13-мектепке директор болуш үчүн 50 миң доллар бериш керекпи?

Мектеп.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Көк асаба” гезити “Кыргыз мамлекетин түптөгөндөр жана күчтөгөндөр” деген теманын алдында Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев тууралуу Атыргүл Абдыраева даярдаган макаланы окурмандарга тартуулады. Макалада кыргыз мамлекетин курган ушул адамдардын, деги эле байыркы ата-бабалардын эл-журт деп төккөн канын, кыйган жанын, коргоп-сактап берген жерин кийинки бийликке келгендер мураска калган ошол эл менен жерди, мамлекетти күчтөндүрүүнүн ордуна байлыкка, бийликке азгырылып, өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыктары үчүн иштеп калганын жазды. Аттары аталган адамдардын ар биринин ошол кездеги аң-сезиминин тунуктугуна, тазалыгына, бардык аракеттерин элдин, жердин кызыкчылыгы үчүн жумшап, акырында жалган жалаа менен атылып кеткенин кенен кеп кылды.

Ушул эле гезитке Улуттук календарды түзүп чыгуу боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү Бердибек Жумабаевдин “Улуттук календарды иштеп чыгуу боюнча бел байладык” деген маеги басылды. Жогорку Кеңештин аппаратынын бөлүм башчысынын орунбасары Каныбек Шакировдун “Токтогул бабам 5 - 6 миң адамды кыргындан сактап калган” деген маегинде Жумгалдан чыккан Токтогул Орозой уулунун кыйындыгынан улам Ак-Суунун эли үркүндөн аман сакталып калганын эскерди. Салтанат Кыдырмаеванын макаласы “Кыргыз эл мугалими–Кусеин Исаев” деген ат менен жарык көрдү. Кыргыз эл акыны, маркум Тенти Адышеванын “Кылы үзүлгөн комузум” аттуу китебинен үзүндү сандан санга жарыяланууда. “Жаштар поэзиясы” деген рубриканын алдында жаш акындар Турсунай Калмурат кызынын, Бакыт Төрөгелди уулунун, Умар Нусувалиевдин жана Тима Маденовдун жазган ырлары тартууланды.

“Көк асаба” гезити ошондой эле “Аталардан калган мурас” аттуу жыйнак жана жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” аттуу китеби жарыкка чыкканын жар салды. Бул китептерге кызыккандарга чала турган телефондору да бар. Кундуз Шабданбекова даярдаган бет “Жайкы ысыктан кантип коргонуу керек?” деген ат менен пайдалуу кеңештерди берди.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Медведевге орден” деген баштема менен ачты.

Бул санга адегенде эле “Башы жок мектеп” деген макала басылды. Макалада номуру 13-гимназиянын директорлук орду үчүн жарыяланган сынак чырдуу билдирүүлөр менен аяктаганын, Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын коллегиясы борбор шаардын эң күчтүү мектебинин бирине директор шайлай албай койгонун, комиссиянын чечимине нааразы болгон окуучулардын ата-энелери директорду мектептин мугалимдер коллективинин ичинен дайындоо талабын коюп чыкканын кабарлады. Бирок коомчулуктун ичинде мындай мектептин директорунун майлуу-сүттүү орунуна өз кишилерин коюш үчүн өтө чоң кишилер кызыкдар экен деген сөз жүрүп жатканын, маселен 13-мектепке директор болуш үчүн жок эле дегенде 50 миң доллар бериш керек деген имиштер аркы-терки “чапкылап” жүргөнүн журналист Азамат Касыбеков жазды.

Энелерди жана балдарды коргоо боюнча Улуттук борбордо ушул жуманын башында тарыхый окуя болуп өткөнүн, борбордун директору, профессор Узакбаевдин айтуусунда, Борборго замандын акыркы үлгүсүндөгү эң мыкты делген нейрохирургиялык операция жасай турган медициналык жабдуу орнотулганын, аны дүйнөдөгү эң эле колу жеңил, күчтүү деген нейрохирург, Ганновердеги Эл аралык неврология институтунун негиздөөчүсү жана президенти, профессор Маджид Сами тартуу кылганын Кыргыз эл баатыры, академик Миталип Мамытов кубануу менен билдиргенин, эми 11-июндан тартып дүйнөлүк аты бар нейрохирург Маджид Саминин жетекчилигги менен операцияга өтө муктаж болуп турган оорулуу балдарга операция жасаларын жазып чыкты.

Борбор шаардын ичин көп кабаттуу тамдарын, май куйгуч жайлардын, кафе-ресторандардын курулушу каптаган сайын жашыл чөптүү аянттар, бак-дарактар барган сайын азайып, жок болуп баратканын жана шаар ичиндеги башка маселелер тууралуу жазып чыккан журналисттер Зинаида Сорокина менен Айжан Мамбеталиева даярдаган макалаларды да “Вечерний Бишкек” гезитинин бүгүнкү санынан окуйсуздар.