сойкулуктан ушинтип тазалайсыздарбы? Эгер андай эмес десеңиз, сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды коркуткан кызматкериңизге тезинен чара көрүңүз. Болбосо эл бул мандемдүү иштин артында сизди турат деп ойлошот”, деп билдирди.

“Эркин тоо” гезити аркылуу акын Карбалас Бакиров акын Керимбек Кадыракуновдун талантуу ырлары тууралуу жакшы пикирин жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити кыргыз-өзбек мамилесине арналган журналист, акын Турдукан Ибрагим кызынын “Эки элдин талаша турганы сый эле” деген, журналист Болотбек Таштаналиевдин “Апрель баатырлары референдумду колдошот, мародерлор жазасын алууну талап кылышат” деген макаласын, ушул эле автордун “Казалы кыргыздары” деген баянын, журналист Айчүрөк Макешованын “Сексен жаш–өмүр сереси” деген макаласын окуйсуздар.