Борбор Азияны ынтымак гана бекемдейт

Ислам Каримов менен Алмазбек Атамбаев.

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Тынчтык Алтымышевдин “Эрегишкенден эл утпайт!” деген макаласы менен ачып, автор Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп жылдан берки сууп калган мамилени, эки өлкөнүн бийлигинин бирин-бири сүйбөй, ГЭСке байланыштуу өзбек тарап каршы оюн билдирип келатканын кеп кылып, өткөн-кеткендерди эске салуу менен президент Атамбаев менен Каримовдун маңдай-тескей олтуруп мамилеге келиши кубаттай турган көрүнүш болгонун, эгер кыргыз президенти Каримовдун буга чейин айткан-дегендерин кектеп, өзүнө жараша мамиле кылгысы келип жыйынга барбай койсо деле жыйын өтмөгүн, андан эл аралык абал деле өзгөрүп кетпестигин, бирок ортодогу 300 чакырымдан ашуун такталбаган чегараны, анклавдардын көйгөйүн, Ферганадагы саясый-социалдык абалды, экстремизм, террорчулуктун күчөп турганын эске алганда, эзелтен коңшу жашаган, дини бир, тили жакын эки элдин бири-бирине кыянаттыгы жоктугун, андыктан айрыкча коңшулаш мамлекеттер ынтымак менен гана күчтүү болорун билгизип, Атамбаевдин Каримовду карай дипломатиялык кадам таштаганы колдоого ала турган жакшы иш болгонун жазып чыкты.

Тынчтык Алтымышевдин дагы бир “Паспорттун улут графасы саясатпы же чындап кыянатпы?” деген макаласы “Улут деген кагазда эмес, жүрөктө болгону жетиштүүбү?” деген, “Графанын кимге зыяны бар?” деген жана “Кыянатчылык болушу мүмкүнбү?” деген суроолордон турду. Жазуучу Нуралы Капаровдун “Мен билген Салижан Жигитов” аттуу макаласы сандан санга жарыялана баштады. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетов маек куруп, азыркы замандын көйгөйлөрүн китеп кылып жазып жатканын айтты.

“Эркин Тоо” гезити бир катар официалдуу маалыматтарды таратты. Гезит кызматкери, акын жана журналист Айша Алиеванын “Агайыбыз асыл жан эле” деген макаласында гезиттин бир кездеги башкы редактору, өмүрдөн эрте кеткен маркум Эсенбай Калдаровдун жасап кеткен жакшы эмгектерин эскерген макаласы окурмандарга тартууланды.

“Кыргыз туусу” гезити да Ташкен саммити тууралуу кенен кеп кылды. Гезиттин өз кабарчысы Козубек Иманкулов “Баатыр жоокердин сөөгү үйүнө кайтты” деген макаласында таластык жоокер Мендеш Өмүралиевдин сөөгү өз айылына алынып келип жерге берилгенин баяндады. Ушул эле сандан Нарынкүл Назаралаиеванын “Таразадан алдаганың арам” деген, Медетбек Шатмановдун “Маданият башчысынын “маданияты” деген, Назира Алиеванын “Бир устаттын 17 шакирти” деген, Жайыл Руслановдун “Болсо да жакшы, болбосо андан жакшы” деген, Болотбек Таштаналиевдин “Жерден жарака кетсе” деген, жазуучу Бактыбек Максүтовдун “Улутум кыргыз, урааным Манас” аттуу макалаларын окуйсуздар.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер клиникасында бүгүн 21 дарыгер иштерин, килиниканы тажрыйбалуу врач Базаркул Дүйшөналиев жетектерин “Бириккен кыргыз коомунун" президенти Барно Эшматова жазып берди. “Кыргыз туусу” гезитине ошондой эле Кыргызстандын курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Махмуд Султанмуратов Курортология институтунун дарылоодогу өзгөчөлүктөрү туурасында кеп салды.

“Вечерний Бишкек” гезити өткөн төртүнчү күнү Бишкектин 1-Май райондук соту Аламүдүн районунун мурдагы прокурору Кубанычбек Мамакеевди пара алгандыгы үчүн деп 12 жылга түрмөгө кескен өкүмүн чыгарганын Ольга Дядюченконун “Прокурорду көпкө кесишти” деген макаласынан окуйсуздар. Журналист Бермет Маликова “Жибек жолун кайрадан ачып жатып...” аттуу макаласында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте өзүнүн Улуттук өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуусу зарылдыгын белгилеп, бул боюнча эксперттер Муратбек Иманалиев менен Валентин Богатыревдун ойлорун укту. Кыргыз сүрөтчүсү Азамат Жаналиев улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун буга дейре эчким жасабаган портретин жалаң мыктан жасаганын, ага үч килограмм мык кеткенин, портреттин бийиктиги 2 жарым метр, туурасы 1 метр 25 сантиметр болгонун, эки күн мурда бул сүрөт аукционго коюлуп, 88 миң сомго сатылып кеткенин маалымдады.