“Батукаевди кое бергенде коргоп жүрүшкөн”

Азимбек Бекназаров.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезитине маек курган саясатчы Азимбек Бекназаров сепаратист Кадыржан Батыров, ошол кездеги жагдай тууралуу кеп кылып, Батыров Бакиевдер менен Данияр Үсөновго окшоп өзү эле качып кеткенин, ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча Текебаев экөө талкуулашканын Кулов айтканын, анан Текебаевге жолугуп “эмне каршы болуп жатасың?” десе тайсалдаганын, көрсө Текебаевди кошпой коюшса ошого чычалап жатканын, бүгүн мамлекеттик саясат көчөдөгү ажаан катындардын жолуна түшүп кеткенин, Батукаевди кое бергенде Салянова экөө коргоп эле жүрүшкөнүн, өзү болсо же Атамбаевге, же Текебаевге, же Отунбаевага болушарын биле албай уялып турганын, Текебаевге жакында эле жолугуп “токтоо болбойсуңбу?” десе, “мага кылмыш ишин козгогону жатпайбы” деп айтканын, Атамбаев Азимбектин өзүн деле “кузгун”, “динозавр” деп жүргөнүн, бирок анысына капа болбогонун, Кыргызстан оңолуш үчүн ар бир адамдын жан дүйнөсүндө революция болгондо гана жакшы жагына өзгөрөрүбүздү айтты.

“ПолитКлиника” гезити ошондой эле Бишкекте диний билим берген бала бакчалар көбөйгөнүн, бирок бири дагы Билим берүү министрлиги тарабынан лицензия албаганын жазып: “Бул мыйзамдуубу? Буларды ким көзөмөлгө алат? Бала бакчанын баасы 6 миң сом. Баланы ага киргизүү үчүн дагы 3 миң сом кошуп бересиң. Кенедей балдар, алтургай жаңыдан тили чыгып келаткан балдарга беш маал намаз окуганды үйрөтүшөт. Мындай балдардан келечекте кимдер чыгат? Мээсине бир гана дин окуусунан башка сиңбеген балдарды эс тартып калган кезде радикалдык диний жанкечти уюмдар өз кызыкчылыктарына пайдаланбастыгына, дал ушундай уюмдар үчүн тымызын даярдалып жаткан “база” болуп бербестигине ким кепилдик бере алат? Билим берүү министрлигиби же өлкөнүн күч органдарыбы? “ деген суроону койду журналист Кымбат Турдубекова.

“Азия ньюс” гезити “Усубалиевдин “Волгасын” ырымдап, Икрамга алып бергем” деген ат менен Туйгуналы Абдраимовдун маегин басты. Саясый серепчи, белгилүү журналист Сабыр Муканбетов азыр күчтүү оппозиция жоктугун, Текебаевди колдоп аткандардын көбү аны жакшы көргөндүктөн эмес, Атамбаевди жаман көргөндүктөн улам колдоп жатканын, экөөнүн “алым-сабагы” жаман болгон менен эл көп нерсени ачык билип алганын, эки тарап тең тазаланышы зарылдыгын айтты. Сабыр Муканбетов андан ары президент ооруп калганда ар кандай тескери сөздөрдү токтотуп, кыргыздын эзелтен берки ыйык, мыкты, ата салтына ылайык анын сакайып кетишин каалап, ден соолук тилегенин унутпаганын, бир гана Максим Бакиевге “арзуусу” канбаган Бегалы Наргозуев менен ар кимдин айдактоосунан улам багытын жоготуп салган Адилет Айтикеевге окшогон эки-үчөө гана Атамбаевге кайта-кайта асылып туруп алышканын, эми президент аман-эсен сакайып келсе саясый туруктуулук сакталарын, ал эми КТРК, НТС каналы мындан үч жыл мурда жасатып, пайдаланып туруп ыргытып жиберген Абдулла Юсупов деген соттолгон адамдын монологун көрсөтүү менен эски атын кайра кайтарып алганын, кезинде Кубат Оторбаев дагы, Султан Жумагулов дагы мындайга жол беришпегенин, муну менен КТРК өзүнө эле эмес, Атамбаевдин кадырына шек келтиргенин, Байкоочу Кеңеш бул маселени карап, чечим чыгарбаса уят болорун кеп кылды.

“Азия ньюс” ошондойле “Генерал Дүйшөбаев кантип олигархка айланган” деген ат менен анын жер тилкелерин, коммерциялык багыттагы имараттарын жана тамдарынын сүрөттөрүн, тизмелерин жарыя кылды. Аталган гезит “Бакирдин Субанбеков кичи мекенине сүйүнүч тартуулады” деген, “Азыркы Конституциянын көзгө көрүнгөн да көрүнбөгөн да кемчиликтери бар” деген макалалар, “Мелис Арып-Бек жайсаңчылардын кол жоолугу” деген ой-пикирлердин топтому жарык көрдү.

“Асман плюс” гезити аркылуу төлгө салган Света Тойгонбаеванын төлгө ташы жалаң саясатчылардын жакын арада боло турган тагдыры жөнүндө сүйлөдү. Айтылуу композитор, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевдин “Бардык нерсе тарбиядан” деген, саясатчы Равшан Жээнбековдун “Олигархиялык парламент тарашы керек” деген маектерин, жазуучулар Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асман, Асман-Манас” деген, Чынара Калыбекованын “Соң-Көл чүрөгү баяны” деген баяндарын, манасчы актриса Ширин Сарыгулованын “Кыргыз болуп жаралганыма сүйүнөм” деген маегин окурмандарга тартуулады.